Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Мирзиёев ашкере шаан-шөкөткө каршы чыкты


Өзбекстандагы үйлөнүү тойлорунун бири.
Өзбекстандагы үйлөнүү тойлорунун бири.

Өзбек парламентинде өкмөттүк кызматкерлерге үйлөнүү тойлоруна барууга тыюу салган токтом даярдалууда. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев өзү айтып чыкты.

Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү аткаминерлердин үлпөт тойлорго барышына тыюу салды. Ал жаңы эрежеге баш ийбегендерди иштен алып, түрмөгө камаарын да эскертти. 2-мартта "Азаттыктын" өзбек кызматына келип түшкөн аудио материалда Мирзиёев жаңы эрежеге баш ийбеген аткаминерлер кызматынан бошотулаарын эскерткени угулат.

- Министрлерге, акимдерге жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө үлпөт тойлорго барууга тыюу салынат. Мен бир эле чайхананын оозунан мамлекеттик номуру бар унаа көргөн күнү ошол кызматкерди иштен алып, жазалайм.

Мындай сөздөрдү Мирзиёев болжол менен 27-февралда Ташкентте өткөн жыйында айткан. Президенттин мындай кеби расмий басма сөз кызматында да, жергиликтүү маалымат каражаттарында да чагылдырыла элек.

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

- Бир да кызматкер, мен өзүм дагы, туулган күндөргө жана тойлорго барбайт. Ал заман өттү! Мунун баары адамдардын кыжырын кайнатып, ачуусун келтирип жатат. Мындай тойлор жогорку даражадагы кызматкерлерсиз өтөт. Премьер-министр өзүнүн орун басары менен тойго барса, баары карап турат… Сен ошол тойго кеткен 20 килограмм эттин ордуна бир кембагалга үйүн сырдаганга жардам бер, ага телевизор сатып бер, – деген президент.

Ал өлкөдө коррупцияны жоюш үчүн салтанаттуу үлпөт тойлорун өткөрүүнү жана ага өкмөттүк кызматкерлердин катышуусун тыюуга мажбур болуп жатканын билдирген.

Жетекчилерден бирөө, прокурор, аким, салыкчы же бажы кызматкери болобу, ушул эрежени бузса - ошол күнү түрмөгө түшөт.

- Биз үлпөт тойлорун өткөрүүнү тартипке салсак, коррупция жоголот, адамдар ыраазы болуп, калыстык орнойт. Баары бирдей той өткөрөт. Жетекчилерден бирөө, прокурор, аким, салыкчы же бажы кызматкери болобу, ушул эрежени бузса - ошол күнү түрмөгө түшөт. Антпесе калыстык болбойт. Премьер-министрдин орун басары укмуштуудай той өткөргөнгө акчаны кайдан алып жатат? Кичине ары жагын текшерсең, ал акча уурдалган!

Эми Өзбекстанда той ээлери коноктордун санын катуу чектеши керек болот. Жаңы токтом боюнча үйлөнүү тоюна эң көп дегенде 150 адам, таңкы ашка 200 адам гана чакырууга уруксат берилет.

- Биздин адамдар балдарынын тойлорун өткөрүүгө жана калың берүүгө 20 миң доллар табыш үчүн Орусияга ишке кетип жатышат, - деген Мирзиёев.

Тойлордо коноктордун санынан тышкары курак боюнча да чектөө киргизилмекчи. Үйлөнүү салтанатына жалаң гана жаштар катышса, карылар нике кыюуга гана чакырылмакчы.

Азырынча Мирзиёев айткан бул өзбек парламентинин токтому коомчулукка жарыялана элек.

Ташкенттеги үйлөнүү тойлорунун биринен тартылган сүрөт.
Ташкенттеги үйлөнүү тойлорунун биринен тартылган сүрөт.

Үйлөнүү тойлорун тартипке салуу тууралуу алгач Шавкат Мирзиёев былтыр августта Ташкент облусуна барганда айткан. Андан кийин өлкөнүн башка облустарында жергиликтүү кызматкерлер калкты тойлорду сарамжалдуулук менен өткөрүүгө чакыра баштаган.

Борбор Азия чөлкөмүндө Тажикстанда да той-аш өткөрүүгө мыйзам чегинде чектөө каралган. "Каада-салтты, салтанат менен жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамга былтыр президент Эмомали Рахмон кол койгон. Анда маркумдун жетилигинде, кыркылыгында жана ашында бодо мал союуга жана элге тамак берүүгө тыюу салган да жоболор бар. Ал эми үйлөнүү тойлорун тажикстандыктар үч саат ичинде өткөрүшү керек.

Былтыр бул мыйзам боюнча Тажикстандын Улуттук китепканасынын мурдагы башчысы Саифиддин Назарзода жоопко тартылган. Ал той-аш чыгымдарын чектеген мыйзамды бузду деген негизде соттолгон.

"Азаттыктын" архиви: Той менен кошо көбөйгөн обужок салттар

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG