Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:25
2020-жылы 29-июнда Маалымат мыйзамына каршы акция өткөн.
2020-жылы 29-июнда Маалымат мыйзамына каршы акция өткөн.

Чуулуу мыйзам парламенттен өтпөй калды

Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору өтпөй калды. Ага 97 депутаттын 59у “макул” деп добуш берсе, 38и “каршы” болду. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүш үчүн 61 добуш талап кылынат.

Бир күн мурда 29-июнда тармактык комитет мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган болчу.

Буга байланыштуу 30-июнда Жогорку Кеңештин алдында жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митингге чыгышкан. ​

Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтоо жүрүп жатканы кабарланган. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталган. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөшкөн.

Эске сала кетсек, жарандык коом былтыр, 29-июнда дал ушул мыйзамга каршы митингге чыккан.

Мыйзамдын авторлору Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова.

10:49 30.6.2021

10:52 30.6.2021

Айрым активисттер сөз эркиндигинин күчү менен бийликке келгендер кайра сөз эркиндигине каршы иштеп жатканын эске салышты.

Депутат Гүлшат Асылбаева маалымат тууралуу мыйзамды 2020-жылы да сунуштаган.

11:14 30.6.2021

11:20 30.6.2021

Рита Карасартова: Жогорку Кеңештин күн тартибине бул маселе кирбептир. Менимче эртең чукул жыйынган чогулуп, иштөө мөөнөтүн дагы эки жумага узартабы деп жатам. Негизи дүйнө жүзүндө фейктерге кантип минтип күрөшпөйт. Кармап, камап дегендей. Биздин "чоң байкебиз" болгон Орусияда дагы бул мыйзам иштеген жок. Өнүккөн мамлекеттерде болгону билимдин сапатын көтөрөт. Билимдүү адам кайсы маалымат жалган, кайсы маалымат чын экенин өзү эле айырмалап билип алат. Менимче бул мыйзамды өткөрүшөт. Анткени Конституция өзгөрдү, жеке бийликке жол ачылды. Парламент тараганча ошол бийликке ыңгайлуу бир катар мыйзамдарды кабыл алып бергени жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG