Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Монголияда жуттан 5 миллион мал кырылды


Апта ичинде дүйнөлүк басылмаларга чыккан окуяларга сереп.

Климаттын өзгөрүшү менен Монголияда жут өкүм сүрө баштады.

Монголияда быйылкы өзгөчө ызгаардуу кышта 5 миллиондой мал-жандык кырылды. БУУнун маалыматына ылайык, жергиликтүү малчылар акыркы жылдары жуттан көбүрөөк жапа чегип келет.

Al-Jazeera 19-марттагы макаласында Монголиянын Чукул кырдаалдар борбору Кызыл Чырым уюмунан жардам сураганын жазды. Уюмдун маалыматында, жайыттар калың кар менен муз астында калып, бери дегенде 2 250 үй-бүлө мал-жандыгынын 70% жоготту. Алдыдагы бир нече жумада мындан да көп мал кырылышы ыктымал.

Монголиядагы жут. Архив
Монголиядагы жут. Архив

Монголиянын 3,3 миллион калкынын 30% жакыны кең талаалардагы боз үйлөрдө жашаган көчмөн малчылар.

Эл аралык Кызыл Чырым федерациясынын Чыгыш Азия бөлүмүнүн жетекчиси Ольга Жумаеванын айтымында, жуттан улам малчылар психологиялык кысымга да туш болуп жатат.

“Быйылкы кышта малдын кырылышы, ресурстардын азайышы, жүз миңдеген кишинин жашоо-шартынын начарлашы аларга шашылыш жардам берилиши керек деген коңгуроо болуп калды”, - деп билдирди Жумаева.

Макалада монголдор катаал шарттарга, декабрдан мартка чейинки суук аба ырайына көнгөнү айтылат. Айрым учурларда суук 50 градуска чейин жетип турат.

Бириккен Улуттар Уюму климаттын өзгөрүүсү менен жут көбүрөөк каптап калганын белгилейт. Акыркы он жылда Монголия алты жолу жуттан жапа чекти. Былтыркы жылы 4,4 миллион баш мал-жандык кырылган.

Өткөн жайдагы кургакчылыктын айынан мал эт байлаганга үлгүргөн эмес.

Кызыл Чырымдын маалыматына ылайык, жайыттагы начар шарттардан улам малчылар чөп менен тоютту демейдегиден бир нече ай эрте түгөтүп коюшкан.

Былтыркы жылдын аягына карай Монголияда 64,7 миллион мал-жандык бар болчу. Өлкө койдун уникалдуу породалары, бодо мал, жылкы, эчки, төөлөрү менен белгилүү.

Алсак, жүздөгөн жылдар бою аргындаштырылган баяд деген кой Монголиянын эң суук аймактарында да элди сүт, эт, жүн менен камсыздап келет.

Apple кардарлардын тандоо мүмкүнчүлүгүн чектеген деп айыпталууда

АКШ Apple компаниясына каршы доо арыз берди. Юстиция министрлиги компания смартфондордун рыногун монополизациялап алды жана адилет атаандаштыкка тоскоолдук кылууда деп эсептейт. Атап айтканда iPhone телефонун толук көзөмөлгө алуу менен атаандаштардын мүмкүнчүлүктөрүн, кардарлардын тандоосун чектейт деген кине тагылууда.

The New York Times (NYT) гезити жазгандай, АКШнын баш прокурору Меррик Гарланд акыркы 20 жылда дүйнөдөгү эң бай компанияга айланган Apple атаандаштыкка каршы саяcат жүргүзүп келгенин билдирди.

Маалыматка караганда, компаниянын 3 триллион доллар кирешеси кээ бир мамлекеттердин ички дүң өнүмүнөн ашат. Бул негизинен смартфон үчүн чыгарылган iPhone продуктусунун популярдуулугуна байланышкан көрүнүш. Прокуратура Apple монополияга каршы мыйзамды бузган деп эсептейт.

“Кардарлардын тандоо мүмкүнчүлүгү чектелип калган, ошол эле маалда көбүрөөк төлөп калышкан. Телефондордун, тиркеме, аксессуарлардын сапаты начарлаган, инновациялар азайган.. Apple монополиясын өз продукциясын жакшыртуу менен эмес, башкалардын продукциясын начарлатуунун эсебинен бекемдеген ”, - деп билдирген прокурор.

Калифорниялык гигант альтернативалык операциялык системаларга өтүүнү татаалдашырат деп күнөөлөнүүдө.

Мисалы финансылык төлөмдөр тиркемелерин, акылдуу саат же ноутбуктарды башка телефондорго караганда iPhone телефонуна туташтыруу жеңил.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматында Apple компаниясынын үлүшү өлкөнүн смартфондор рыногунда 70% ашары айтылат.

Гезит Apple компаниясынын өкүлүнө да сөз берген. Анын айтымында, доо-арыз канааттандырылса, эл күткөн технологияларды иштеп чыгуу татаалдашат, өкмөттүн көзөмөлүн орнотуу прецеденти түзүлмөкчү.

Буга чейин АКШнын федералдык бийлиги монополияга каршы күрөштүн алкагында Google, Meta жана Amazon компанияларын ооздуктоого аракеттенген.

NYT териштирүү жылдарга созулушу мүмкүн деп, кардарларга кесепети кандай болору азыр белгисиз экенин жазат. Apple эки айдын ичинде ишти токтотуу арызын берерин билдирди. Компания мыйзамдар смартфондорду кардарлар үчүн ыңгайлуу кылууну көздөгөн саясатты жүргүзүүгө жол берерин белгилейт.

Гезит жакында европалык тескөөчү органдар Apple компаниясына музыкалык стриминг кызматтар арасындагы атаандаштыкты бузган деп 2 млрд доллар айып пул салганын кошумчалайт.

Бухарада тарыхый жайлардын жанында көп кабаттуу мейманканалар салынат

ЮНЕСКО Өзбекстандын өкмөтү башкы план макулдашылгыча Бухара шаарындагы тарыхый тилкелерге жакын жерде имараттарды түрттүрүп, курулуш иштерин жүргүзбөй туруу убадасын бузганын билдирди. Бул тууралуу 21-мартта Eurasianet жазды.

Бухарадагы туристтик борбордун макети. Февраль, 2024-жыл
Бухарадагы туристтик борбордун макети. Февраль, 2024-жыл

Маалыматка караганда, ыйык тарыхый аймакты башкаруунун беш жылдык планы былтыр декабрда ЮНЕСКОнун тиешелүү мекемесине тапшырылган. Бирок убадаларына турбай, расмий Ташкент Бухаранын бир бөлүгүндөгү буфердик зонада жыл башында имараттарды сүрдүрүүгө киришти. Маданий мурастарды коргогон активисттер буга нааразы.

Маалыматка караганда, өзбек бийлиги иштеп чыккан “Түбөлүк Бухара” деген талаштуу долбоорунун алкагында 326 миң чарчы метр аянттагы ондогон имараттарды түрттүрүү каралган. Андан кийин ал жакта миңдеген туристке эсептелген көп кабаттуу мейманканалар, этнологиялык туристтик борбор пайда болмкочу.

ЮНЕСКО 8-февралда өзбек өкмөтүнө жолдогон катта долбоорду түшүндүрүп берүүнү өтүнгөнүн, бирок жооп ала электигин билдирди.

Eurasianet жазгандай, Борбор Азиядагы архитектуралык-маданий мурасты коргоо менен алектенген Alerte Héritage бейөкмөт уюму “Түбөлүк Бухара” демилгесин байма-бай сындап келатат.

Өткөн айда уюм сунуш кылынган дизайн “Лас-Вегас же Макаодо кызыктуу көрүнүшү мүмкүн”, бирок " Бухаранын тарыхый чордонуна визуалдык жактан жакын жайгашкан жасалма "Чыгыш" шаардыктарды жана туристтерди иренжитиши ыктымал”, - деп Фейсбукка жазган.

Бухара 1993-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Ал макамы шаарды тез өнүктүрүү иштеринен коргоого тийиш.

Бирок аткаминерлер ири бөлүгү советтик заманда курулган Бухаранын инфраструктурасы туристтердин суроо-талаптарына жооп бериш үчүн жакшыртылууга тийиш экенин айтышат.

Басылма тарыхый мурасты коргоону жактап келаткан президент Шавкат Мирзиеев жана кызы Саида бул меселеге үн ката электигин белгилейт.

XS
SM
MD
LG