Брюсселде чогулган 27 өлкөнүн башкы дипломаттары жабык эшик артында Кремлге жакын жетекчилерге санкция салууну сүйлөшкөнү белгилүү болду.
Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас жыйындан соң Берлинде сүйлөп жатып, “конкреттүү адамдарга” чектөөлөрдү киргизүү макулдашылганын ачыкка чыгарды.
«Албетте, мамиле абдан төмөн деңгээлде, башкача айта албайсың. Ошондуктан, биз конкреттүү адамдарга кошумча санкция киргизүүнү чечтик»,- деди Маас.
Ага чейин бир нече маалымат агенттиги сүйлөшүүгө катышкан дипломаттарга таянып, Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин, Росгвардиянын жетекчиси Виктор Золотов, башкы прокурор Игорь Краснов жана Федералдык жаза аткаруу кызматынын директору Александр Калашников жаңы санкцияга туш болорун жазышкан. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек.
Германиянын тышкы иштер министри “санкциялык тизме” алдыдагы аптада дагы макулдашылып, толукталарын кыйытты.
Европа өлкөлөрү Алексей Навальныйга карата саясий куугунтук жүрүп жатат деп эсептейт. Эми санкция салынган жетекчилердин Европадагы банктык эсептери камакка алынып, визалык чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.
Ал ортодо АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен БУУнун Женевадагы жыйынында сүйлөп жатып, Орусиянын Навальныйга карата “химиялык зат” колдонгонун айыптады. Ал Москваны Улуттар Уюмунун уулуу заттарды колдонбоо боюнча эрежелерин так сактоого чакырды.
Евробиримдиктин жыйынынын алдында Алексей Навальныйдын үзөңгүлөштөрү Леонид Волков жана Иван Жданов ЕБдин министрлери менен видеоконференция аркылуу байланышкан учурда орус президенти Владимир Путиндин айланасындагыларга санкция салууга чакырган.
Волковдун айтымында, орус бийлиги «күчтүн тилин» гана түшүнөт жана Европа мамлекеттеринин диалог жүргүзүү саясатын Кремль кенебейт.
«Мына ошол себептен биз Путин мырзага жана анын жакынкы тарапташтарына, олигархтарга жана расмий адамдарга санкция киргизүүгө чакырып жатабыз. Биз албетте баары мүмкүн эмес экенин түшүнөбүз, ошентсе дагы Кремлге компромисстердин маалы бүткөнүн так билгизиш керек», – деди Волков.
Мурдараак Навальныйдын тарапташтары АКШ менен Евробиримдикке 35 адамга санкция киргизүүнү сунуштаган. Алардын арасында Батышта активдери бар таасирдүү ишкерлер дагы бар эле. Бул демилгени Кремлге ыктаган маалымат каражаттары сынга алган.
Кремлдин келишкис сынчысы, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный өткөн айда Германиядан дарыланып келери менен камакка алынган.
20-февралда Москва соту Навальныйды 3,5 жылга абакка кесүү боюнча буга чейин чыккан чечимди күчүндө калтырган. Ошол эле күнү Навальный согуш ардагеринин кадыр-баркына шек келтирди делген айып менен күнөөлүү деп табылып, ири суммадагы айып пул төлөөгө милдеттендирилди.
Январдын ортосунан Орусияда саясатчыны бошотуу талабы менен акциялар өтүп, анын жүрүшүндө миңдеген адамдар кармалган.
Лукашенко: Кремлден акча сурабайм
Евробиримдиктин мүчөлөрү Орусияга карата санкцияларды талкуулап жаткан кезде орус президенти Владимир Путин 26 жылдан бери Беларусту башкарып келе жаткан Александр Лукашенкону Сочидеги резиденциясында кабыл алды.
Эки лидердин сүйлөшүүсү эки өлкөдө тең оппозициянын акциялары өтүп, Батыштын басымы күчөп турган учурга туш келди. Бейформал шартта өткөн жолугушууда Путин жана Лукашенко Европанын санкциясына маани бербегендей түр көрсөттү. Муну баса белгилеген Путин:
«Сизди көргөнүмө кубанып турам. Экөөбүзгө биргеликте убакыт өткөрүп, эс алып, азыркы жумуш убактысында лыжа тебүүгө чакырам», - деди.
Кремль Путин жана Лукашенко бул жолугушууда экономика, энергетика, коопсуздук жана интеграция маселелерин талкууларын күн мурун жарыялаган.
Буга чейин маалымат каражаттарында дал ушул жолугушууда Беларус менен Орусиянын интеграциясы жөнүндө сөз болушу мүмкүн экенин жазышкан. Андан сырткары Москва Минскиге каржы жактан жардам бериши мүмкүн экени болжолдонгон.
Бирок сапар алдында Александр Лукашенко бул жолу Орусиядан акча сурабасын билдирген.
«Адатта боло келгендей, айрымдар алдын-ала эле "Лукашенко 3 миллиард доллар сураганы (Москвага) баратат", деп айтып жатышат. Мен Орусияга (бул ирет) бир нерсе сураганы барбайм», - деген ал.
Акыркы жолу Путин жана Лукашенко былтыр сентябрда Сочиде жолуккан. Ал учурда Москва Минскиге 1,5 миллиард доллар насыя бөлүүнү убада кылган.
Андан бери Беларуста оппозициянын массалык акциялары солгундаганы менен бийликке сын айткандарга куугунтук уланып жатат. Ал эми Орусияда болсо оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды камакка алган соң бир нече жапырт нааразылык акциялары өтүп, миңдеген адамдар кармалды.
Акыркы жылдары Орусия газга бааны көтөрүү менен Беларуска басымды күчөтүп келген. Былтыр августта Беларуста президенттик шайлоодон соң саясий кризис башталганда Александр Лукашенко Москва менен мамилесин жакшыртууга аргасыз болгон. Андан бери Беларус бийлиги демонстранттарды кууп таратып, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүн күч колдонуп кармап келет.
АКШ жана Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Беларус бийлигинин бул аракеттерин сынга алып, санкцияларды киргизген.
Орусия Беларустагы шайлоону тааныган жана абал курчуп кетсе Лукашенкого жардам көрсөтөрүн билдирип келет. Буга чейин орус президенти Владимир Путин Лукашенконун суранычы менен күч кызматтарынан турган резервдик топ түзүлгөнүн жарыялаган.