Бул боюнча кошумча иликтеп жаткан өкмөттүк комиссия ишти аягына чыгара элек. Кыргыз өкмөтү учурда Жогорку Нарын каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн инвестор издөө уланып жатканын маалымдоодо.
Чыгаша ашыкча көрсөтүлгөн
Жогорку Нарын каскадынын курулушун иликтеген депутаттык комиссия “РусГидро” ишканасы курулушка кеткен чыгымдарды эки эсе көбөйтүп салган деп айыптоодо. Бул тууралуу аталган комиссиянын демилгечиси жана жетекчиси Алманбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди:
- Иликтөө учурунда “РусГидро” жасаган иштеринин баасын эки эсе көтөрүп көрсөткөнү анык болду. Мисалы, жумушчулар үчүн курулган темир контейнер үйлөрдүн бир чарчы метри 1300 доллардан саналган. Жылыткычтар базарда 7 миң сомдон турса, алар 36 миң сом деп көрсөтүшкөн. Он чакырым жолго 7 млн. сом кетти дегени да туура эмес. “РусГидронун” бир ортомчу ишканасы келип, бул жерде башкы өнөктөштөрдүн бири болуп алган. Ал өзүнүн ортомчулук кызматы үчүн эле 146 млн. сом алган. Мындай мисалдар айта берсе көп.
Алманбет Шыкмаматов мындан кийин ишти көз карандысыз аудиторлор текшерип, Башкы прокуратура буга укуктук баа берсе, ага жараша, кылмыш жоопкерчилиги козголууга тийиштигин айтат.
Кыргызстан менен Орусиянын 2012-жылы кол коюлган эки тараптуу келишимине ылайык, төрт-беш жыл аралыгында Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке киргизилмек. Ага чейин Жогорку Нарын каскады толук курулуп бүтмөк. Жогорку Нарын каскадын курууну Орусиянын “РусГидро” компаниясы алып, Жогорку Нарында ГЭСтерди куруу боюнча анча-мынча даярдык көргөн. Төрт чакан жана орто ГЭСти куруу 627 млн. долларга бааланган. Анын ичинен “РусГидро” эки жыл ичинде Нарында контейнерден жумушчулардын жатаканасын куруп, андагы он чакырымга жакын таш жолду сүздүрүү менен чектелген.
Акыркы жылдары Орусияда кризис күчөп, Москва келишимди аткарууну ар кандай себептер менен создуктурууга өткөндүктөн, өткөн жылдын аягында кыргыз өкмөтү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу жана эксплуатациялоо боюнча Орусия менен келишимди деносациялоо жөнүндө токтом кабыл алды. 20-январда болсо бул келишимди Жогорку Кеңеш денонсациялап, кийинки эле күнү президент ал жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.
Бул депутаттык комиссия Кыргызстандагы ири инвестициялык долбоорлордон чоң уурулар пайда болорун ачыкка чыгарды.
Кыргызстан ушинтип, эки тараптуу келишимден чыккандан кийин Орусия Жогорку Нарын каскадындагы жумушчулар шаарчасынын курулушуна 37 млн доллар сарпталганын билдирген. Буга макул болбогон Жогорку Кеңеш менен катар кыргыз өкмөтү да өзүнчө комиссия түзгөн. Экономика министрлигинен алынган маалымат боюнча аталган комиссия иликтөөнү улантууда.
Депутаттык комиссиянын жыйынтыгы коомчулукка жарыяланды. Ал эми парламентте күзүндө каралмакчы. КСДП фракциясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков депутаттык комиссиянын иши үстүртөн болуп калган деп баалады. Анын айтуусунда “РусГидро” менен кошо иштешкен кыргызстандык аткаминерлердин ишин да иликтөө керек:
- Ал жерде иштеген башкармалыктын курамында кыргыз бийлигинин да өкүлдөрү болгон. Ошолордун ишин да иликтөө керек эле. Алардын шалаакылыгын да кошо карашыбыз керек. Бул депутаттык комиссия Кыргызстандагы ири инвестициялык долбоорлордон чоң уурулар пайда болорун ачыкка чыгарды. Буга Кумтөр алтын кениндеги жеп-ичүүлөрдү да кошуп айтып кетсек болот.
ГЭСке кызыккан инвестор жок
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна коңшулаш Өзбекстан башынан каршы пикирин билдирген. Кийинчерээк Орусия Кыргызстандагы суу-энергетикалык долбоорлорду аягына чыгаргысы келбегени анык болгон соң, 2015-жылкы Париж саммитинде президент Алмазбек Атамбаев суу-энергетикалык долбоорлор абанын булгануусунун алдын аларын бекемдеп, бул долбоорлорду ишке ашырууга дүйнөлүк коомчулукту чакырган эле. Бирок азырынча Жогорку Нарын каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоону каалаган инвесторлор чыга элек.
Айрым пикирлер боюнча инвесторлор үчүн ГЭСке салынуучу акчасын актоо оңойго турбайт. Анткени, 1 КвТ электр энергиясы үчүн тыйын төлөп көнүп калган эл бааны 7-8 сомго чыгарылганын көтөрө албайт. Экинчи бир пикирлер боюнча, Кыргызстандагы коррупция инвесторлорду качырган бирден-бир себеп. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” билдирди:
- Кыргызстандын энергетикалык мүмкүнчүлүгү эл аралык коомчулукта кеңири белгилүү. Бирок ошол эле учурда кыргыз бийлигинин коррупцияланып кеткени да ачык маалым. Эгерде мамлекетте сот реформасы, укук коргоо органдарынын, билим реформалары жүрбөй турган болсо, мамлекетте ачык-айкын, эффективдүү башкаруу болбой турган болсо, Батыштан жакшы компаниялар Кыргызстанга эч убакта келбейт.
Жогорку Нарын каскадынын курулушун колуна алган “РусГидро” компаниясынын мурдагы башчысы Евгений Додду өткөн аптада орус бийлиги ири өлчөмдөгү мамлекет акчасын жымырып алган деген айып менен камакка алды. Орусиянын тергөө комитети ага “РусГидро” мамлекеттик компаниясын жетектеген учурда ири өлчөмдөгү акчаны башкы эсепчинин жардамы менен өзүнө ыйгарып алган деген айып коюуда.