“Көк асаба” гезити жаңы санын “Жаңы доор адамзатка кандай кубулуш алып келет?” деген тема менен ачып, биздин галактика менен кошуна галактиканын айлануу октору кезигишкенде өзөктүк энергиялары чырмалышып, жаңы куюнду пайда кыларын, мындан адамзат сферасына энергетикалык жаңы жыштыктын толкундары келүү менен адамдын сөөгүндө уктап калган, буга дейре эч качан козголбогон касиеттер ойгоноруна арналаган макаласына окурман көңүлүн бурду.
Экономика доктору Арстанбек Осмоналиев маегин “Алып сатарлык менен эч убакта экономикабызды көтөрө албайбыз” деп атап: “Казакстанда чет элдик инвесторлорго, маселен Каспий деңизиндеги мунай затты иштетүгө макулдук берерден мурда ошол жердеги элдин жашоо-шартын, айыл-кыштактардын инфраструктурасын жакшыртасыңар, айтылган шарттарды бүтүндөй аткаргандан кийин гана ал жердеги кенди иштетесиңер деп иштетип келе жатат. Биз ушуну да үйрөнө албай койдук” деп айтты.
“Дело №...” гезити бул санын Түлеевдин сотуна арналган макалалар топтому менен ачып, Бишкектин мурдагы шаар башчысы менен дагы алтоо күнөөлөнүп атканын, прокурор баарынын айыптарын угузуп бүткөнүн, соттун кезектеги жыйыны 17-декабрда болорун кабарлады.
Буга улай эле “Тергөө эмнелерди казып чыкты” деген теманын алдында Түлеевге коюлуп жаткан айыптардын эсеп-кысабын баяндаган макала тартууланды. Бирине токтоло кетсек, Бишкек мэриясы 2008-жылдын жай айында таштанды ташыгыч 16 машина сатып алуу үчүн тендер жарыялайт да ага “Айрус” жана ЛТД деген эки гана фирма катыштырылат. Көрсө экөө тең Нариман Түлеевге байланышы бар фирмалар экен. “Айрус” фирмасынын уюштуруучусу Түлеевдин атасы Ташболот Түлеев болгон. Кийин ал фирмасын карачечекей келинине же Нариман Түлеевдин инисинин аялы Айгүл Тынымсеитовага өткөрүп берген.
“Айрус” фирмасы менен атаандашууга чыкмакчы болгон экинчи фирма “Локо ЛТД” дегендин жападан жалгыз уюштуруучусу Нариман Түлеевдин биринчи аялы Мира Сыдыкованын бир тууганы Жеңишбек Сыдыков болгон.
Мына ошол эки фирманын атаандаштыгында албетте Түлеевдин “Айрус” фирмасы тендерди утуп алган болуп чыгат да тендердик комиссияга Түлеевдин орун басары же вице-мэр, кезинде Түлеев менен темир жолдо чогуу иштешкен Валерий Корниенко жетекчилик кылат. Комиссиянын катарына Түлеевдин досунун уулу, ошол эле мерияда бөлүм башчы болуп иштеген Билим Токтобеков, “Тазалык” ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев кирген.
Макалада акчалар кандай жол менен айланганы атайын схема аркылуу көрсөтүлгөн. Баса күнөөлөнүп, кылмыш иши козголгон “Айрустун” башкы деректири, Түлеевдердин үй-бүлөсүнүн досу Өмүрбек Абды уулу, “Айрустун” алгачкы уюштуруучуларынын бири, Түлеевдердин келини Айгүл Тынымсеитова, “Локо ЛТД” фирмасынын мурдагы башкы деректири Жеңишбек Сыдыков жана Бишкек мэриясынын мурдагы бөлүм башчысы Айбек Шабданалиев тергөөдөн качып, жашырынып жүрүшкөнүн, аларды камакка алууга санкция бар экенин жазып чыкты “Дело №...” гезити.
Гезит андан ары дагы бир сот иши туурасында сөз кылды.
Максим Бакиевдин айланасындагылар кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканын, мисалы Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы башчысы Т. Турдумамбетов анын орунбасары А. Иманалиевге кылмыш иши козголгонун, айып бардыгы болуп 17 кишиге коюларын, булардын катарында Максим Бакиев жана анын досунун бир тууганы Сергей Ким, Максимдин жакын санаалаштары Станислав Биряльмин, Денис Гладышев дегендер, ошондой эле булар менен чогуу Жогорку Кеңештин дептутаты Садыр Жапаров бар экенин, баса Жапаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселесин Жогорку Кеңеш эртең 6-декабрдагы жыйынында карарын, эгер уруксат бериле турган болсо Генералдык прокуратура тарабынан ага дароо айып угузуларын жазды.
“Камакта жаткан депутаттар саясий элита болуп эсептелгендиктен аларды темир тордун артында камоо туура эмес. Алар кылмышкер болбогондон кийин эмнеге кармап жатышканын түшүнбөй турам. Эл алардын бошотулушун бийликтен суранып жатам ” деп айткан депутат Ахматбек Келдибековдун сөзүн шилтеме кылган “Дело №...” гезити, “Келдибеков эмнегедир өзүнүн шайлоочуларынын атынан суранбай бүтүндөй элдин атынан суранганын белгилеп, саясий элита дегендер эшиги бар дубалдан эч качан секирбестигин, дубалдан ышпаналар гана секирерин депутаттын эсине салды.