Орусия башкалаасы Москвада июль айынын башында болгон кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан кийин мигранттарды текшерүү дагы деле тыйылбай, депортация кылуу күчөгөнү айтылууда. Бул маселе Жогорку Кеңеште да козголуп, мекендештерге жардам берүү маселеси көтөрүлдү.
Биз жакынкы он күндүн ичинде эле Орусиядан Кыргызстанга депортация болгон үч киши менен сүйлөштүк. Алардын баары тең документтеринде маселе чыкканын, ушундан улам мекенине кайтарылганын билдирип бирок ачык сүйлөп берүүгө макул болушкан жок. “Кузьминки” метросунда кыргыз-тажик жарандарынын мушташынан кийин күчөгөн текшерүү дагы деле токтотобой жатканын, депортация күчөгөнүн Москвадагы "Ноокат" коомунун төрагасы Толкунбек Акматов ырастады.
“Азыр белгилүү бир аймактарда текшерүү дагы деле болуп атат. Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарын катуу текшерип, документинде кичине эле мүчүлүштүк болсо депортация кылышууда. "Ноокат" коомунун жетекчинин орун басары да жакында эле кармалып чыкты. Ал полиция тыкыр текшерип жатканын өзү да айтып берди. Орус өкмөтү мигранттардын бармактарынын изин алып, сүрөткө тартып акырындан тактап атат. А бирок мен ушул ишке байланыштуу элчиликтин аракетин көрө элекмин. Алар өзүнчө эле бир мамлекет, мигранттар өздөрү менен өздөрү калды. Эл менен иштеген адам жок”.
Москвада 12-июлда “Кузьминки” метросунун жанында кыргызстандык жана тажикстандык ондогон мигрант калайман мушташка катышкан. Бул окуя боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматна караганда, мушташка тиешеси бар деп шек саналган 65 кыргызстандык камакта. Бул окуянын Орусияда жүргөн мигранттарга кесепети катуу эле тийгенин Москвадагы "Мекеним Ала-Тоо" уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева да айтып берди.
“Мигранттарды күнүгө кармап, депортация кылчусун депортация кылып, айып пул салчусуна айып салып жатышат. Депортация кылбаса да административдик айыптан экөө болсо кара тизмеге кирет деген сөздөр айтылып жатат. Бейбаш балдардын окуясынын залакасы тийип атат. Алар мушташкан видеолорун тартып аны элге таратып козутуп жиберишти. Аны көргөндөр куру намыска алдырып “алар чыкса биз да чыгабыз” деп ызы-чуу болушууда”.
22-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов да Орусиядан ондогон мигранттар депортация болуп жатканын билдирген. Ал Кыргызстандын Орусиядагы элчиси бул маселени чече албай жатканын, ишти жөндөй албаса кызматтан кетиши керектигин айткан.
“Күнүгө 200-300 адам депортация болуп Кыргызстанга келип жатыптыр. Орусияда кээ бирлери полицияда кармалып турат дейт. Ал жакта иштегендер, бала-чакалуулар, үй-бүлөлүүлөр бар. Эмне алар бизге акча которгондо анан шайлоодо гана керекпи?”.
Элчилик Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун “Орусия мигранттарды жапырт депортация кылып жатат” деген билдирүүсүн төгүндөдү. Анда Орусиянын президенти Владимир Путин 15-июнда чыгарган жаңы жарлыгына ылайык, чет элдик жарандар эгер олуттуу мыйзам бузбаса, 30-сентябрга чейин өлкөдөн чыгарылбай турганы жазылган.
“Элчиликтин башкы консулдуктарынын жана канцелярияларынын маалыматы боюнча, июль айында жалпысынан Орусиянын бардык региондору боюнча Кыргызстандын 18 жараны депортация болду. Алардын көбү абакта жатып жазасын өтөп бүткөндөр. Документтерин жоготуп алганы үчүн 30-сентябрга чейин эч ким депортация болбойт”.
Өлкө экономикасы дагы мигранттар тапкан каражатка көз каранды болуп келүүдө. Мигранттардын кайтып келиши экономикага олуттуу таасирин тийгизет дейт серепчилер. Ошол эле маалда Кыргызстандагы миңдеген бүлөлөрдүн жашоосуна дагы оорчулук жаралбай койбойт.
Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны бир миллиондон көп деп айтылып келет. Административдик эреже бузуу жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн 43 миңден ашуун кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.
Оор кылмыш жасап же олуттуу мыйзам бузуп “кара тизмеге” илинген чет өлкөлүктөргө Орусияга кирүүгө биротоло тыюу салынат. Административдик мыйзам бузгандардын көбү 3-5 жылга чейин өлкөгө кире алышпайт. Орусияда мекендештердин көбү курулуш чөйрөсүндө, такси кызматында жана тейлөө тармагында иштейт.
Акыркы жылдары иш издеп Орусиядан Түркияга өтүп кеткен кыргызстандыктар көбөйгөн экен. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 26-июлда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин онлайн жыйынында айтты.
“Кыргызстандыктар Түркияда 90 күн визасыз жүрө алат. Ошондуктан биздин жарандар визасы жок эле келип иштеп баштайт. Акыркы жылдары мыйзамсыз келген мигранттар да көбөйө баштады. Соңку мезгилдерде Орусияда “кара тизмеге” киргизиле баштаган 1,5 жылдан бери Орусиядагы жарандарыбыз Түркияга келишти. Алардын көбү Стамбул, Анкара, Измир деген чоң шаарларда иштейт”.
Расмий эсепте Түркияда 20 миңден 25 миңге чейин кыргызстандык бар. Пандемияга байланыштуу мигранттардын саны акыркы эки жылда азайып кеткен.