11-апрелде Москвада кыргызстандыктар Мухаммед пайгамбардын туулган күнү - Мавлид майрамын белгилешти. Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын Москвадагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары Бакытбек Карашев мындай иш-чара Москвада алты жылдан бери белгиленип жатканын айтты. Быйыл болсо ири Крокус Сити Холл концерттик залына 6200 адам чогулду. Мавлид майрамына муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров катышты.