Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Милициянын ойлондурган даярдыгы


Бишкек. 2018-жыл, 15-июнь.
Бишкек. 2018-жыл, 15-июнь.

Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн бириндеги атышууда жарадар болгон "Шумкар" атайын бөлүгүнүн кызматкери жана кылмышка шектүү адам ооруканада жатат. Бул окуя күч кызматкерлеринин кесиптик даярдыгына байланышкан маселени козгоду.

Милицияны аткан шектүү “2017-жылы киши өлтүрүүгө аракет кылган” деп издөөдө жүргөн экен. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева ал шектүүгө дагы бир айып тагылганын айтып, окуянын чоо-жайы тууралуу буларды билдирди:

- Биздин атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери үйгө киргенде ороодо жаткан шектүү каршылык көрсөтүп, ок аткан. Ал кызматкерибиз жарадар болуп ооруканага жеткирилген. Ал эми шектүүнү кармоодо ал да жарадар болуп, экөө тең азыр ооруканада. Бул факт боюнча Жайыл райондук тергөө тобу кылмыш ишин козгоду. Окуя "укук коргоо органынын кызматкерине кол салуу" деген негизде териштирилип жатат.

Бул кылмышка шектүүлөрдү кармоодо, атайын операция учурунда күч кызматкерлери жарадар болгон же көз жумган биринчи окуя эмес. Жыл башында Чыгыш-5 кичирайонунда милиция кызматкерине ок атылганы белгилүү.

Андан кийин август айында Бишкекте шектүүлөрдү колго түшүрүү учурунда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкери бычакка урунган. Ал эми 26-октябрда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Уларбек Майрамбеков бычакталып каза болгон.

Мындан үч жыл мурун №50 абактан качкан шектүү Алтынбек Итибаевди кармоодо ИИМдин ыкчам аракеттенүү отрядынын атайын кызматкери (СОБР) Төлөбек Исмаилов окко учуп, дагы бир милиция колунан жарадар болгон. Андан сырткары, атышууда эки жайкын тургун каза тапкан.

Укук коргоо тармагында бир нече жыл иштеген, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков күч кызматкерлери катышкан кырсыктардын себебин кадр тандоого байланыштырды:

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

- Мурдагыга караганда азыр күч кызматкерлеринин даярдыгы начар. Анткени мурда ИИМге кызматка кириш үчүн жок эле дегенде алты ай текшерүүдөн өтүшчү. Кызматка алынып жаткан кишинин кулк-мүнөзү, үй-бүлөсү текшерилип, “Ушул кызматка жарайбы, таза иштейби?” деген талаптар менен тандалчу. Ал адам боюнча башка тараптардан да маалымат алынчу. Азыр болсо жакшы текшерилбей, бир айдын ичинде эле милицияга кызматка алынып жатат. Анын үстүнө кызматкерлердин даярдыгы да бошоңдоп калды.

Адистер "Скорпион", "Илбирс" жана “Альфа” сындуу атайын топторго, Ички иштер министрлигине караштуу “Шумкар” полкуна кызматкерлер катуу тартипте алынышы керек деп эсептешет.

Ал эми ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Ялкун Даутов милицияга коюлган дооматтарга макул эмес.

- Милиция кызматкерлери бир жылда эки жолу физикалык жактан комиссиядан өтүшөт. Анда самбо урушу, курал колдонуу даярдыктары бар. Ал эми атайын операцияларга, шектүүлөрдү кармоого даярдыктан өткөн кызматкерлер жөнөтүлөт. Ал жерге барардан мурун иликтеп, тактап, “барганда кандай кырдаал болушу мүмкүн” деп изилдеш керек.

Милиция кызматкерлеринин укугун коргоо комитетинин төрагасы Мелис Арыпбек “милиция учурда өзүн-өзү коргой албай жатат” деп, мунун себебин мыйзамдарга такады:

- Мамлекет милициянын кадыр-баркын кайра көтөрүп, аны мыйзам менен коргош керек. Мисалы, милиция колунда курал-жарагы болсо да кылмышкерди, киши өлтүргөндөрдү, ууру-кескини кармоодо алар менен тирешүү чыкса аны ошол жерден атып салууга укугу жок. Күч кызматкери шектүүнү биринчи коркутуш үчүн асманга атышы керек, болбосо бутка атышы керек. А бирок кылмышкерлер эч нерсеге карабайт да, милицияны түз эле атып салып атышпайбы. Ошондуктан милициянын эле эмес, бардык укук коргоо органдарынын кадыр-баркын көтөрүш керек.

Айрым талдоочулар акыркы кезде күч кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүнүн күч алышын 2010-жылдын 7-апрелинде элдин колуна өтүп кеткен курал-жарактан да көрүшөт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, апрель окуяларында күч түзүмдөрүнөн баш-аягы 865 даана курал жоголуп кеткен. Сегиз жылдын ичинде анын 350дөйү эле кайтарылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG