Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бир суткада бул илдет көп сандагы медицина кызматкерине жуккан алгачкы учур катталды. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 9-июлда кабарлагандай, кечээтен бери COVID-19 диагнозу 83 медкызматкерге коюлду.
Алардын 22си Ош шаарында, 20сы Бишкекте, Ош облусунда 12, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында сегизден, Баткен жана Чүй облустарында бештен жана Нарын облусунда үч кызматкер.
Соңку бир сутка ичинде ооруканада коронавирустан дарыланып жаткан медиктердин ону айыгып, үйүнө чыкты. Жалпысынан вирус 1370 дарыгерге жукту, алардын 532си айыгып кетти.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги пандемия башталгандан бери беш эле дарыгердин өлүмү тууралуу кенен маалымат берүүдө.
Акыркы бир аптада эле бештен көп дарыгер, медайым, фельдшерлер каза болду.
Билим берүү жана саламаттык тармагынын мыкты адиси кетти
Алардын катарында саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары, ардактуу дарыгер, балдардын кардиологу, профессор Абдиманап Муратов бар.
Ал 4-июлда 59 жашында пневмониядан кайтыш болду. Маркум 1961-жылы Ош облусунда туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн соң кардиолог-дарыгер болуп эмгектенген. Президенттин жана өкмөттүн аппаратында саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Саламаттык сактоо министринин орун басары, кийин билим берүү министринин орун басары болгон.
Акыркы жылдары дарыгерлик кесибине кайтып келген. Коронавируска каршы күрөш боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөсү катары пандемияга каршы илимий эмгектерди жарыялаган.
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мурдагы төрайымы Нурхан Жумабаева Муратов акыркы күндөрү балдар арасындагы коронавирус оорусунун алдын алуу боюнча бир топ иликтөөлөрдү жүргүзүп, өнөкөт дарты бар балдарды бул оорудан коргоонун жолун издеп жүргөнүн айтты:
«Кайсы жерде иштебесин, бул киши эл үчүн кызмат кылган. Билим берүү, саламаттык сактоо жаатындагы мыкты эксперт, адис эле. Мыйзамдарды жакшы билген, интеллигент болчу. 26-июнда акыркы ирет жолукканда ал «бул пандемия көпкө чейин созулат. Кеминде бир-эки жылдай болот» деп айткан. «Коюңузчу, бир-эки айда эле бүтсө керек» десем, «жок, мунун кесепети абдан оор болот. Адистер «балдарга билинбейт, алар жеңил көтөрөт» деп жатышат. Бирок коронавирус менен ооруган баланын ден соолугу кийин кандай болорун азыр эч ким талдай элек. Азыр биз өнөкөт оорусу бар балдарга шарт түзүп беришибиз керек. Бир нече айдан кийин акчаң колуңда турса да сапаттуу медициналык тейлөө ала албаган деңгээлге жетебиз. Абдан коркунучтуу кырдаал алдыда» деп айткан. Агайдан айрылып калганыбызга ишене албай турам. Жүрөк оорулуу, кант диабети менен ооруган балдарга жардам берүү жаатында чогуу иштештик, улуттук деңгээлдеги кеңешчи болчу. Анын ордун эми эч ким баса албайт. Абдан өкүнүчтүү абалда турабыз».
4-июлда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыков 62 жашында каза болду.
Облустук бириккен оорукананын маалыматы боюнча, маркум акыркы төрт күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан.
Ал 1958-жылы Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктагандан кийин Ташкенттеги медициналык институтта билим алып, Ысык-Көл облусунда 35 жылдан ашык эмгектенген.
6-июлда Түрк тилдүү элдердин нейрохирургдар ассоциациясынын мүчөсү, медицина илимдеринин доктору, Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагынын эмгек сиңирген ишмери Бектемир Муканбетөмүров 67 жашында пневмониядан көз жумду.
Ал өмүрүнүн аягына чейин коронавирустан жабыркаган бейтаптарга жардам берип жатып, өзү ооруга чалдыгып дүйнөдөн кайтты.
6-июлда Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн акушери Заида Терекбаева пневмониядан улам каза болду. Ал 56 жашта эле. Кесиптештеринин айтымында, пандемия башталгандан бери төрөтканадан чыкпай, бейтаптарга жардам берип келген.
Мээримдүү фельдшердин өлүмү
7-июлда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын тез жардам бөлүмүнүн фельдшери 37 жаштагы Валерий Гаук коронавирустан кайтыш болду. Ал өмүрүнүн аягына чейин айылдык бейтаптарга жардам берип, бирок өзү сапаттуу медициналык жардамга жетпей, ата-энесинин колунда көз жумган. Бир тууганы Ирина Гаук инисин тез эле ооруга алдырып жибергенине ишене албай отурган чагы.
Валерий жарандык активист катары иштеп, пандемия башталгандан бери айылдын жакыр катмарына жардам таратып жүргөн. Новопокровка айылдык кеңешинин да депутаты эле. «Тез жардам» кызматында коргоочу каражаттары жок болгонуна карабай, өмүрүнүн акыркы саатына чейин иштеген. Валерийдин артында эки уулу, пенсионер ата-энеси калды. Бир тууганы Ирина өкмөт убада кылган компенсация берилсе, балдарына кичине жардам болмок деп кыйылып турат:
«Валерий Новопокровка айылындагы «Тез жардам» кызматынын жалгыз фельдшери эле. Бир нече саатта эле көз жумду. Өмүрүнүн аягына чейин бейтаптарга, муктаж болгондорго жардам берем деп чуркап жүрдү. Өзү дене табы көтөрүлүп, кыйналып жатканына карабай, ишин таштап кеткен жок. Аябай кыйналып, дем жетпей калганда эртең менен саат алтыда досторун чакырды. Ата-энебизге айтпай, аны «Манас» аба майданынын жанындагы обсервацияга алып барышты. Ал жакта такыр шарт жок экен. Дары-дармек, ал тургай иче турган суу таппай кыйналыптыр.
Валерий бул обсервацияны «өлүм талаасы экен» деп жазды. Анан ал жактан «дарыгерлерге доом жок» деп жазып берип, кыйналганына карабай үйгө чыгып келген. Ата-энемдин колунда кыйналып жатып жан берди. Артында эки уулу калды. Алар кантет, эми? Өтө позитивдүү, баарына жардам бергиси келип эле турчу. Альтруист эле. Келинчеги да «Тез жардам» кызматында фельдшер болуп иштейт. Азыр ал да коронавируска каршы күрөшүп жүрөт».
Буга чейин Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб жана өкмөт каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө бир миллион сомдон кенемте төлөнөрүн жарыялаган. Бирок азыркыга чейин канчасына төлөнүп-төлөнбөгөнү тууралуу так маалымат жок.
6-июлда Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана жугуштуу оорулардын алдын алуу борборунун башчысынын орун басары Артыкбай Эралиев 62 жашында коронавирус оорусунан каза тапты.
Эралиев өмүрүнүн аягына чейин ооруну аныктоо боюнча иш алып барган. Кыргызстандын саламаттыгына эмгек сиңирген ишмер, медицинанын отличниги наамдарына ээ болчу. Үч баланын атасы эле.
8-июлда Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ооруканасынын жалгыз хирургу 55 жаштагы Кубанычбек Карагулов кайтыш болду.
Ал өмүрүнүн соңку учурунда ооруп жүргөн, бирок жакындары анын өлүмүнө вирус себепкер болдубу же жокпу деген суроону тактап жатканын айтышууда.
Ушул эле күнү Ош облустук аймак аралык балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүнүн башчысы Жангара Абдыхаликов каза болду. Ал ооруканага үч күн мурда түшкөн. Алгачкы диагноз «эки тараптуу пневмония» деп коюлган. Бул тууралуу «Азаттыкка» маркумдун кесиптештери билдиришти.
Жангара Абдыхаликов аталган оорукананын ЛОР бөлүмүн 1986-жылдан бери башкарып келе жаткан. «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» наамын, бир катар мамлекеттик сыйлыктарды алган.
Мындан тышкары медайымдар, фельдшерлер да вирустун курмандыгы болушууда. 7-июлда Түп районуна караштуу Арал айылынын тургуну, медайым Чынар Турускелдиева 54 жашында ооруканада көз жумду. Ал 20 жылдан бери Арал айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеп келген.
Буга чейин коронавирустан жана пневмониядан каза болгондор:
Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева коронавирус жугузуп, 2-май күнү көз жумду.
2-июнда коронавирустан Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун фтизиатры Альберт Исмаилов 59 жашында каза болду. Ал 1994-жылдан 2013-жылга чейин Кара-Кулжа райондук кургак учук менен күрөшүү диспансерин түптөп, аны жетектеп, райондогу бейтаптарды өзү жалгыз тейлеген фтизиатр дарыгер болгон.
22-июнда ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча бейтапканасынын ординатор дарыгери Жамал Тазабекова 71 жашында коронавирустан кайтыш болду. Ал ооруну иштеп жүрүп жугузган.
1-июлда Бишкекте көп жылдар бою бейтапканаларда иштеген хирург, пульмонолог, Кыргыз медицинасынын отличниги Мурат Жумабеков 56 жашында пневмониядан көз жумду.
2-июлда «Даңк» медалынын ээси, эмгек сиңирген дарыгер, өпкө, боор оорулары боюнча профессор 80 жаштагы Исхар Фунлоэр мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, хирург, медицина илимдеринин доктору, Исхар Фунлоэр Кыргыз-Орус (Славян) университетинин жалпы хирургия кафедрасында иштеп, өмүрүн аягына чейин студенттерген онлайн сабак берген.
Коронавирус пандемиясы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы тереңдеп кеткен маселелерди ачыкка чыгарды. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 3-июлда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата тараткан кайрылуусунда айтты.
7-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар адамдардын баарын келишимдик негизде иштеп берүүгө чакырып, 70 миң сом айлык төлөп берүүгө убада берди.
Орусияда активисттер коронавирус маалында каза болгон медициналык кызматкерлердин ачык тизмесин түзүп, ага Кыргызстандан да адистерди киргизүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.
«Эстелик тизмесине» активисттер «Тез жардам» машинелеринин айдоочуларынан тарта оорукананы тазалаган техникалык кызматкерлерден бери киргизүүдө. Орусияда коронавирус маалында каза болгон медициналык кызматкерлер 563 адам болсо, КМШ өлкөлөрүнөн 93 киши тизмеге кирди.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.