Долбоордун уюштуруучулары алар сунуш кылган сатираларда коомдогу одоно кемчиликтер камтылгандыктан элге сиңимдүү боло баштады деген ойдо. Улуу муундагы куудулдар заманбап шартка ылайык жаштар ойлоп тапкан тамашалар тематикалык жактан майдаланып кетти деп эсептешет.
Учурда жаштар арасында тренд болуп жаткан “Даң-даң” аттуу сатирадагы көпкөн жигиттин образы көрүүчүлөрдү бир чети кызыктырса, бир чети иренжитет. Обу жок күлгөн, жасалма сүйлөгөн орой жигит өзүн элге спортчу катары көрсөткүсү келет:
- Саламалейкум, братан! Хе-хе-хе-хе... Кебетең айылдык эле болуп турат го, орусча таза окшоштуруп алыпсың го, хе-хе-хе. Даң-даң эле сүйлөбөйсүңбү, хе-хе-хе...
- Саламалейкум, брат, мине керек эле?
- Койчу ай, хе-хе-хе, өзүбүздүн балдардан турбайсыңбы. Мындай даң-даң спорт кийимдериңден болсо бербейсиңби. Болсо көрөлү.
- Мына бул отурдубу, брат?
- Зың-зың...
Бул тамашада адепсиз жигиттин образын "Тамашоудагы" "Ак-Өргө" командасынын оюнчусу Эмил Эсеналиев жараткан. Интернетке тараган сатирадагы бул образ жаштар арасында ар кандай кабыл алынып, каарманды туурап, өздөрү да ошондой сүйлөп, ар кандай видеолорду тартып, социалдык тармактарга тарата баштагандар да болду.
Эсеналиев чындыгында учурда мындай сүйлөөнү өнөр көргөн жигиттер өтө көп экенин, алардын тасмадагы образы жаштарга кандай таасир эткенин кеп кылды:
- Негизи ошол образдагы Эмилдей сүйлөгөн жаштар аябай көп. Биз бала кезден эле бар. Анан ошондой обу жок сүйлөгөндөр бир аз болсо да уялып калабы дегенбиз. Чынында эле азыр мен билгенден сатирадагы кейипкердей сүйлөгөндөр азайып калды. Башка жерди билбейм, мага жолуккан кээ бир тааныштарым уяң тартып, жакшынакай сүйлөп калышты. Айрымдар ошентип сүйлөгөндү мода көрүп жатышат. Мен дайыма аларга "минтип сүйлөгөндү мода көрбөгүлө. Ал нерсеге күлүш керек. Шылдыңдап көрүш керек. Анан ушундай сүйлөгөн мода болуп жатыптыр деп туураганыңар болбойт" деп айтып келем. Баягыда Азамат экөөбүзгө да ошондой сүйлөгөн балдар жолукту. Аларга да айттык.
Эмил акыл-эстүү жаштар бул сатираны көргөндөн кийин мындай маданиятсыз сүйлөгөндөн качып, көчө тарбиясын туу туткандарга шылдың менен карап, сылык, сыпаа болгонго умтулат деген пикирде.
"Эл эмне дейт?", "Жарайт сити" теледолбоорлорунун продюсери Асхат Табалдиевдин айтымында, кыргыз сатирасы бүгүнкү күндө деле өзүнүн классикалык милдетин аткарып, коомдогу терс көрүнүштөрдү сындап келет:
- Мисалы, биз кайнене менен келиндин мамилесин жөндөн-жөн эле алган жокпуз. Анткени бул бизге сиңип калган темалардын бири. Биз өз тамашабыз аркылуу "өзүңөрдү сыртыңардан карап көргүлөчү, эми мындай нерселерди кайталабай эле койбойлубу" деп сунуш берип жатабыз. Бардык көтөргөн темаларыбызда ошол өзөк сакталган. Менимче сатира - эң сонун тарбиячы. Азыр кайсы бир адамды "түз жүр, тигини жасаба, муну жасаба" деп урушкандан көрө анын туура эмес иштерин тамаша аркылуу чагылдырып бергенибиз жакшы.
Асхат учурда көрүүчүлөрдүн кыска тамашаларга болгон талабы күчтүү экенин, жогорудагыдай көйгөйлүү маселелер дагы деле бузулбаган дың бойдон турганын, арийне куйкум сөздү учурунда таап, тамашаны таамай айткан тапандарга болгон муктаждык чоң экенин кошумчалады.
"Тамашоу" клубунун президенти Эрмек Нурбаев учурда сатиралык теледолбоорлордун көрүүчүлөрү арбын болуп жатканы заман талабы экенин айтып, бул кадам менен кыргыз сатирасы акыркы жылдарда бир тепкич жогору көтөрүлдү деген пикирин билдирди. Анткен менен адистин айтымында, сатиралык долбоорлордун дээрлик баары чет элдик шоулардан көчүрүлгөн:
- Чынында бизге көптөгөн долбоорлор Батыштан келет. Аларды биз өзүбүзгө ылайыктап колдонобуз. Балким бул нерселер деле бир кезде эч кимди кызыктырбай калат. Бизге мындан да жаңы нерселер келиши мүмкүн. Албетте, жаштар алды жакты көрө билет. Ал эми болбой эле биз убагында улуу муундагы куудул байкелерибизди көрүп жүрчүбүз. Азыр деле көрөбүз.
Бирок Нурбаев ушул тапта сатиралык теледолбоорлор каржылык жактан өзүн-өзү актабай турганын кошумчалады.
Кыргыз Эл артисти, куудул Күмөндөр Абылов сатиранын бүгүнкү жаңы агымын колдойт, бирок көрсөтүлгөн юморлордо негизинен майда темалар камтылат деген пикирде:
- Кыргыз сатирасы заманбап болуп баратат деп бир сөз менен айтса болот. Азыр адамдар убакытты ушунчалык үнөмдөшөт эмеспи. Ошого жараша тамашаларыбыз да өзгөрүп бараткандай. Ошол эле учурда телекөрсөтүү да убакытты үнөмдөйт. Аларга да сатира жанрындагы чоң-чоң чыгармалардын кереги жок.
Абыловдун пикиринде, кыргыз сатирасы өзүнүн табиятына жараша элүүдөн ашык түргө бөлүнөт, учурда алардын ичинен жогоруда сөз болгон "тарс этме тамаша" жанры гана заманбап өнүгүп жатат деп эсептейт.