Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:19
2020-жылы 29-июнда Маалымат мыйзамына каршы акция өткөн.
2020-жылы 29-июнда Маалымат мыйзамына каршы акция өткөн.

Чуулуу мыйзам парламенттен өтпөй калды

Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору өтпөй калды. Ага 97 депутаттын 59у “макул” деп добуш берсе, 38и “каршы” болду. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүш үчүн 61 добуш талап кылынат.

Бир күн мурда 29-июнда тармактык комитет мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган болчу.

Буга байланыштуу 30-июнда Жогорку Кеңештин алдында жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митингге чыгышкан. ​

Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтоо жүрүп жатканы кабарланган. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталган. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөшкөн.

Эске сала кетсек, жарандык коом былтыр, 29-июнда дал ушул мыйзамга каршы митингге чыккан.

Мыйзамдын авторлору Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова.

11:22 30.6.2021

11:27 30.6.2021

Эркин Нурбаев: Эгер жалпы жонунан карай турган болсок жаңы президенттин командасы сөз эркиндигин да менчиктеп алгысы келип жатат. Гүлшат Асылбаева мурдагы бийликке кызмат кылган, азыркыга да кызмат кылып жатат.

12:19 30.6.2021

Парламент Маалымат мыйзамын түштөн кийин карай турган болду.

12:20 30.6.2021

"Эксгумация" болгон мыйзам

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков аталган мыйзам долбоорун жазуу үчүн макулдашуу тобун түзүүдө “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамы одоно бузулган деп эсептейт.

“Акыркы жылдары Жогорку Кеңештин жосунсуз жоруктары өтө көп болуп кетти. Кыргыз парламентинин тарыхында жерге берилген депутатка добуш бердирткен учур болгон эмес, өткөндө өлгөн адамга добуш бердиртти. Азыр эми өлгөн мыйзамга добуш бердиртип жатат. “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам былтыр президенттин каршы пикири менен кайтарылып, кароо мөөнөтү өтүп кеткен. Аны кайра кайтыш болгон адамды эксгумация кылгансып, добушка коюу өлгөн мыйзамга добуш бердирткен жагдай да. “Маалыматты манипуляция жөнүндө” мыйзам деп жатышпайбы, чынында бийликке каршы чыккандарды капитуляция кылчу мыйзам. Каржы булагы аныкталган эмес, аткаруучу органы жок. Бул мыйзам иштебейт, иштесе, бийлик үчүн гана иштейт”.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG