БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандагы акыркы кармоолорго, маалымат каражаттарынын, журналист, блогерлердин кысымга алынышына тынчсыздануусун билдирди. Жергиликтүү медиа-эксперттер да сөз эркиндигине басым башталганын, бул саясий туруксуздукка алып келиши ыктымалдыгын айтып чыгышты. Бийликти жактаган тарап сөз эркиндигин ээн ооздук катары пайдалангандар көбөйгөнүн айтууда.
БУУнун комитетинин корутундусу
БУУнун Адам укугу боюнча комитети 3-ноярбда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстандагы жарандык жана саясий укуктар боюнча пакттын аткарылышы боюнча корутундусун жарыялады. Анда саясий укуктар жөнүндө эл аралык документти сактоодо комитеттин негизги тынчсыздануулары жана сунуштары камтылган. Пактка кол койгон мамлекеттер анын аткарылышы боюнча БУУнун комитетине отчет берип турууга тийиш.
Корутундуда кыргыз бийлиги укук коргоочуларды, юристтерди, саясатчыларды, журналисттерди жана башка жарандык коом өкүлдөрүн айырмаланган көз карашы куугунтуктап, кысым көрсөтүп жатканы көрсөтүлгөн. Айрыкча блогерлер, журналисттер кылмыш жообуна тартылганына бушаймандык жазылган.
Кыргызстандагы Bulak.kg басылмасынын баш редактору, медиа-эксперт Семетей Аманбеков соңку мезгилде сөз эркиндигине чабуул жүрүп жатканын белгиледи:
"Журналисттер өздөрүнүн фактылар менен далилденген иликтөөлөрүн жарыялап жатса, кайра тескерисинче алардын үстүнөн иш козголгон учурлар болуп жатат. Ошол эле кезде сөз эркиндиги басмырланып, сайттар мыйзамсыз бөгөттөлүп жатат. Ошол эле кезде башка бир тараптын жактоочулары барып алып, ачык эле "журналисттер отурган кеңсени өрттөш керек, операторлорун сабаш керек, митингке чыккандардын бардыгын атыш керек" деп кыйкырып, зомбулукка үндөп жатса дагы аларга чара көрүлбөйт. Биздин редакция факчект кылып, бардык видеолорду чогултуп, талдап чыктык. Укук коргоо органдары анда кылмыштын белгилери болгонуна карабай, аларга ушул кезге чейин юридикалык баа бере элек. Мыйзамды бир жактуу колдонуп жатышканы көңүл чөгөрөт".
"Сөз эркиндиги баарына керек"
Медиа-эксперттер сөз эркиндиги блогерлерге, журналисттерге же жарандык активисттерге эле тиешелүү эместигин, ал жалпы улуттук байлык экенин айтышып, бул жетишкендикти коргоп калуу зарылдыгын белгилешти.
Юрист Таттыбүбү Эргешбаева сөз эркиндигин басмырлоого көз жумуу жабык коомго, эркиндикти чектөөгө, түрдүү куугунтуктун күчөшүнө жана бирин бирине жалган жерден күбө өтүп, "саткан" баканооздук жайылган катаал режимдин орношуна алып келерин мисал келтирди:
"Бүгүнкү күндө саясий жараяндарга, чечим кабыл алууга таасир этүүгө калктын катышуусу кыйын болуп калды. Мындан ары дагы татаалдашат. Анткени сөз эркиндигине, бийлик органдарына карата жарандык көзөмөлгө жана бейөкмөт уюмдардын ишмердигине чектөө жүрүп жатат. Эртең ишкердик кылгандардын ишмердиги чектеле баштайт. Бул жол менен кете берсек, кимде кандай ресурс болсо, ошого жараша чектөөлөр күчөй берет. Ал тургай, ар бир жаран өз көз карашы менен өз алдынча иш-чара өткөрсө, ишкердик кылса, илимий изилдөө жүргүзсө, адабий чыгарма жазса дагы бийлик менен макулдашып, чыгарганга мажбур болот. Авторитардык жана тоталитардык режимдердин табияты ушундай. Биз азыр ушундай жагдайга өбөлгө түзүп, мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Мунун кесепеттери абдан оор болот."
Медиа-эксперттер соңку мезгилде куугунтуктоолорго мыйзамдык жол ачылып жатат деп сынга алышты.
"Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков сөз эркиндигин басмырлап, куугунтуктоолордун күчөшүнө жаңы мыйзамдагы так эмес, чалкештиктер негиз берип жатканын айтты:
"Жаңыдан күчүнө кирген мыйзамды окуп көргөндөр билет. Анын аталышы "Анык эмес, жалган маалыматтан коргоо" тууралуу мыйзам деп турат. Ал жерде маалыматтан эмес, анык эмес маалыматтан гана коргоо тууралуу айтылып жатат. Мындай боло турган болсо, анда мына ошол эле мыйзамда " маалымат анык же анык эмес экенин ырастай турган принциптер жана талаптар жазылышы керек. Кайсы критерий бузулганда маалымат анык эмес болуп чыгары так көрсөтүлүшү керек. Болбосо, анык маалыматтарды чыгаргандарды деле куугунтуктап, ошол мыйзамдын негизинде кылмыш ишин козгоого негиз болуп жатпайбы. Куугунтуктоого укуктук жылчык калтырылган".
Бийлик тараптын жүйөсү
Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев бийликтин соңку аракеттерине негиз берип жаткан жагдайлар бар деп эсептейт. Ал сөз эркиндигин ээн ооздук катары түшүнүп, ага кыянат мамиле кылгандар да көбөйгөнүнө токтолду:
"Биз дайыма күчтүү жарандык коом, сөз эркиндиги менен мактанабыз. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу калктын санын караганда бизде Кудайга шүгүр экен. Бирок айрым бир терс көрүнүштөр болуп калууда. Анан жанагы блогерлер менен журналисттердин дарегине айтылган сындар жөнүндө. Чынында блогерлик популярдуулукка жетүүнүн жеңил жолу болуп калды. Алар туурабы же туура эмеспи асылганы - мамлекет башчысы. Кээ бирөөлөрү чогуу болгондой, аралашып жүргөндөй сүйлөп, сый-урмат, маданият дегенден ныпым эч нерсе жок".
Медиа коомчулуктун өкүлдөрү айрым учурлар үчүн бардыгын айыптоого болбой турганын айтышты. "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков бийликтин сөз эркиндигин көзөмөлдөө аракетин сындап, тескерисинче анын туруктуулукту жана улуттук коопсуздукту чыңдоого кошкон салымын атады.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин коомдук кызыкчылык туудурган маанилүү маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыш жообуна тартуу практикасынан баш тартууга чакырды.
Эксперттердин баамында, соңку айда 20дан ашуун активист менен саясатчылардын кармалышы, “Азаттыктын” сайты менен банк эсебинин бөгөттөлүшү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканынын көрсөткүчү.
Өз кезегинде бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бузулбаганын байма-бай айтып келет. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыктын" сайты бөгөттөлгөндөн кийин, 28-октябрда билдирүү жасап, өлкөдө эркин медиалардын ишине чектөө жок экенин, сөз эркиндиги дайыма болгонун жана боло берерин билдирген.