Бишкекте "Мага баары бир эмес" деген V жарандык форум болуп өттү. Анда мамлекет менен жарандардын мамилеси, адам укугу жана эркиндигинин мааниси, коомдогу окуяларга кайдыгерликтин кесепеттери сыяктуу маселелер талкууланды.
Форумда "жарандуулуктун талаптары, симптомдор, диагноз жана эскертмелер" деген маселелердин үстүндө жарандар менен мамлекеттин мамилеси, илим-билим, эркиндик, укук жана демократия" деген темаларга карата сессиялардын алкагында панелдик талкуулар болуп өттү.
Ага жарандык активисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер, саясатчылар, эксперттер, укук коргоочулар жана журналисттер катышып, кандай коом жана кандай өлкө курулуп жатканы, бул үчүн жарандардын өздөрүнүн жекече жоопкерчилиги сыяктуу көйгөйлөрдү талкуулашты.
Саясат талдоочу Эмилбек Жороев жарандык эркиндиктин маанисине токтолду:
"Исхак Разаковдун "Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом дагы таза болот" деген сөзүн ишке ашыруу үчүн коомубузда толук кандуу укуктар менен эркиндиктер болушу шарт. Укугу чектелген, эркиндиги муунтулган жарандар коомдун алдыга жылышына өбөлгө түзө албайт. Эркиндиги менен укугу бекем коом гана алдыга өнүгүп өсөт. Биздин жетекчилер дайыма "Элибиз - өлкөнүн негизги байлыгы" деп айтышат. Бирок чынында эле ошондой болуш үчүн ошол элдин укугу менен эркиндигине кам көрүү керек".
Кыргызстандын саясий тагдыры талкууланган жарандык форумдар буга чейин төрт жолу түрдүү аталыштарда болуп өткөн.
Бул жолу коомдук өнүгүү, саясий жана жарандык укуктар, өлкөнүн жалпы өнүгүү багыттары сыяктуу курч суроолордун алкагында талаш-тартыштар жүрдү.
Жарандык активист Бакытбек Абдуллаев мыйзамдын үстөмдүгү камсыздалбай, коомдо адилеттикке болгон зарылдык орун алып жатканын, анын саясий туруктуулук үчүн маанилүү экенин айтты:
"Мыйзамдын үстөмдүгү боюнча рейтингде биздин өлкө 87-орунда турат. Бул деген "мыйзам бирөөлөргө иштейт, башкаларына иштебейт" дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле бул деген адамдардын, жарандардын биздин өлкөдөгү адилеттикти кабылдоо индекси. Азыр соңку окуялардын негизинде ушул жердегилерден эле "Кыргызстанда адилеттик барбы?" деп сурай турган болсок, анын жообу кандай болору белгилүү. Абал мына ушундай эле кала бере турган болсо, мындай өлкөдө карама-каршылык курчуп, чыр-чатак чыгуу тобокелдиги жогору болот. Ошондуктан буга чейин бизде 2005-жылы, 2010-жылы жана 2020-жылы ошондой окуялар болду".
Башкаруу тутумунун кемчилиги
Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Абдывахап Нурбаев мамлекетте парламенттик демократияны чектөө бийликтин бир колго топтолушуна алып келип, жарандык көзөмөлдүн алсызданышына өбөлгө түзгөнүн билдирди. Анын айтымында, мунун бардыгы саясий башкаруу системасын алмаштыруунун кесепети.
"Ар бир саясатчы, ар бир партия бийликке келгенге чейин эл деп турат, келгенден кийин өзүмчүл болуп, өзгөрө баштайт. Жарандык коом бийликти канчалык көзөмөлдөп турса, ал ошончолук таза иштейт. Мурда министрлер парламентке келип, ар бир мыйзам долбоору боюнча масилеттешип, макулдашып турушчу. Азыр тоготуп да коюшпайт. Бул эми мына ошол башкаруу тутумун алмаштыруунун натыйжасы. Биз артка карай кеттик. Бирок биз толук кандуу парламенттик башкарууга кайтып бармайынча, өнүгө албайбыз. Автократия бизди Түркмөнстанга же Түндүк Кореяга алып барат".
Буга чейин саясий жана жарандык укуктарды чектөө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу оппозициялык маанайдагы жарандарды жапырт камоолордон улам көрүнгөнү тууралуу маселе парламентте да көтөрүлгөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы президент Садыр Жапаровго массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалгандарга карата, айрыкча аялдарга аяр мамиле кылуу керек экенин суранган.
"Мен урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичке кайрылгым келет. Өзүңүз билгендей, соңку учурларда аялдарга карата абдан орой мамиле жасалууда. Сизден сураныч, аялдарга карата аяр мамиле кылууну талап кылып коюңузчу. Мен абдан жакшы түшүнөм, ооба оппозиция... Бирок мындай нерсе эми илгертен бери эле болуп келген да".
Ошол эле кезде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелерин тактоо боюнча келишимди бекитүү учурунда парламентке келген президент Садыр Жапаров мыйзам бардыгына бирдей экенин, анын алдында мыйзам бузгандарга карата жоопкерчилик дагы бирдей болорун белгилеген.
"Мыйзам бардыгына бирдей, ал аялга башка, эркекке башкача болбойт. Анан аял киши дагы жоопкерчиликти сезе билиши керек. Мен аялмын деп билгенин жасай берген да туура эмес. Буга дагы макул болушуңуз керек. Ошондуктан бардыгы мыйзам чегинде болсун".
Жарандык форумдун жүрүшүндө кыргыз коомунунун учурдагы абалы, туу көтөргөн баалуулуктары жана умтулуусу боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары да жарыяланды.
Социолог-изилдөөчү Гүлнара Ибраева иликтөөнүн жыйынтыгы кыргыз жарандарында тышкы көрүнүштөргө көп басым жасап, бирок укук-милдеттерин билбеген жагдайды көргөзгөнүн атап өттү:
"Кыргыз жарандары көбүрөөк салттык коомдук аң-сезимге байланып баратканы көрүндү. Бул эмнени билдирет? Биздин жарандарга тышкы гана көрүнүштөрдү абдан маанилүү деп эсептеп, ички жагдайларга көңүл бөлбөгөн жагдай мүнөздүү. Ошондой эле сурамжылоодо биздин респонденттерге укуктары жана милдеттерин билишеби деген суроого алар жооп берүүдөн баш тартышкан же билбей турганын айтышкан".
Форумда жарандык тилектештик, коомдук көйгөйлөрдү биргеликте чечүү жолдору жана жарандык көзөмөлдү бекемдөө жолдору дагы талкууланды. Ошону менен катары бийлик менен диалог жүргүзүү менен катар тыгыз кызматташуу чаралары боюнча да демилге көтөрүлдү.