Сатирадагы жаңы муун
Кыргыз сатирасында жаш таланттардын өнөрү аркылуу заманбап агым түптөлдү. Учурда “Жарайт сити”, “Эл эмне дейт?”, “Не жаңылык?” аттуу сатиралык теле долбоорлор өз күйөрмандарын таап, айрыкча жаш көрүүчүлөрдү кызыктырып турат. Долбоордун уюштуруучулары алар сунуш кылган сатираларда коомдогу одоно кемчиликтер камтылгандыктан, элге сиңимдүү боло баштады деген ойдо. Улуу муундагы куудулдар заманбап шартка ылайык жаштар ойлоп тапкан тамашалар тематикалык жактан майдаланып кетти деген пикирде.