Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

"Мен жаш кыргыз, ичкеним кымыз". Орусияда рэпер кармалды


Рецидив деген псевдоним менен таанымал теги кыргызстандык рэпер Ислам Закиров.
Рецидив деген псевдоним менен таанымал теги кыргызстандык рэпер Ислам Закиров.

Орусиянын Тергөө комитети улут аралык кастыкты козуткан деген кине менен кыргызстандык Ислам Закиров жана тажикстандык Шерафган Шарипов деген эки рэп аткаруучуга каршы кылмыш ишин козгоду. Орус Ички иштер министрлиги Закиров кармалганын билдирди.

“Новая газета Европа” басылмасы жазгандай, ноябрь айынын соңунда “Кубок МЦ” деп аталган рэп аткаруучулар таймашкан аянтчанын Ютуб каналында Sheraphʼgun деген каймана ысым менен таанымал Шерафган Шарипов жана Рецидив деген псевдонимди алып жүргөн Ислам Закировдун айтышы жарыяланган.

Анда Закиров "мен жаш кыргыз, ичкеним кымыз" деп жамактатып айтып баратып эле, "кош бойлуу орус аялдарын ура турганын" кошумчалап кеткен.

Шарипов таймаш маалында Электросталь шаарында былтыр болгон окуя тууралуу кыйыткан. Анда чачын жашылга боёгон өспүрүмдүн баш терисин сыйрып кетишкен.

Декабрдын орто ченинде рэперлердин бул сөздөрү кремлчил жана улутчул Телеграм-каналдарга жарыялана баштады.

Борбор азиялык мигранттарга каршы маанайдагы “Многонационал” Телеграм-каналынын катталуучулары Тергөө комитетине кайрылып, рэперлерге каршы кылмыш ишин козгоого чакырышты.

Андан тышкары рэперлердин сөздөрүнө бийликчил Readovk a каналы да көңүл буруп, аны "орус улутуна каршы" деп мүнөздөгөн.

Көп өтпөй Ислам Закиров өзү видеокайрылуу жасап, кечирим сурады.

"Ыр таймаш маалында айтылган менин акылсыз тамашамдын айланасындагы кырдаал тууралуу айткым келет. Ал сүйлөм менен кайсы бир улуттун өкүлдөрүн мазактап же басмырлайын деген оюм жок болчу. Эгер кимдир бирөөнү таарынтып алсам, кечирим сурайм. Мен өзүм Орусияда төрөлгөм. Жашоомдун көп бөлүгүн бул жакта жашадым. Бул кырдаалды тынч жол менен чечүүгө чакырам", - деди Закиров.

Коркутуп-үркүтүүлөр башталганда, эки рэпер социалдык тармактардагы аккаунттарын өчүрүп же жаап салышкан.

Көп өтпөй эле Тергөө комитети рэп аткаруучуларга каршы кылмыш иши козголгонун билдирди.

"Борбор Азиядагы эки республикада туулган, Москва шаарынын аймагында жашап жаткан эки жигит улут аралык кастыкты козутуучу билдирүүлөрдү жасашкан", - деп жазылат комитеттин билдирүүсүндө.

Ал эми Ички иштер министрлиги Ислам Закировду кармаганын, анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, телефондору алынган маалымдады. Ал эми "Осторожно, новости" телеканалы кабарлагандай, тинтүүлөр таймашка барган көрүүчүлөрдүн да үйлөрүндө жүргүзүлгөн. Министрликтин маалымат катчысы Ирина Волк Закировдун кармалгандан кийинки видеосун жарыялады. Анда рэпер туруктуу жашаган жери жок экенин, ар кайсы хостелдерде баш калкалап жүргөнүн айткан.

Рэп таймаш өткөрүлгөн аянтча убактылуу жабылды, эки жигиттин видеосу өчүрүлдү. Уюштуруучулар бул үчүн Закировду күнөөлөп, ал бир гана аянтчаны эмес, бүтүндөй жанрга кедергисин тийгизгенин айтышты.

Ал эми Шерафган Шарипов тууралуу азырынча маалымат чыга элек.

Укурук рэперлерге жеттиби?

Борбор азиялык рэп аткаруучуларга каршы кылмыш иши козголгонун айрымдар сындап чыгышты. Белгилүү рэп аткаруучу Эдик Кингста өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Орусияда бийликтин аракетин сынга алгандардын бири:

"Таймаштарга чыгып жүргөн рэпер "Рецидив" жөн гана тамашалуу сөздөрү үчүн кармалды. Анын аткаруусунун үзүндүсүн кремлчил жана улутчул каналдарга таркатып жиберишиптир. Бул жерде баланын борборазиялык келбети башкы роль ойноп кетти… Силер ал баланы сындап, кекетип, бөлүп салсаңар болот. Бирок мен азыр ал баланы экстремизм үчүн эмес, жөн гана тамашасы үчүн камап коёруна кубангандарды көрүп жатам. Кечээ оппозициячыл саясатчыларды, бүгүн рэп аткаруучуларды, эртең өзүлөрүн камап коюшарын кээ бир акылсыздар түшүнбөй жатышат", - деп жазды 2022-жылы Орусиядан чыгып кеткен рэпер Эдик Кингста.

Бул Орусияда рэп ырчыларына козголгон алгачкы кылмыш иши эмес. Буга чейин Хаски деген каймана ат менен таанымал Дмитрий Кузнецовго машинесинин үстүнө чыгып, концерт бергени үчүн кылмыш иши козголгон.

Орусиянын Юстиция министрлиги эки жылдан бери башка өлкөдө жашаган Алишер Моргенштернди быйыл май айында "чет элдик агенттер" тизмесине киргизген. Орусия Украинага кол салгандан кийин ал согушка каршы клип жаздырган.

2021-жылы Орусиянын Тергөө комитети рэперди соцтармактарда маңзат менен соода кылат деп айыптаган. Моргенштерн муну четке каккан. Кийин анын "76 жыл мурун болгон жеңишти майрамдоону түшүнбөйм" деген сөзү боюнча да териштирүү жүрүп, ырчы оюн маалымат каражаттары бурмалады деп кечирим сураган.

XS
SM
MD
LG