Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:22

Түркмөнстан: чет өлкөгө чыккандар психологиялык тест тапшырат


Түркмөнабад шаарындагы Миграция кызматынын алдында кезек күтүп тургандар. Түркмөнстандын Лебап провинциясы. 25-сентябрь, 2012-жыл. Архивдеги сүрөт.
Түркмөнабад шаарындагы Миграция кызматынын алдында кезек күтүп тургандар. Түркмөнстандын Лебап провинциясы. 25-сентябрь, 2012-жыл. Архивдеги сүрөт.

Түркмөнстан бийлиги чет өлкөгө чыга турган жарандарды психологиялык тест тапшырып, Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкери менен баарлашуудан өтүп, визанын мөөнөтү бүткүчө мекенге кайтып келүү тууралуу кепилдикке кол коюуга милдеттендирет. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды.

Маалыматка караганда, жаңы эрежелер Балкан облусунда иштей баштады. Аймактын бийлиги чет өлкөгө чыгуу үчүн визага тапшыргандардын тизмесин Улуттук коопсуздук министрлигине тапшырат. Андан соң жарандар миграция маселесин тескеген кызматкер менен баарлашуудан өтүшөт.

Чет жакта калып калгандарга же визанын мөөнөтү аяктагыча мекенине кайтпай койгондорго кылмыш иши козголору эскертилип жатат.

Ошондой эле жарандар психологиялык тесттен өтүшүүдө. Жергиликтүү тургундардын бири "Азаттыкка" айтып бергендей, ал жакта "чет элдикке турмушка чыгат белең", "маңзатка кандай карайсың", "кандай мессенжерлерди колдоносуң" деген сыяктуу алтымыштан көп суроо бар.

Миграциялык кызмат кошумча талаптардын киргизилишин чет жакка чыгып кетип, кайтпай койгон түркмөнстандыктардын көбөйүшү менен түшүндүрдү.

Түркмөн бийлиги буга чейин бир нече ирет жарандардын чет жакка чыгуусун чектегенге аракет кылган. 2022-жылы жашы жете элек балдары же түрмөдө отурган туугандары барларга чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган. Ал эми былтыр сентябрда Түркия менен визасыз режимди жокко чыгарышкан.

Түркмөнстандыктардын көбү Түркияда эмгектенип жан багышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG