Бирок, акча, тендер маселесинде талаш-тартыштар көп чыгып бул жаатта коррупциялык көрүнүштөр арбын.
Ленин чокусуна барууну самагандар көп
Алай районундагы Ленин чокусу жыл сайын миңдеген туристтерди өзүнүн кучагына тартат. Анын эсебинен жергиликтүү тургундар каражат таап, үй-бүлөсүн багат. Бирок туристтер чокуда калтырган таштандылары чогулуп, бийик тоо акыр-чикирден тазаланбай калган. Аны тазалоого өткөрүлгөн тендер күмөн ойлорду жаратууда.
Ак кар, көк муз баскан Ленин чокусу Кыргызстан менен Тажикстандын арасындагы Чоң-Алай кырка тоолорунун борбордук бөлүгүндө орун алган. Бийиктиги 7134 метрди түзүп, ага биринчи альпинист 1934-жылы чыккан. Ленин чокусун багынткысы келген көптөгөн альпинисттер жана экстремалдар жыл сайын жергиликтүү бюджетке өз капчыктарынан каражаттарын калтырып кетишет. Албетте, өтө аз санда. Мындай оюн Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирланбек Сапаралиев "Азаттыкка" маек куруп жатып билдирди. Анын айтуусунда, туристтерден түшкөн каражат бир жылда 198 миң сомду гана түзөт, калган акча иш алып барып жаткан ошол тогуз туристтик компаниянын чөнтөгүнө кетет.
- Ленин чокусу биздин айыл өкмөттүн аймагына кирген соң бардыгы ушул жер менен өтүшөт. Туристтердин келгени жакшы дечи. Бирок алар менен келген каражат да биздин айыл өкмөткө калса, андан дагы жакшы болмок. Булар менен расмий иштеген азыр тогуз компания бар, алардын бир-экөө гана бизге салык төлөшөт, калганы кайсы жерде катталган болсо, бардык салыктарды ошол жерлерде төлөшөт экен. Мындан улам арзыбаган гана каражат түшөт. Биз билебиз чет элден келген альпинисттер дейбизби же экстремалдарбы, алар туристтик компанияларга оңбогондой эле акча калтырышат. Алыскы райондогу биздей айылдарга жок дегенде ушул компаниялардын салыгын төктүрүп койсо кандай өнүгөт элек.
Таштандыга толгон чоку
Ленин чокусунун айланасындагы дагы бир көйгөй - бийиктикти багынтабыз деген туристтер ыргыткан таштандыларын өздөрү менен кошо ала түшүшпөгөндүгү. Канчалаган жылдардан бери Ленин чокусунун айланасы таштандыларга толуп, андан арылуунун айласы изделип келген.
Мындан улам өткөн жылы өкмөт мөңгүлөрдөгү акыр - чикирлерди тазалоо үчүн атайын тендер жарыялап, ага 2 миллион 120 миң сом каражат бөлгөн. Ал тендерди "Ак-Сай тревел" туристтик компаниясы утуп чыгып, нааразычылыктар мына ошондон кийин башталган. Анда жергиликтүү тургундар ишке тартылбай, туризм департаменти аны ишке ашырууда чакырылган эмес деген кинелер койулган. Ленин чокусун таштандыдан тазалоо боюнча экологиялык акцияны ишке ашырган Республикалык жаратылышты коргоо фондунун аткаруучу директору Руслан Кожобаев айтылган нааразычылыктардын бардыгы негизсиз дейт.
- Мунун баары негизсиз, мен айтып жатам, келгиле да каалагандай текшергиле деп. Эми өзүңөр деле карап көргүлө, тендердин жарыясы өкмөттүн сайтында бир жарым ай илинип турду, биз кайдан билебиз кайсы компания утуп келерин, бул биринчиси. Экинчиден, туризм департаменти деп жатат, алар сайттан көргөн соң өздөрү деле кызыгып койбойбу. Алардын түздөн-түз иши деп ойлойм мен. Жергиликтүү тургундарды ишке тартмак турсун алардын айрымдары бекер иштеп жардам беришти. Чокудан түшүп келе жаткан ар бир адам таштанды салынган капты өзү менен ала түшүп, аны жергиликтүү тургундарга берип, тургундар базалык лагерге чейин таштандыны ат менен ташып келишти. Албетте, биз ар бир акцияга катышкан адамга акыр-чикирлердин килограммы үчүн акчалай сыйлыктарды тапшырдык. 8 тонна таштанды чыгаруу пландалган болсо элдин жардамы менен 20 тоннадан ашык чыгарылды.
Акча максатсыз жумшалганбы?
Кыргызстандагы Туризм ассоциациясынын директору Владимир Комиссаров тендер жөнүндө бир туристтик компания башынан эле аныкталганын, бул экологиялык иш-чарага бир эле Жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү республикалык фонду эмес, Туризм департаментине премьер-министр тарабынан тапшырма берилгенин билдирди.
Демек, эки мекеме биргеликте иш алып барышы керек болчу, эки миллиондон ашуун каражат кандай жол менен коротулуп кайда кеткенин биз аягына чейин изилдеп чыгабыз дейт.
- Ленин чокусунун жанындагы Кашка-Суу айылынын бир да тургуну бул иш-чарага катышкан жок. Алар бүткөндөн кийин гана угушту. Ал эми мөңгүлөр кандай тазалангандыгын мен кудай буйурса июнь-июль айларында эринбей чыгып, баарын сүрөткө, видеого тартып келем. Эл көзүнө тазаламыш болуп мамлекеттин каражатын сиңирип кетишти булар. Бизде туристтер көп келген эки бийик чокубуз бар, бирөөсү ушул Ленин, экинчиси Эңилчек, экөө тең таштандыга толгон. Биз өкмөткө жаңы мыйзам долбоору боюнча сунуш берсек ал унутулган бойдон турат. Анда Эңилчек менен Ленин чокусун өзгөчө корукка айланталы дегенбиз, анткени келген туристтер таштандыга толтуруп бүтмөк болду.
Айыл жана шаар аймактарындагы тоодой үйүлгөн акыр-чикирлер гана эмес, Ленин чокусу, Эңилчек тоо кыркаларын толтурган таштандылар да Кыргызстандагы экологиялык абалдын кооптуу экендигинен кабар берет. Ал эми мөңгүлөрдү сактоого кеткен каражаттар максаттуу жумшалбаса, келечекте суу байлыктарынан кол жууп калуу коркунучу бар.