Кыргызстандын улуттук спорттук курамасынын кийимдерин айрым спортчулар менен машыктыруучулар 2014-жылы күзүндө Кореянын Инчхон шаарында болгон Азия оюндарында кийүүдөн баш тартышкан. Кээ бир спортчулар кийимдер чоң же тар болгондугун айтышып, Олимпиадалык айылда улуттук курама команданын бирдиктүү формасын кийбей коюшкан.
Буга чейин спорттук товарларды өндүрүүчүлөрдүн Bigser sport ассоциациясы кыргыз спортчуларын форма менен камсыздап келген. Ишкана 1998-жылдан бери беш олимпиадалык оюндарга катышкан спортчуларга кийим тиккен. Сүрөттө: Bigser sport ишканасынын 2012-жылы Лондон шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан кыргыз спортчулары үчүн арналган "Бугу эне" коллекциясындагы спорттук кийимдер.