Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:24
2020-жылы 29-июнда Маалымат мыйзамына каршы акция өткөн.
2020-жылы 29-июнда Маалымат мыйзамына каршы акция өткөн.

Чуулуу мыйзам парламенттен өтпөй калды

Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору өтпөй калды. Ага 97 депутаттын 59у “макул” деп добуш берсе, 38и “каршы” болду. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүш үчүн 61 добуш талап кылынат.

Бир күн мурда 29-июнда тармактык комитет мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган болчу.

Буга байланыштуу 30-июнда Жогорку Кеңештин алдында жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митингге чыгышкан. ​

Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтоо жүрүп жатканы кабарланган. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталган. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөшкөн.

Эске сала кетсек, жарандык коом былтыр, 29-июнда дал ушул мыйзамга каршы митингге чыккан.

Мыйзамдын авторлору Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова.

15:02 30.6.2021

Журналист Лейла Саралаева: Депутат Гүлшат Асылбаева бул мыйзамды мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине кескин сын-пикир айтыла баштагандан кийин демилгелеп чыкканын унутпасак. Жарандык коомдун каармандык менен күрөшүнүн аркасында президент чегинип, мыйзамга кол койгон эмес. Октябрь окуяларынан кийин Асылбаева бул мыйзамды кайра көтөрүп чыкканы кыжырды келтирет. Бул мыйзам мурдагы президент баскан тырмоок экенин унутуп калыштыбы? Ошондуктан биз азыркы бийликти эски каталарды кайталабагыла деп эскертип чыктык.

15:04 30.6.2021

Элери Битикчи: Эң биринчиден мыйзамды кабыл алганда регламенттин бардыгы бузулган. Жогорку Кеңештин мөөнөтү да өтүп кетти. Жөн эле отурушса болмок. Бул мыйзам оозду жаптырыш үчүн жазылган. Көзөмөл кылганга акча дагы, ресурс дагы жок. Менин оюмча репрессияга жол ачкан, саясий мыйзам болуп жатат. Бийликти сындагандар үчүн гана колдонулат деп ойлойм.

15:05 30.6.2021

Колуна “Гүлшат Асылбаева, Садыр аваман колуңду тарт!” деген кагаз көтөргөн жарандык активист Улан Үсөйүн мындай деди.

“Элдин пикирин бийликке жеткире турган сайттар, эркин журналисттер гана калды. Эми ошону чектегенге аракет кылып жатат. Эркин сайттардын, адамдардын, ойдун болгону бийликке жакпайт. Социалдык тармак аркылуу эл көп нерсени айтып, бийликтеги адамдардын жүзүн ачып жатат. Биз былтыр эле бүттү деп ойлогонбуз, бирок кайрадан алып чыгыптыр. Мен Садыр Жапаров жакшы ойлонуп, туура чечим чыгарат деп ойлойм”.

15:19 30.6.2021

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бул мыйзам алымча-кошучалар менен кабыл алынышы керек деп эсептейт.

“Эркек болсо, таза болсо өзүнүн сүрөтүн коюп пикир жазса сөз жок. Бирок бир эле саясатчы миңдеген фейктер менен бирөөлөрдүн абийирин төгүп жаздырган мыйзамсыз, анан күнөө. Фейк деген аты жок, бирөөлөрдү ушактагандар деп аныктама берип койсом болот. Мыйзамда эч кимдин укугун бузган жок. Фейк кылмыш кылып жатат, бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп, кадыр-баркын бузуп жатат. Ачык чыгып жазсын сөз жок”.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG