Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Македония: президент кетмейинче оппозиция тынчыбайт


Македония
Македония

Оппозиция баштап көчөгө чыккан жүздөгөн жарандар бийликке катаал талаптарды коюуда. 12-апрелде президент Иванов жарандарды мыйзамсыз тыңшоого шектелген чиновниктерге мунапыс берген.

Македония борбору Скопьеде жүздөгөн адамдар кеңсе имараттарына боекторду чачып, "түстүү ыңкылап" деген жазууларды трафарет менен асфальтка түшүрүүдө.

12-апрелде президент Георге Иванов 20 миңдей жарандарды мыйзамсыз тыңшоого шектелген чиновниктерге мунапыс берген. Каршылык жүрүштөрү мына ушундан кийин тутанды.

Евробиримдик Македониядагы саясий кризисти жөнгө салуу үчүн бийлик менен оппозицияны сүйлөшүүгө чакырган. Ал 22-апрелде Венада өтмөк. Сунушту башкаруучу Македон улуттук биримдик демократиялык партиясы кабыл алган.

Түстүү ыңкылап деген жазуулар. Скопье, 20-апрель,
Түстүү ыңкылап деген жазуулар. Скопье, 20-апрель,

А бирок оппозиция андан баш тартканын Социал-демократтар партиясынын өкүлү Петре Шилеговдун "Азаттыкка" кабарлады:

- Венада пландалган жолугушуу болбой калды. Анткени оппозициялык партиялар ага катышуудан баш тартты. Жолугушуудан мурун бир катар шарттар аткарылышы керек эле. Шарттардын бири мөөнөтсүз парламенттик шайлоону дагы артка жылдыруу. Президент саясий кызматкерлерге берген ырайымын жокко чыгарсын, президент кызматтан чегинсин деген талаптар. Ошол шарттар аткарылган жок.

Кезексиз парламенттик шайлоо алгач 24-апрелге белгиленип, кийин 5-июнга жылдырылган. Оппозиция акыйкат жана демократиялуу шарттар түзүлгөн жок деп, шайлоону мына ушул шарттар түзүлгүчө өткөрбөш керек деп көшөрүүдө.

Македониянын борбору, 20-апрель
Македониянын борбору, 20-апрель

Буга чейин таратылган парламенттин спикери Трайко Веляноский болсо, депутаттарды кайра чакырып, жаңы шайлоо белгилөө юридикалык жактан мүмкүн эместигин белгилеп жатат.

Апрелдин башында македон президенти Георге Иванов жыйырма миң жаранды тыңшоого шектелген 56 аткаминерге мунапыс берген. Муну жергиликтүүлөр эл гана эмес, Евробиримдик менен АКШ да сынга алган. Байкоочулардын баамында, бул Евробиримдикке киргиси келген Македониянын аброюна терс таасир этет.

Мурдагы Югославиянын курамындагы бул мамлекет Евробиримдикке кирүүгө 2005-жылдан бери талапкер. Ал эми НАТОго мүчө болуу үчүн 2009-жылы талапкер болгон.

XS
SM
MD
LG