Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

БУУ: Карантинде үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү


Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

Коронавируска байланыштуу жарандары үйүндө отурган өлкөлөрдө үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш билдирип, зомбулукту токтотууга чакырды.

Баш катчы видеокайрылуусунда кыз-келиндерди алар үчүн эң коопсуз болушу керек болгон жайда – үйүндө коркунуч күтүп турганын белгиледи.

«Акыркы жумаларда экономикалык жана социалдык басым менен коркунуч күчөгөн сайын биз үй-бүлөдөгү зомбулук үрөй учурарлык жайылганына күбө болуудабыз. Айрым өлкөлөрдө жардам берчү кызматтарга кайрылган аялдар эки эсе көбөйдү», - деп билдирет Гутерриш.

Бирок укук коргоо органдары менен медицина кызматкерлери пандемияга байланыштуу иштен колу бошобой, зомбулукка кабылгандарды колдогон жергиликтүү топтор ар бир жабыркаган адамга жардам берүүгө үлгүрбөй жатат.

БУУнун баш катчысы маселени чечиш үчүн бийлик өкүлдөрүн зомбулукка кабылгандарга көмөк көрсөткөн уюмдарга каржылык колдоону күчөтүүгө, айыптууларды жазасыз калтырбоого, зомбулук кылмыштары тууралуу кабарлаган системаларды дарыкана жана азык-түлүк дүкөндөрүндө орнотууга чакырды.

Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө ушул тапта дарыкана жана азык-түлүк дүкөндөрү гана иштөөдө. Айрым маалыматтарга караганда планета калкынын үчтөн бири, тагыраагы 2,6 миллиард адам карантинде.

XS
SM
MD
LG