Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү алдамчылыкка шек санап кармаган 32 жаштагы жаран Бекзат Өмүрбеков экени айтылууда. Расмий маалыматта шектүүнүн аты-жөнү аталбай Ө.Б. деген инициал менен берилген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 3-мартта карап, 1-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Интернет колдонуучулар шектүү Бекзат Өмүрбеков экенин белгилешкени менен милиция тастыктаган да, четке каккан да жок. Ошол эле учурда Ички иштер министрлиги шектүүнүн көзү гана кара сызык менен жабылган сүрөтүн да жарыялаган. "Азаттык" Өмүрбековдун адвокаты жана жакындарына байланыша албады.
Милиция тараткан кабарда шектүүлөр эки киши экени маалымдалган. Экинчиси кармалып же кармалбаганы тууралуу эч нерсе айтылган эмес.
Иштин баштапкы версиясына ылайык, алар жергиликтүү тургундардын бирине жетекчилик кызматка ишке орноштурууга убада берип, 50 миң доллар акча алган. Милиция шектүүлөр өздөрүн "өлкө жетекчилиги менен байланышы бар" деп тааныштырганын белгилейт.
Жабырлануучу арызды 2023-жылдын 21-июнунда жазган. Юрист Замир Жоошев ушунча убакыт шектүүлөрдүн кармалбай жүрүшү суроо жаратып жатканын билдирди.
"Же милицияны да бийликтин жогору жагында байланышым бар" деп коркутуп келди, же милиция сегиз ай бою иштебеди", - деген пикирин Фейсбукка жазды Жоошев.
Бекзат Өмүрбеков интернет платформаларда азыркы бийликтин жигердүү колдоочусу катары таанымал. Айрымдар аны "өкмөткө сын-пикир айткандардын аёосуз каралоочусу" деп сыпатташат.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова анын каралоосуна кабылганын белгилеп, дүйшөмбү күнү милицияга арыз жазарын маалымдады.
Журналист Канышай Мамыркулова бул окуя "өзүн бийликчил көрсөткөн көптөгөн активисттерге" сабак болушу керек деп эсептейт:
"Эгер алдамчылыкка жол берилип, ушундай ишке барганы чын болсо жана анын кармалышы мыйзамдуу болсо, анда албетте бул көрүнүш эл арасында "бийлик бир тараптуу эмес экен, баарына тегиз карайт экен" деген жакшы пикирди калыптандырышы мүмкүн".
Бул өңдүү пикирлерди акыркы күндөрү бир топ киши айтып жатат. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аларга жооп катары калыстык үчүн бийлик жетекчилигине да туура баа берилиши керектигин белгиледи.
"Жакындыгына карабай "күнөөлүү болсо, жазасын тартсын" деген акыйкаттык. Мурдагы жетишкендиктерге карабастан, эч ким кол тийбес эмес" деген саясат", - деп жазды ал Фейсбуктагы расмий баракчасына.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова маселенин башка тарабына көңүл бурууда. Ал акыркы кездери күч органдары кайсы бир кылмышка шек саналып кармалгандардын күнөөсү сотто далилденгенге чейин эле сүрөтүн таратып жатканын адам укугунун одоно бузулушу деп эсептейт:
"Көп киши Фейсбукта Бекзаттын кармалганын колдоп жазышты. Балким анын күнөөсү бардыр, аны актайын деген оюм жок. Бирок тергөө текшерип, сот карап, адилеттүү чечим чыгарсын. Бирок эл аралык нормаларда да, Кыргызстандын мыйзамдарында Күнөөсүздүк презумпциясы деген түшүнүк бар. Бул соттук адилеттүүлүктүн бир элементи. Бизде мурдагы бийликтердин тушунан бери бул эреже сакталбайт. Кармалган адам чын эле кылмыш жасадыбы же жокпу, ал иш тергөөгө алынып, сотто далилдене электе сүрөтүн жарыялап жиберген туура эмес. Бул көрүнүш - алдын ала коомго "ал кылмышкер" деген пикирди таңуулоо. Эгер кийин шектүү юридикалык жактан акталып чыкса да, моралдык жактан эл алдында өзүн актай албай калат. Бир гана өзү эмес, тууган-уруктары да моралдык жабыркоого туш болот".
Кезинде президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон дагы бир активист Мелис Аспеков 2021-жылдын башында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Кийин “алдамчылык” беренеси кошулган. Аспеков сотто күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирип келген. Жапаров анын дооматтарын четке каккан.
2021-жылдын 30-январында Президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Нургазы Анаркулов ири суммадагы пара талап кылууга шек саналып кармалган. Ал камалган эмес. Ошол жылы 1-февралда мамлекет башчысы Анаркуловду өз арызынын негизинде кызматтан бошоткон.