Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:06

Кыйчалыш кырдаалда кирешеси көбөйгөн банктар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жапырт кризис коштогон 2022-жылдын март-июнь айларында валюта рыногундагы олку-солкулукка карабай Кыргызстандын банк секторунун маржасы (кирешеси) 343% өскөн. Каржы жаатындагы адистер банктар кырдаалдан пайдаланып ашкере сүткорлук менен алектенип жатканын, көмүскө валюталык рынокту жоюу зарыл экенин билдирүүдө. Расмий бийлик мындай жагдайды тышкы факторлор олуттуу таасир этип, банктардын чыгымы көп болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Ишкер Жыргалбек Жоробек уулу куш этин сатуу менен алектенет. Анын бизнесинин аймагын Иран, Беларус, Литва, Түркия жана Европанын дагы бир катар өлкөлөрү түзөт.

Жыргалбек чет элдик валютаны накталай алууда банктардын 5% алымы ишкерлерге күч келтирип жатканын айтууда.

"Азыр накталай эмес келген акчаны ала албай жатабыз. Менин ишкерлигим импорт-экспорт болуп эсептелет. Менин товарларым үчүнчү өлкөлөрдөн келип, Бажы союзуна таркап атат. Бажы алымын алып, андан ары кетирип жатабыз. Беларус бизге доллар менен накталай эмес которуп берет. Банк болсо бизге бербей жатат. Суммадан 5% сурап атат. Анда бизге кереги жок болуп калат. Накталай албай жатабыз. Азыркы учурда бир варианттарды колдонуп атабыз. Мисалы, ишкер болгондуктан, башка өлкөлөрдөн дагы товар алып келип, аны Кыргызстандын ичинде колдонобуз. Иранда, мисалы, SWIFT которуу иштебейт. Бизге беларустар накталай эмес которуп берет, аны биз банктан ала албай, айла жок өз акчабызды ирандарга берип жатабыз. Алар биздин салык органдарына каттарды жазып берген. Аларда SWIFT иштебегендигине байланыштуу акчаны накталай алып кетүүгө уруксат деп. Беларустан келген акчаны кээде айла жок Литвага которуп, ал жактан товар алып атабыз. Бир жума болуп калды ирандыктар бизге Түркиядан эсеп ачып берип жатат. Эми үч тараптуу келишим боюнча биз Түркияга накталай эмес которуп беребиз, ирандыктар өздөрү ал жактан накталап алып чыгып кетишет".

«Экономика жай өсүп жаткан маалда банктар 343% киреше таап жатат»

Кардарлар менен ишкерлердин каккан коңгуроосун эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрү да ырастап, банк сектору экономикалык оор кризиске карабай калктын жана ишкерлердин эсебинен эселеп пайда таап жатканын билдиришүүдө.

Адистердин талдоосунда банк секторунун 2022-жылдын январь айындагы таза кирешеси мурдагы жылдын январына караганда 50% өскөнүн көрсөткөн. Февралда өсүү 40% болгон. Муну алар Казакстандагы окуяларга байланыштырат. Ал эми, март айынан баштап банктардын кирешеси дагы чоң секирик менен өсүп келет. Мартта Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал тутанганда банк секторунун таза кирешеси 200%, апрелде 300%, ал эми май айында 350% өскөн.

Каржы иштери боюнча адис Арсланбек Кененбаев Кыргызстандын банк секторун талдап, алардын отчетторун изилдеп чыкканда, 2022-жылдын беш айында банктардын маржасы 343% өскөнүн көргөнүн айтат. Мындай көрүнүш 2022-жылдын март айынан июль айына чейинки аралыкта болуп жатат.

Талдоодо банктар мындай пайданы пайыздык же кредиттик кирешеден эмес, валюталык операциядан тапканы аныкталган. Кененбаев Улуттук банктын маалыматына таянып банктардын кредиттен тапкан пайыздык кирешеси 17,5% өскөн болсо, пайыздык эмес операциялык кирешеси 335% өскөнүн белгилейт.

Арсланбек Кененбаев
Арсланбек Кененбаев

"Бул жерде кандайдыр бир кылмыштуу жагдай жаралып жатат. Экспортерлор менен импортерлорго абдан кыйын болууда. Бардык ишкерлер конвертациядан ири каражатын жоготуп жатат. Конвертациялоо үчүн Казакстанга барууга туура келип жатат. Бул жердеги адекватсыз курстун айынан Казакстанга барып акча алмаштырып келип жатабыз. Теңгенин, доллардын жана евронун курсу ар дайым секирип тургандыктан ушундай түшүнүксүз кырдаал жаралууда. Ошондуктан, банктар маржаны көбөйтүштү. Доллардын, евронун, өзгөчө теңгенин сатуу-сатып алуу курсунун ортосунан он, жыйырма, отуз, алтымыш пайызга чейин маржа көрүп жатышат. Мындай жол менен алар өздөрүнүн тобокелдигин азайтып, бирок ири суммаларды иштетүүдө. Алар жоготкон жок, тескерисинче ири каражат иштеп алды. Бүт банктар мурунку жылдын беш айына караганда 20 млрд. сом ашыкча иштеп алды. Былтыр беш айда 6 млрд сом операциялык киреше тапкан болсо, быйыл 26 млрд. сом тапкан. Бул 250 млн. доллар. Беш эле айда. Эгерде жыл аягына чейин эсептей турган болсок, ушундай жагдай улана берсе, анда банктар валюталык операциялардан жарым миллиард доллардан ашык пайда табышат".

Банк секторундагы операциялык киреше акчаны накталоо, конвертациялоо жана валютаны сатуу-сатып алуу өңдүү операциялардан турат. Июль айынын башында коммерциялык банктар чет элдик валютаны накталоодо 3 пайыздан 5% чейин комиссия ала баштаган. Улуттук банк накталай чет элдик валютанын таңкыстыгы бар экенин, коммерциялык банктар чет элдик акча ташып келүүгө кеткен чыгымдарын жабуу үчүн комиссиялык үстөк пайыздар киргизилгенин жарыялаган.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, азыркы күндө накталай чет элдик валютаны сатып алуу менен сатуунун айырмасы бир сомду түзөт. Мекеме "канча финансисттер, көз каранды эмес эксперттер жана экономисттер болсо, ошончо ой-пикирлер болот" деп эсептеп, дүрбөлөңгө түшүүнү катачылык деп билдирет.

"Банктар өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. Мыйзам бузуулар тастыкталган болсо Улуттук банк мыйзам чегинде каралган чараларды көрөт. 2022-жылдын 1-июнуна карата коммерциялык банктардын пайыздык эмес кирешелери өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 335% өскөнү менен банктардын пайыздык эмес чыгашалары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 374% өскөнүн белгилей кетүү керек".

"Валюта сатып, кырдаалдан кыянат пайдаланып жатышат"

Эксперт Арсланбек Кененбаев банктар менен акча алмаштыруу жайларында кардарларга кош мамиле жасалып, жашыруун же бейрасмий курс менен иштөө практикасы көбөйүп жатканын айтууда. Анын пикиринде банк секторундагы мындай иштер мыйзам талаасынын алкагында жасалып жатканы менен рыноктук кырдаалга жатпайт.

"Баары мыйзам алкагында болуп жатат, бирок бул рыноктук кырдаалга жатпайт. Бизде жыйырмадай банк эле валюта сатып, кырдаалдан кыянат пайдаланып жатышат, ачыгын айтканда. Ошондуктан өкмөт менен Улуттук банк тез арада валюта биржасын түзүшү зарыл. Биржада акча алмаштыруу жайлары, ири мамлекеттик жана жеке компаниялар, жеке жактар, камсыздандыруу компаниялары жана пенсиялык фонддор банксыз эле валютаны сатып же сатып ала алгандай болушу керек. Ошондо азыркыдай валюта рыногунда чоң айырмачылык болбойт. Баарына жакшы болот", - дейт эксперт.

Кененбаев Кыргызстанда "көмүскө валюта базары" тамыр жайып баратканын, бул экономика үчүн кооптуу белги экенин белгиледи.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын валюта базарындагы олку-солку жагдайдын жаралышы Орусиядагы экономикалык кризистен улам болуп жатат.

Орусияга карата санкциялардын киргизилиши жана алардын эл аралык SWIFT системасынан чыгарылышы экспорттук-импорттук операцияларыга олуттуу таасир эткен. Орусиядан келген рубль менен экспортко чыгарган товардын балансы дал келбейт. Министрлик система бузулгандан бери, валютаны жеткирип, кайра алып келүүдө кыйынчылык болуп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG