Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

"Тоокту да соё алчу эмес". Москвадагы кол салууга шектүүлөрдүн жакындары эмне дешет?


Мухаммадсобир Файзов
Мухаммадсобир Файзов

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 22-марттын кечинде "Крокус Сити Холл" борборундагы куралдуу кол салууга шек саналып 11 киши кармалганын билдирди. Алардын төртөө калабаны ишке ашырууга түздөн-түз катышы бар деген шек менен эки айга камалды.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик жана орус кызматтары камакка алынган төрт кишинин Тажикстандагы жакындары менен байланышып, социалдык тармактардагы баракчаларын иликтеп, алар тууралуу маалымат топтогон.

"Соңку үч айда акча жиберген эмес"

143 кишинин өмүрүн алган куралдуу кол салууга шек саналып камалгандардын бири 30 жаштагы Саидакрам Ражабализода (Муродали) Тажикстандын Вахдат шаарында туулуп-өскөн. Аялы Бибисоро Ашурованын айтымында, ал Орусияга акча тапканы быйыл жыл башында кеткен. Ошондон бери “бир да жолу байланышка чыккан эмес”.

“Агасына бир жолу чалып, аман-эсен экенин, иши жакшы жүрүшпөй жатканын, жакшы жумуш тапса эле чаларын айткан экен”, - деди аялы 26-мартта “Озоди” радиосуна.

Ал арада түрктөрдүн Hürriyet басылмасы укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып кабарлагандай, Саидакрам Ражабализода 5-январда Стамбулга барып, 2-мартта Фаридун Шамсиддин менен Орусияга учуп кеткен. “Крокус Сити Холл” борборуна кол салууга шек саналып жаткан Шамсиддин 23-марттагы суракта Орусияга Түркиядан барганын ырастаган.

24-мартта бийликчил Телеграм-каналдар анын кулагынын жартысын кесип салышканын көрсөткөн видеону жайылтышкан.

Тажикстандын бийлиги азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

Саидакрами Ражабализода
Саидакрами Ражабализода

Саидакрам Ражабализоданын атасы 2006-жылы дүйнөдөн кайткан. 25-мартта "Озоди" радиосунун журналисттери анын баш калаадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Вахдат шаарындагы үйүнө барышып, эч кимисин таба алышкан эмес. Апасын, аялын, бир туугандарын тартип коргоочулар Дүйшөмбүдө суракка алышканы маалым болду.

“Бизди алгач Вахдаттагы коопсуздук бөлүмүнө жеткиришти, кийин Дүйшөмбүгө алып барып, суракка алышты”, - деди 26-мартта Бибисоро Ашурова.

Орусияга кеткенге чейин Саидакрам Вахдаттагы эмерек жасаган фабрикада эмгектенген. Аялынын айтымында, ал “Опель” маркасындагы машине сатып алып, мекенинде эле акча табууну көздөп келген.

Айылдаштары жана туугандары журналисттерге айтып бергендей, Ражабализода динчил, намаз окуган жигит болгон. Атайын диний билим алган эмес.

“Орто мектепте 9-класска чейин билим алган. Андан кийин эч жерде окуган эмес. Кээде намаз окучу, кээде таштап койчу”, - дейт аялы. Экөө 2017-жылы үйлөнгөн. Бир жылдан кийин Саидакрам Орусияга миграцияга кетип, тогуз айдан кийин депортацияланып, беш жылга орус жергесине кирүү укугунан ажыраган.

Ражабализода 23-мартта кармалган. Басман райондук соту аны 22-майга чейин камоо чечимин чыгарды.

“Кармалганын билген эмеспиз. Жекшембиде айтышты бизге. Мунун баары ойлонуп табылган. Күйөөм тоок да соё алчу эмес. Эгер ал күнөөлүү болсо, мен билмекмин. Биз чогуу жети жыл жашадык”, - дейт Бибисоро Ашурова.

“Мухаммадсобир Файзов Кытайда окугусу келген”

“Крокус Сити Холл” борборундагы терактты ишке ашырууга шектелип кармалгандардын дагы бири - 19 жаштагы Мухаммадсобир Файзов. Анын апасы Сайрам Файзова баласына коюлуп жаткан айыптардын бирине да ишенбей турганын айтты. “Озодинин” журналисттери аны менен Рудаки районундагы үйүнөн жолугушкан.

“Бала чагында абдан боорукер, кичипейил бала болчу. Өтө шок эле, анткен менен мектептен эч ким арызданган эмес, ал жактагы бардык иш-чараларга активдүү катышчу. Жээндеринин баарын жакшы көрчү. Досторунун тойлоруна барып, бийлегенди аябай жактырчу”, - дейт апасы.

Файзованын айтымында, Тажикстандын укук коргоо органдары анын дагы бир уулун суракка алып кетишкен. Күйөөсү дагы Орусиянын Иваново шаарында эмгектенет. Аны менен үч күндөн бери байланыш жок.

“Милиция телефонубузду тартып алган, байланышууга мүмкүн болбой жатат”, - дейт Файзова.

Мухаммадсобир “ВКонтакте” социалдык түйүнүндөгү баракчасына жалаң позитивдүү сүрөттөрүн бөлүшүп келген. Жумуш үстүнөн, орус кардарлары менен түшкөн сүрөттөрү көп. Музыканын коштоосунда ар кандай кыска видеолорду жайгаштырып турган. Айрым орус маалымат каражаттары жазгандай, Мухаммадсобир спорт менен алектенип, Ивановодо кикбоксинг боюнча машыгууларга барып турган.

“Бир короодо төрт үй-бүлө турабыз. Мен жана үч уулум өз үй-бүлөлөрү менен. Жер алып, кеңейтүү пландарыбыз бар эле. Мухаммадсобирдин жээндеринин бири Кытайда окуйт, ошондуктан ал да Кытайга кетүүнү каалачу. Атасы бир аз акча чогултуп алууга кеңеш берген. Ошондой эле ал чет тилдерин үйрөнгүсү келчү. Тапкан акчасын бүт атасына жиберип турган. Атасынын уруксатысыз телефон да сатып алчу эмес. Соңку 2-3 жумада эмне болгонун билбейм”, - деди Сайрам Файзова.

Мухаммадсобир Файзов
Мухаммадсобир Файзов

19 жаштагы Мухаммадсобир Файзов Орусияда 23-мартта кармалган. Кармоо учурунда ал каршылык көрсөтүп, көзүнөн жараат алганы кабарланды. Коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү аны оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан жеринен суракка алышкан. Тергөөчүлөрдүн биринчи эле суроосуна “Мен эмне кылдым?” деп жооп берген. Сотко аны арабада, катетер тагылган оор абалда, дарыгерлердин коштоосунда алып келишкен.

Апасынын айтымында, уулу динчил эмес болчу, бата кылганды да жакшы билчү эмес.

“Уулум чымчыкты да таарынтып алуудан коркчу”, - деген эне баласын кимдир бирөө сатып кеткен болушу мүмкүн дейт. Файзова соңку ирет уулу менен кандуу окуядан бир күн мурда телефондон сүйлөшкөн. Баласы Ивановодогу чач тарачтагы айлыгына ыраазы болбой, Санкт-Петербургга барып жемиш сатууну көздөп жатканын айткан. Ал эми Иваново облусундагы Файзов иштеген My style чач тарачынын ээсинин айтымында, Мухаммадсобир жакшы мастер болгондуктан, кардары көп эле. Кийин ал иштен кеткенден кийин чач тарачка кардарлар келбей калган. Орусиянын атайын кызматтарына байланышы бар делген 112 Телеграм-каналы Файзов орус тилин башка шектүүлөргө караганда жакшыраак билерин жазды.

“Уулумдун жаш экенин эске алып, мекенине экстрадиция кылууну суранам. Балким, ал эмне кылып жатканын өзү деле түшүнгөн эмес. Бул окуя үчүн үй-бүлөбүз, туугандарыбыз, коңшуларыбыз жапа чегип жатышат”, - дейт Мухаммадсобирдин апасы.

Табышмактуу “Абдулла” ким?

“Свобода” радиосу жана “Система” иликтөө долбоору аныктагандай, Москвадагы куралдуу кол салууга шектелип кармалгандардын бири Шамсиддин Фаридуни социалдык тармактардагы баракчаларын “Абдулла” деген ысым менен жүргүзүп келген. Ал Телеграмдагы аккаунтуна 18-февралда кирген. Суракта Шамсиддин ушул социалдык түйүн аркылуу “динге үгүттөөчүнүн жардамчысы” 500 миң рублга терактты ишке ашырууну сунуштаганын айткан.

25-мартта а Телеграм-каналдар Фаридунинин Стамбулда түшкөн сүрөттөрүн жарыялашты. Ал сүрөттөрдү шектүү бир ай мурда Инстаграмына жарыялаганы белгилүү болду. Сегиз сүрөттүн алтоо Фатих мечитинин жанында түшүрүлгөн. Калаанын бул аймагы эң консервативдүү район болуп саналат. Суракта Фаридуни Түркиядан Орусияга 4-мартта келгенин айткан.

Шамсидин Фаридуни
Шамсидин Фаридуни

25-мартта, The New York Times басылмасынын журналисти Арик Толер X cоциалдык түйүнүнө жазгандай, Шамсиддин Фаридуни Инстаграмдагы баракчасында фамилиясын "Заргаров" деп белгилеген. "Озоди" радиосу бул анын эжесинин фамилиясы экенин аныктады.

“Свобода” радиосу Шамсиддин Фаридунинин “Одноклассники” жана “ВКонтакте” социалдык түйүндөрүндөгү аккаунттарын тапты. Алардын биринде Фаридуни өзүн "Абдулла Заргаров" деп тааныштырат. Туулган датасы катары 17-сентябрь, 1998-жыл белгиленген. Фаридуни суракта дагы ушул датаны айткан. Ал жактагы досторунун дээрлик баары кыздар.

Буга чейин “Озоди” радиосу Фаридуни ceксуалдык ыдык көрсөткөнү үчүн соттолуп, 2020-жылы түрмөдөн чыкканын жазган.

Шамсидин Фаридуни/"Абдулла Заргаров". "Одноклассники" социалдык тармагындагы баракчасынан алынган сүрөт.
Шамсидин Фаридуни/"Абдулла Заргаров". "Одноклассники" социалдык тармагындагы баракчасынан алынган сүрөт.

Ал эми “Вконтакте” социалдык түйүнүндө анын аты-жөнү "Абу-Абдулла Заргар" деп белгиленген.

Буга чейин шектүү катары кармалгандардын дагы бири Далержон Мирзоев суракта дал ушул “Абдулла” аттуу адам тууралуу көп айткан. Анын сөзүнө караганда, Абдулла "Крокус Сити Холл" борборуна барган “Рено” автоунаасын сатып алган.

Буга чейин “Важные истории” басылмасы кеп Орусиянын жана Тажикстандын жараны Абдулла Буриев жөнүндө болуп жаткан болушу мүмкүн деп, аны теракттын ыктымал уюштуруучусу катары атаган.

Иликтөөчүлөр концерттик залга кол салуу алдындагы Фаридунинин аракеттеринин хронологиясын тизмектешкен:

  • 18-февралда Шамсиддин Фаридуни Телеграмды соңку ирет колдонгон.
  • 23-февралда Фаридуни Стамбулдагы Фатих мечитинен жана мейманканадан сүрөт жарыялаган.
  • 2-мартта (Рейтердин булактарынын версиясы боюнча) же 4-мартта (шектүүнү өзүнүн айтымында) ал кол салуунун дагы бир катышуучусу менен Стамбулдан Москвага келет.
  • 22-мартта кандуу калаба уюштурулат.

Шектүүлөргө батирин ижарага берген Алишер Касимов

26-мартта Москванын Басман райондук соту "Крокус Сити Холл" борборундагы куралдуу кол салууга байланышы бар делген Орусиянын жараны, теги кыргызстандык Алишер Касимовду эки айга камады.

Тергөө комитети ырастагандай, ал Фаридуни жана башка шектүүлөргө батирин ижарага берген. Касимов өзү батиринде жашагандардын ниетин билбегенин айтууда.

Кремлге байланышы бар Brief Телеграм-каналынын булактары ал кимге батирин ижарага бергенин жакшы билгенин жазып жатышат.

Алишер Касимов.
Алишер Касимов.

Автоунаанын ээлери

Дүйшөмбүдө сот кол салууга байланышы бар делген дагы үч шектүүнү камоо чечимин чыгарды. Алардын арасында Диловар Исломов бар. Тергөөнүн версиясына караганда, ал кол салууга шектүүлөр айдап жүргөн ак түстөгү “Рено” автоунаасынын соңку ээси болгон. Исломовдун айтымында, ал автоунаасын аялынын агасына саткан жана кийин аны кимдер пайдаланганын билгенде нес болгон. Ал атасы Исроил жана агасы Аминжон менен биргеликте камалды.

Аминжон Исломов, Диловар Исломов жана Исроил Исломов.
Аминжон Исломов, Диловар Исломов жана Исроил Исломов.

22-март күнү кечинде Москвага жакын Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" борборундагы концерттик залда камуфляж кийген белгисиз адамдар туш келди аткылашкан. Көп өтпөй жарылуу болуп, өрт тутанган. Кандуу калабада кеминде 140тан ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Арасында үч бала бар. 180ден көп адам жабыркады. Айрымдарынын абалы оор.

23-мартта Федералдык коопсуздук кызматы кол салууну ишке ашыргандар Брянск облусунда колгон түшкөнүн билдирген. Калаба үчүн жоопкерчиликти "Ислам Мамлекети" экстремисттик тобунун "Ислам Мамлекети-Хорасан" тобу жоопкерчилик алып, кол салгандар өздөрү тарткан делген видеону жарыялады.

Орусиянын президенти Владимир Путин 25-марттагы жыйында кол салууга Украинаны тиешеси бар экенин кыйытты. Киев мындай дооматты дароо четке какты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG