Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Улут адабиятынын зор тиреги элең


Тилек Мураталиев.
Тилек Мураталиев.

Тилек Мураталиевдин капилеттен каза табышы кыргыз жазуучуларына аябай оор тийди.

Мамлекеттин колдоо-жөлөгүнөн ажырап калган улуттук адабиятты колунан жөлөп тургузуп, чыкпай калган журналдарын чыгарып, жазуучуларга материалдык жардам жасап келаткан берешен жигиттин жүрөгүнүн токтоп калышы аны билгендерди катуу кайгыга салды.

Жашоо-өмүр дегендин өзү ушундай экен. Бир көрүп ошону менен тээ бала кезиңен берки тааныштай жакын болуп калган адамың бу жалганды таштап кеткенин укканыңда заманаң куурулуп, айлаңды таппай калат экенсиң.

“Турар” басма үйүн негиздеген, кыргыз адабияты, кыргыз дегенди укканда эч нерсесин аябаган март, жакшылык ишти жаамы журтка шардана кылбай жасаган Тилек Турар уулу Мураталиевдин ажалга моюн сунганы мени ошондой абалга калтырды.

Тилектин турум-турпаты белгилүү ишкерге караганда өз алдынча жашаган өзгөчөлүү шедерврлерди жараткан сүрөтчүгө жакын болчу. Тармал узун чачтары, анан да сүйлөшүп аткан адамына чын дилден чечилген пейили кимди да болсо өзүнө тартпай койчу эмес. Кысталыш чакта ишкердикке кирип, андан да катардагы орто эмес, эң алдыңкылардын катарына суурулуп чыгышы анын кимдигин кашкайтып көрсөтүп туру го.

Кээде мага калам кармаган кыргыздын, кыргыз эле эмес “чымындуулардын” текши баары Тилектин жакшы таанышындай, досундай, агасындай, инисиндей, эжесиндей, карындашындай сезиле берет. Кайсы бир калемгердин колунан чыккан мыкты чыгарманы кыргыз окурманына жеткирүүнү ал пенделик парзы катары эсептечү. Ортодогу тыйын-тыпыр андайда анчалык деле мааниге ээ болчу эмес.

Айтылуу акын жана журналист Нуралы Капаровдун эскерүүсү:

Жука китептерден баштап калың китептерге чейин чыгарат экен. Анан “Ала-Тоо” журналын өзүнүн эсебинен чыгарып берип атпайбы. Эч кандай пайда таппайт. Бирок кыргыз маданиятында, адабиятында бир журнал чыгып турсун деп ошону акысыз чыгарды.
Нуралы Капаров.

«“Бишкек таймс” гезитин чыгарып жатканда билип калдым. Гезит чыгара албай кыйналып турганда Бишкектен чыгып аткан республиканын гезиттерине аябай чоң камкордук көрсөткөн. Бишкектен чыкчу гезиттерди ошол 90-жылдардан баштап 2000-жылдарга чейин кагаз менен камсыз кылды. Кийин мен “Досума кат” деген китеп чыгардым. Тилек менен ошондо жакшы тааныштым. Кагаз ташууну токтотуп чоң басма үйүн ачыптыр.

Жука китептерден баштап калың китептерге чейин чыгарат экен. Анан “Ала-Тоо” журналын өзүнүн эсебинен чыгарып берип атпайбы. Эч кандай пайда таппайт. Бирок кыргыз маданиятында, адабиятында бир журнал чыгып турсун деп ошону акысыз чыгарды. Экөөбүз сүйлөшүп атып балким гезитти - “Кыргызстан маданиятын” чыгарбайлыбы деп сүйлөшүп жатканбыз. “Анан макул, ылайыгын табалы” деп, кыргыз жазуучуларынын адабий гезити менен журналын чыгаруу идеясына келе жаткан. Ушул жагынан алып караганда ал бийик адамгерчиликтеги, гуманист, анан да сүйлөшө келгенде аябай билимдүү экенин байкадым. Көп нерсени окуган түшүнгөн, адабиятты, саясатты түшүнөт экен. Өзү кызылдай акча куубаган, элдин турмушун, улуттун маданиятын, адабиятын көтөргөн патриот жигиттердин бири эле. Анан төбөсү көрүнгөн кишилердин кыйналып турганын көрүп, китебин чыгара албай же бир нерсеге колу жетпей жатса ошого жардамдашып, андан пайда көрөйүн дебей, чыгымга туш келсе да макул деп жасайт экен. Мурдагы кыргыз гезиттерин чыгарууда Тилектин эмгеги аябай чоң болгон. Кагаздын баасы Кыргызстанда асманга чыгып кетпедиби. Биз алдакачан эле жок болмокпуз. “Учкундун” өзүнөн кагаз сатып албай калганбыз, анын баасы аябай кымбаттап кеткен. Анда "Турар" фирмасы деп койчубуз. Ошол фирманын кагазын алып канча жыл гезит чыгардык. Көп жыл чыгарбадыкпы. Гезит деген коомдук пикирди түзөт. Ал жагынан алганда, Тилектин жардамы, жасаган эмгеги аябай чоң болбодубу. Анан көкүрөгүн какпаган, мактанбаган, акчасына көппөгөн, байлыгына чиренбеген карапайым, жөнөкөй жигит экен. Кайсы жакка чакырба адамгерчиликти сактап барып, “баланча байкеге барбаса болбойт” деп, анан жазуучулардын акывалын көрүп жардам берип жүрдү, аны Жазуучулар союзундагылар жакшы билишет».

Ошондой азамат, кыргыз адабиятынын жаңы замандагы тирөөчү, калемгерлердин үмүт туткан ишенимдүү адамы минтип кысталыш чакта жалган дүйнөнү таштап кетип жатпайбы. Кайран Тилек, баарын таштап, актыкка моюн сунуп кете бердиң...

Бу балакеттүү карантинге чейин жумушка жөө барчумун. Чоң көчө менен төмөн кетип баратканда кээде Тилекке жолугуп калам. Калың кийинип өрдү көздөй ыкчам басып келаткан болот. Мен төмөн, Тилек жогору жакка баратканыбыз, көбүнесе “Ак кеме” мейманканасынын тушунан жолукчубуз. Күн сайын Байтиктин Басбөлтөгүнө чейин жөө басып, алышкан оорудан арылуунун амалын кылып жатканын билчүмүн. Өзү ачылбайт, тамашага салып, бир жолугуп чер жазыша сүйлөшүп отурууну ойлоп жүргөнүн айтат. Андай жолугушуулардын биринде экөөбүз Тыныстанов көчөсүндөгү күндүз адамдар сейрек келчү чакан кафеде узакка чейин сүйлөшүп отурганбыз. Келинчеги келген, сөзүбүз түгөнбөй, көбүнесе адабияттын кеп салганбыз.

Мен Тилектин кесиби адабиятчы го деп ойлочумун. Кыргыз университетин география адистиги боюнча аяктап, мугалим болуп, эгемендиктин алгачкы жылдары айласыздан ишкердикке киришип калганын кийин уктум.

Адабият улуттун өзүн-өзү таануусу, башкаларга көрсөтчү табериги, тирүүсүндө көп бааланбай жүргөн жазармандардын аракетинен жаралган керемет дүйнө маалы келгенде ачыларын, арыз-арманга толгон кеп ошондо башталарын ал жакшы билчү. Сөз өнөрүн элге жайылтуунун бир өңүтүн чоюп жатканына ал өзү ыраазы болчу. Тапкан кайсы бир кирешеси эмес, улуу ишке кол кабыш кылып жатканына, улут адабиятынын учугун улап жатканына ыраазы болчу. Экөөбүздүн адабият тууралуу узун сөзүбүз ошол жөнүндө эле, кездешкен жерде кайдан табылат билбейм, бутубуз талыганча тике туруп канча сүйлөштүк, ал сөздөр Тилектен калчу эстелик экени анда эсте жок...

Тилектин атасынын атына койгон басма үйүн биринчи ирет жаңы автовокзалдан араакта, “Кыргызфильм” киностудиясына жакын үстү шыйпыр менен жабылган сырты акталган жер үйүн мурда эле көргөм. Алгач айтылуу акын Турар Кожомбердиевдин атын койгонбу деп ойлогом. Кыргызстан эгемендикке жетишип, сөз эркиндигине кенен-кесир жол ачылгандан кийин башкалаада жайнаган басмалар чыкпадыбы. Алардын арасынан жүрө-жүрө ири басылмалар бөлүнүп, башында чыккан сүрмө топ ажырымдай баштады.

Тилек Мураталиевдин “Турар” басмасы “Манас” баштаган эл оозеки, кыргыз, орус, дүйнөлүк жазуучуларынын китептерин чыгарып, Кыргызстандын атынан абройлуу эл аралык көргөзмөлөргө катышты, саналуу бренд катары элге таанылды. Андан да бийик атакка ал “Ала-Тоо” менен “Литературный Кыргызстан” журналдарын чыгарып, анда иштегендерге маяна төлөө аркылуу жетишти. Кадимки “Манаста” айткандай, өчкөн отту тамызып, өлгөн жанды тирилтип, үшкүрүнгөн үмүттү жандырды, жаңы заманда айласын таппай туруп калган жазуучуларга дем-шык берип, кысталыш чакта колдоп кетти. Бул өзгөчө мактоого арзый турган гөзөл иш. “Жаңы Ала-Тоо”, кадимки “Ала-Тоонун” кайрадан чыгышы бир кылымга жакын тарыхы бар улут адабиятынын жалыны дагы эле өчө электигин, заман алмашканы менен нукура көркөм сөз баштагы калыбында ыраатынан жазбай келатканын көрсөттү.

Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировдун эскерүүсү:

«Тилек кыргыз маданиятына, адабиятына, өзгөчө китеп басуу ишине зор салым кошкон кыргыздын мыкты жигиттеринин бири эле. “Турар” басмасын ачып кыргыз жазуучуларынын китептерин чыгарды, биринчилерин акысыз, кийинкилерин насыя түрүндө чыгарып, совет бийлигинен калган басмаканалар талкаланып калгандан кийинки постсоветтик эң ири кыргыз китеп басмасын уюштурган. Бул иште ал алдыда турчу, басма ишине ири салым кошкон жигиттердин бири эле. Маданиятка өзгөчө эмгек сиңирген ишмер. Дагы бир жагы, Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун катчысы болуп шайланып, “Ала-Тоо” журналын өз эсебинен чыгарып турууга салым кошкон азамат. Ушундай бир мыкты жигиттен айрылып калдык. Арты кайырлуу болсун. Ал негиздеп кеткен “Турар” басмасы кыргыз адабиятын чыгаруу ишин уланта берет деген үмүтүм бар. Анткени анын ата-бабасы кыргызга чоң кызмат кылган улуу кишилер болгон».

Тилек мына ушул түйшүгү түмөн жумуштун ысык-суугуна кайыл болуп, кыргыз жазуучуларына колунан келген жардамын көрсөтүп, көркөм сөз ээлеринин ийгилигине кубанып, кемчилигин билгизбей, келечектүү ишти жакшы жолго коюп алган кезинде алышкан оору аны акыры алып тынды.

Ал шартын түзүп койгон “Жаңы Ала-Тоо” журналында өмүрүнүн соңку жылдарында Алым Токтомушев иштеди. Улуттук көркөм сөзгө өзгөчө жоопкерчилик менен караган Алыкең журналга жаңыдан жазып жүргөн авторлордон тарта дүйнөлүк классикалык адабият үлгүлөрүнө чейин эрикпей чогултуп, иргеп жарыялап, адабий басылманын барк-баасын аябай бийик көтөрүп кетти. Арман дүйнө экен, Алыкең бул жалганды таштагандан көп өтпөй артынан кандай текст жазса анысын ырга айлантып ийген, көкүрөк менен сезчүнүн баары “бали” деп ыраазы болчудай кара сөздөн ыр курап салчу Жолдошбек Зарлыкбеков актыкка моюн сунганда Тилек маркумду жоктоп аткандардын бир-экөөнүн оозунан чыккан “Жокемдин кол жазмасы китеп болуп чыкпай калды” деген арман сөзүнө жооп кылып, “кол жазмасын алып келсе чыгармакмын” деп айтканы эсимде. Жокемди ал аябай жакшы көрөрүн ошондо билдим. Тилек үчүн чоңбу-кичинеби, атактуубу-андайга жете элекпи – баары бир болчу. Кыргыз көркөм сөз дүйнөсүнө мынчалык көңүл бурган, ал үчүн акча-тыйынын аябаган, анан да андай ишин эч кимге саласал кылбай, аткарчусун унчукпай жасап койчу азамат эле.

Китеп дүйнөсү калам кармаган өнөрлүү пенде баласынын көбүнө жакын, ошол эле учурда колго кармалбас алыс материя. Айрымдар китеп жазсам эле элдин баары анымды талап кетип, алеки саатта дүйнөгө таанымал болуп калам деп ойлошот. Китеп жазуу, чыгаруу жумуштары жеңилдегени менен, окурман табуу, китепти сатып өткөрүү кыргыз сындуу аз калктарда олуттуу проблемага айланууда. Ошон үчүн китептердин нускасы ашып барса миңдин тегерегинде. Тилек андай тобокелдиктердин тобу турса да, кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын ыгым-чыгымына карабай кооз, сапаты мыкты чыгышына аракет кылып келди.

Кыргыз элинин артында кайсы бир саясатчынын же байдын жорук-жосуну эмес, нукура көркөм дөөлөт каларын ойлоп, бул ишке болгон мүмкүнчүлүк аракетин жумшап, элинин эсинде, калемгерлердин жадында каларлык чоң эмгек калтырып кетти. Анын мүчөл жашына жетпей артында калтырган эстелиги ушул болуп калды окшойт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG