Окурман журтуна Бабырбек ага белгилүү аткаминерге караганда, татаал адам тагдырларын, тебеленген укуктарды тартынбай жазган журналист, публицист катары көбүрөөк таанымал болчу.
Бабырбек ага кыргыз журналистикасы Ренессанс доорун башынан кечирип жаткан кезде гезиттерди ачып, көпчүлүк учурда кесиптештеринин баам сыртында калып келген укук маселесин алдыга сууруп чыккан.
Ал татаал укуктук маселени жөнөкөй түшүндүрүп, мыйзам тартиби, эрежеси өкүм сүргөн жерде катаал күрөш дайыма жүрүп турарын жакшы билчү, талаштуу маселеге тартынбай үнүн кошчу. Кыргыз гезиттери менен журналисттеринин укугун коргош үчүн «Кыргыз гезиттеринин биримдигин» (КГБ) түзгөндөрдүн бири. «Майдан kg» гезитинин редактору Нургазы Анаркуловдун айтымында, Бабырбек Жээнбеков журналисттерди коргоо максатында ушул түзүмдү ойлоп чыккан.
«Бир чоң тоо кулады. Биз, кыргыз журналисттери, Бабырбек Жээнбековду алп тоо катары билчүбүз. Биз көп сүйлөшчүбүз. Бабырбек ага өлкөбүздүн азыркы абалына күйүп-бышып: «Биз качан өнүгөбүз? Турмушубуз качан оңолот?» деп жүрчү. Атамбаевдин кезинде кыргыз гезиттерине, кыргыз тилдүү журналисттерге катуу басым көрсөтүлгөн учур болгон. Ошондо Бабырбек байке башында туруп кыргыз тилдүү гезиттердин редакторлору «Кыргыз гезиттеринин биримдиги» деп түзгөнбүз. Ошондо 9-10 басылма муштум болуп, бийликке катуу айбат көрсөтүп, сын материалдарды үстөккө-босток чыгарып турганбыз. Ошол кезде Бабырбек байкенин энергиясына таң калчубуз, курч, адилет, тайманбаган адам болчу. Бардыгыбызды коркутуп-үркүткөндөр болгон. «Камайбыз» дешкен. Ошондо ал «коркпогула, чындык өлбөйт, биз акыйкаттык үчүн күрөшүп атабыз» деп бизге дем берип, бийик духун көрсөткөн», - деди Нургазы Анаркулов.
Бабырбек Жээнбеков негиздеген гезити бийликтегилерге жакпай, басылманы соттун колу менен жаап тынышкандан кийин жаңысына киришчү. 2010-жылы ошондой тагдырга «Ачык саясат» менен «Назар» гезиттери туш келген. Ал кездеги бийлик башчысы Курманбек Бакиевди сындагандыгы үчүн гезитке ашык-кеми жок 82 миң евро өлчөмүндө айып салынып, чыгышына тыюу салынган. Өлкө башчысынын абийир, ар-намысын коргоо милдетин ал кезде деле республиканын Башкы прокуратурасы өзүнө алган. Ал эми «Алиби» гезитинин айланасындагы талаш-тартыштарды санап чыгуунун өзү эле кыйла убакытты алар эле.
2010-жылдан 7-апрелинде бийлик алмашып, башкаруу тизгинине жеткендер гезит ээсин Монополияга каршы агенттиктин директорлугуна дайындап, Бабырбек ага аткаруу бийлигинин өкүлү болуп калды. Колду байлаган жумуштарынын көптүгүнө карабай ал киши журналистиканы таштабай, жалаң өз гезити эмес, башка кесиптештеринин ал-абалын сурап, басма түйшүгүнөн алыстаган жок. А бирок жаңы дем, жаңы күч менен ишке киришер чагында кайран агабыз илешкен дарттын капканына чабылды. Убакты-саатынын көбү ооруканаларда өтүп, илгери үмүт менен жашады. Алышкан оору Түркияда жасалган операцияга, толгон-токой медициналык жардамга карабай ак жүрөк адамды алып тынды. Инисинин абалы оорлошуп жатканын угуп эле жолго чыгып, бирок көзү тирүүсүндө көрбөй калганына абасы Жунус уулу Асан атанын кабыргасы кайышып турду:
«Көрөлү деп келгенбиз. Анан үстүнөн чыгып калбадыкпы, айланайын. Жетпей калдык. Кара-Балтага келгенибизде буерден «акем кайтыш болуп кетти» деп билдиришти. Сүйлөшүп келатканбыз, «кандай, жакшыбы» деп. Өзүм окуткан балдар эле, баары. 57 жыл мугалим болуп, ушулардын баарын өзүм окуткам. Биз болсо картайдык, Жээнбековдордун аксакалы эле мен».
Бабырбек Жээнбеков ооруга мөгдөп калбаган, эрки бекем, баскан-турганы ачык, жайдары адам, анан да акыйкатты баарынан жогору койгон чынчыл журналист эле. Белгилүү журналист Элнура Кулуева кесиптеш агасынын ишке мамилесин, гезит чыгаруунун түйшүгүнө кайыл болуп бул ишке өмүрүн арнаганын, баарынан да адамгерчилик сапаты бийиктигин белгилеп, маркумду мындайча эскерди:
«2007-2008-жылдары укук бузуу көп боло баштаган. Бир ирет чай үстүндө «укук темасында Кыргызстанга бир гезит керек болуп жатат» деп сунуш кылдым эле. «Анда гезит ачпайлыбы» деп, ушу «Алиби» гезитинин ачылып калышына Бабыр байке, мен себепчи болгом. Анан «гезит чыгаралы» деп бир офиске келсек үйдө баласы ойногон компьютерди алып келип алып: «Мына ушул, Элнура, элдин укугун коргойлу. Кыргызстанда акыйкат орношу үчүн көп иштерди жасайлы, калемибизди жумшайлы» деп айтканы ушу бүгүн ал киши жок болгонунан эсиме түшүп атат».
Бабырбек ага өз пикирин жашырбай айткан, анысы кимдир-бирөөлөргө, өзгөчө бийликтин жогорку тепкичинде отургандарга жакпай калбасын деп тартынып калбаган, өзү ынанган акыйкатын туу туткан адам эле. Улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылган бийик адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, анан да сөз эркиндиги, адам укугу үчүн колунан келгендин баарын жасаган мээнеткеч, мыкты журналист, чыгаан публицист катары элдин эсинде калат.