Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:18

Молдова: Оппозиция бириккени жетиштүүбү?


Оппозициянын лидерлери Европага интеграциялануу келишимин жарыялап жатышат, 8-август, 2009
Оппозициянын лидерлери Европага интеграциялануу келишимин жарыялап жатышат, 8-август, 2009

Молдовада парламенттик шайлоодо жеңген төрт оппозициялык партия Батышка ык алган коалицияга бирикмей болушту. Бирок жаңы президентти тандаш үчүн алар коммунисттер менен мунаса табышы керек.

Оппозициялык төрт башка партия биригип, 29-июлдагы шайлоодо Молдованын 101 орундуу парламентинин 53 үн ээледи. Алар өткөн дем алыш күндөрү коалицияга биригүү чечимине келишкенин билдиришти. Бул тууралуу Либерал-демократиялык партиянын лидери Влад Филат: “Биз шайлоочуларыбыз бизден күткөн эң маанилүү нерсени жасай алдык - биз биригели деп чечтик”, - деди.

Молдовада коммунисттердин келечеги жок
Жаңы коалиция коңшулаш Румыния менен мамилени чыңдап, Евробиримдикке кошулуу келишимине жетүүгө, коррупцияга каршы күрөшүүгө, сөз эркиндигин орнотуп, экономикалык реформаны өткөрүүүгө, “тең салмактуу” тышкы саясатты жүргүзүүгө белсенип турат.

Мариан Лупу июнда президенттикке коммунисттердин талапкери Зинаида Гречанини колдогондуктан, азыр анын айрым санаалаштары ага ишенбей турушат өңдүү
Коалиция түзүү боюнча чечим бөлүнүп-жарылып турган оппозиция үчүн маанилүү кадам болду. Азыр ушул төрт партиянын бири – Демократиялык партияны – жетектеп жаткан Мариян Лупу – өзү мурдагы коммунист жана өткөндө президентти шайлай албай калган учурда, ал коммунисттердин талапкерин колдогон эле. Ошондуктан көптөгөн байкоочулар бул ирет оппозициялык партиялар бу кишиге ишенбей, коалиция түзүү планы да ишке ашпай калат го деп жатышкан.

Кантсе да, оппозиция таарынычтарын тыйып, коалиция түзгөнгө жетишти. Бирок жаңы президентти тандаш үчүн алар кайра эле коммунисттер менен мунаса табышпаса, буга чейинки окуя кайталанып, өлкө кайра саясий туңгуюкка кептелет.

Буга чейинки парламент эки жолу тең президент Владимир Воронинден кийин боло турган президентти шайлай албай койгон. Коммунисттер премьер-министр Зинаида Гречанини шайлоо үчүн 61 добушту топтой алышпады. Натыйжада президент Воронин парламентти таркатып салып, жаңы шайлоону 29-июлга белгилеген.

Азыр да президентти өз алдынча шайлаш үчүн оппозициялык партияларда жетиштүү добушу жок. Кайра эле өлкөдө парламент таркатылып, жаңы шайлоо белгиленип, айтор, буга чейинки окуялар кайталанбашы үчүн либерал партиялар коммунисттерден эптеп кошумча сегиз добушту алышы шарт.

Владимир Воронин азыр эми өзүн таразага салып, оппозиция менен соодалашат деп күтүлүүдө
Антпесе, аналитиктер өткөндөгү окуялардын кайра кайталанышы өлкө үчүн эң оор мезгил болот деп жатышат. Анткени жалпы Европадагы эң жарды бу мамлекеттин экономикасы араң эле турат, эли батышчыл жана москвачыл болуп, дээрлик эки жаатка бөлүнүп калды.

Бирок азыр өлкө эле эмес, жаңы коалицияга бириккен оппозициялык партиялар өздөрү да коммунисттер менен соодага барыш керекпи-жокпу деген суроонун айланасында бөлүнүп-жарылып атканы байкалат. Булар азыр президентти шайлоодо өздөрүнүн талапкерин чыгарыш үчүн коммунисттерге парламент спикеринин же премьер-министрдин кызматын бериши керек болот.

Радикалдуу оппозициянын өкүлдөрү, өзгөчө, Либералдар партиясынын лидери, Кишиневдун мэри Дорин Чиртоака коммунисттерге эч кандай май-токочтуу жерди сунуштабай туруп эле эпке келтире алабыз дейт. Анткени коммунисттер өздөрү да бири-биринен көңүлү калып, ыркы кетип турат деп эсептейт.

“Айрым коммунисттер бүгүн, эртең, же бүрсүгүнү акырындап Демократиялык партияга кошула башташы мүмкүн, - деп айтты ал. - Бир эмес, бир топ адам келиши ыктымал. Анткени Молдовада коммунисттердин келечеги жок. Же алар президенттик шайлоодо жөн эле добушун бериши да ажеп эмес”.

Буга чейинки парламентте оппозициялык партияларга бузукулардай карашчу. Эми бу макам коммунисттерге карата айтылып жаткандай сезилет. Азырынча коммунисттер эмне кылаарын алдын ала айтыш кыйын. Алардын лидери Воронин эс алганы Түркияга кетип калды. Коммунисттер менен жаңы коалиция ортосунда масилээттешкен жыйындар деле боло элек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG