Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:26
2020-жылы 29-июнда Маалымат мыйзамына каршы акция өткөн.
2020-жылы 29-июнда Маалымат мыйзамына каршы акция өткөн.

Чуулуу мыйзам парламенттен өтпөй калды

Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору өтпөй калды. Ага 97 депутаттын 59у “макул” деп добуш берсе, 38и “каршы” болду. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүш үчүн 61 добуш талап кылынат.

Бир күн мурда 29-июнда тармактык комитет мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган болчу.

Буга байланыштуу 30-июнда Жогорку Кеңештин алдында жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митингге чыгышкан. ​

Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтоо жүрүп жатканы кабарланган. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталган. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөшкөн.

Эске сала кетсек, жарандык коом былтыр, 29-июнда дал ушул мыйзамга каршы митингге чыккан.

Мыйзамдын авторлору Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова.

15:26 30.6.2021

Дастан Бекешев: Бул зыянкечтик. Мамлекет жарандарына ансыз да эч нерсе бере алган жок. Эми жалгыз сөз эркиндигин тартып алганы жатат. Эң жалган маалыматты саясатчылар таратат. Айлык көтөрүлдү дейт, көтөрүлгөн жок. Кайра кыскарып жатат.

Жыйын учурунда мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева менен депутат Дастан Бекешовдун ортосунда кайым айтышуу чыкты.

Гүлшат Асылбаева: Дастан Далабаевич сиздин юридикалык компетенттүүлүгүңүздөн шек санап жатам.

Дастан Бекешев: Менин компетенттүү экенимди окутуучуларым айтсын. Сиз бул мыйзам менен "Биримдик" партиясынын тизмесине киргениңизди жакшы билебиз.

15:30 30.6.2021

Абдывахап Нурбаев: Бизде байлык Кумтөр эмес. Борбор Азияда биз демократиябыз менен өзгөчөлөнүп турабыз. Элдин оозун жабууга аракет кылып жатасыңар.

Гүлшат Асылбаева: Сиз демократияга каршы чыгып атасыз. Эшикте митинг өткөрүп жаткандар да кайсыл максатты көздөп атканы белгилүү.

Абдывахап Нурбаев: Сиз тарыхтын алдында жооп бересиз.

15:34 30.6.2021

Наталья Никитенко: Азыркы мыйзам маалымат талаасын тазалоого жардам бербейт. Мамлекетте кризис болуп атканда мындай мыйзамды кабыл алуу ыңгайсыз. Жумуш орундары кыскарып атканда кошумча орган түзүү кимге керек? Бул мыйзам кабыл алынса, ким утат. Ошол эле саламаттык сактоо министри утат. Анын дарегине жүйөлүү сындар айтылып жатат.

15:36 30.6.2021

Бурун Аманова: Элдин нааразылыгы социалдык медиада айтылып турганы жакшы эмеспи. Көчөгө чыгып митинг уюштургандан көрө. Биз андан көрө элдин маалыматтык сабаттуулугун арттыруу ишин баштабайлыбы?

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG