Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда ооган кыргыздарынын кадырлуу инсандарынын бири Эраалы бай дүйнө салды. Абдулхаким молдо менен Эраалы байдын жээни Шераалы швейцариялык антрополог-иликтөөчү Тобиас Маршаллга ооган кыргыздары шарттын жоктугунан өз маалында дарылана албай, кейиштүү күнгө кабылып жатканын айтып беришкен. Европалык иликтөөчү төрт жылдан бери ооган кыргыздарына жай сайын каттап, алардын күнүмдүк турмушундагы социалдык-экономикалык стратегиясын иликтеп жүрөт. (Видеону тарткан Тобиас Маршалл, Кичи Памир, 12.07.2018)