Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанда ВИЧ тез жайылып жатканын эскертти. Өлкө бул жаатта дүйнөдө алдыңкы катарда турат. Адистер ВИЧтин алдын алуу үчүн жыныстык катнашка чейинки профилактикалык дарыларды сунуштап жатышат.
ВИЧ: Ден соолукка кандай кам көрүлүшү керек?
Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы расмий аныкталып, каттоого алынган 10 миңден ашуун адам бар. Бирок адистер бул сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин эскертип келет. Акыркы жылдары бул оор илдетти жыныстык катнаш аркылуу жуктуруу жолу алдыга чыкты. Башкача айтканда, жаңы аныкталган бейтаптардын дээрлик 70% ооруну жыныстык катнаштан кийин жуктуруп алгандар болууда.
Алдыда ВИЧ оорусун жуктуруп алган 26 жаштагы бейтап жана бул оору менен жабыркаган адамдар менен түздөн-түз байланышы бар жигиттин окуялары аркылуу оорудан дарылануу, алдын алуу чаралары тууралуу сөз кылабыз. Каармандарыбыз аты-жөнүн коомчулук билишин каалаган жок. Андыктан алардын ысымдары өзгөртүлдү.
"Жети жылдан бери ВИЧ менен жашап келем"
26 жаштагы Болот (аты өзгөртүлдү-ред.) тиш догдур болууну самап, жогорку билим алган. 19 жашында канынан ВИЧ инфекциясы табылган жигит канча жакшы окуса да өз кесибин аркалай алган эмес.
Дарыгерлер Болотко диагнозу тууралуу угузганда саналуу жылдардан кийин көз жумушу мүмкүн экенин айтышкан.
Болот - Кыргызстандагы азчылыкты түзгөн ЛГБТ тобунун мүчөсү. Буга чейин жыныстык иденттүүлүгүн жашырып келген жигит ВИЧ жугузуп алганын да жакындарына айткан эмес.
"Ооруну жугузуп алганым мага оор тийди. Жарым жылдай эч кимге айтпай жүрдүм. ВИЧтин дарыларын алуу үчүн каттоого тургандан кийин 5-6 айдай күтүш керек экен. Бизде баары акысыз берилет го. Ошол күтүү учурунда организмдеги өзгөрүүлөрдү байкап жаттым. Дарыгер болгондуктан, оорунун белгилерин байкадым. Маселен, теринин абалы начарлап, ырбаак болуп кетти. Тез-тез тумоолоп жаттым. Ичимден кыжалат болуп, коркуу сезими улам күчөдү. Анан өзүмө окшош диагнозу бар бейтаптарды, ВИЧ менен ооругандарга жардам берген дарыгер, активисттерди тапкандан кийин жашоом жеңилдей түштү. Аларга бугумду айтып, моралдык жактан бир топ колдоо алдым. ВИЧти жугузуп алгандан кийин "байкуш болуп калдым, жашоо жаман жакка өзгөрдү" деп айткым келбейт.
Тескерисинче, бул дарт мага жашоонун маңызын түшүнүүгө түрткү болду. Оору жукканын угарым менен ата-энемден бөлүнүп кеттим. Ага чейин аябай үлгүлүү уул элем. Азыр деле көңүлүн калтырбайм деңизчи, бирок диагнозумду билгенге чейин ата-энемдин айтканын эки кылган эмесмин. Ата-энемдин каалоосу менен тиш догдурдун окуусуна тапшыргам да. ВИЧтин айынан эми бул кесипте иштей албайм.
Диагнозумду айтышканда дарыгерлер «ашып кетсе эки жыл жашайсың» дегенин айтпадымбы. Эки жыл ичинде жакындарыма жакшы мамиле жасап, алардын эс-тутумунда аябай жакшы Болот катары калгым келип жан үрөдүм. Көрсө, ВИЧтин дарыларын өз маалында ичип жүрсө адамдын канындагы вирус басаңдап, узак жашайт тура, аны кайдан билейин…
ВИЧ мени эрте эле өлтүрүп коёт деген ой менен бир туугандарыма, ата-энеме жылуу сөз айтканды, аларга адаттан тыш белектерди бергенди үйрөндүм. ВИЧ мени ошентип өзгөрттү".
Болот жети жылдан бери кандын курамындагы вирустун өлчөмүн басаңдатуучу дары-дармектерди ичип келет. Акыркы жылдары өзү сыяктуу вирус жугузуп алган адамдарга жардам берип, ВИЧтин алдын алуу, аны менен ооругандардын укугун коргоо жаатында жарандык активизм менен да алектенүүдө.
Оорубаса да вирустун алдын алуу үчүн дары ичкен Нурлан
2015-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуу коркунучу менен жашаган калктын катмарына "катнашка чейинки алдын алуу" деген ат менен бир нече антивирустук дарыларды берүү нускамасын кабыл алган.
Кыргызстан эл аралык уюмдардын жардамы менен азыркы тапта ВИЧ-СПИД инфекциясы коркунучу менен жашаган, же жубайлардын бирөөндө вирус аныкталган адамдарга жыныстык катнашка чейинки профилактикалык дарыларды сунуштайт.
Өзү оорубаса да, вирустун алдын алуу үчүн Нурлан аттуу кийинки каарманыбыз Кыргызстанда медициналык жана ВИЧ инфекциясы менен жабыркагандар арасында «ДКП» деген ат менен белгилүү катнашка чейинки профилактикалык дары ичкендердин бири. Ал соо туруп эмнеге дары ичип жатканын мындайча түшүндүрүп берди.
"Мурда катнашка чейинки профилактика, ВИЧтин алдын алуу боюнча менде маалымат аябай аз болгондуктан, шек саноолор өтө көп болчу. Чындап келсе мен вирустун алдын алууда бул дарылардын заманбап, мыкты экенин түшүнчү эмесмин. Бирок башка өлкөлөрдө, маселен Украинадан өз көзүм менен соо адамдар ВИЧтен коргонуу үчүн ДКП, же катнашка чейинки профилактикалык дарыны ичип жатканын, анын оорудан сактанууда таасирдүү экенин көрүп, ынандым.
Анан Кыргызстанда да оорунун алдын алуунун бул жолун жайылтып, түшүндүрүү керек деп ойлоп, бул жакта азыр ыктыярчы-активист катары ДКП, же ВИЧтин алдын алуучу дарылардын маанисин муктаждарга түшүндүрүп жатам. Өзүм да бул дарыны ичем. Себеби, мен да ЛГБТ коомчулугунун мүчөсүмүн. Жугуп калуу коркунучу жок деп так кесе билбегенден кийин профилактика кылган оңой эмеспи. Кыргызстанда ВИЧ жуккандарга карата дискриминация аябай күчтүү. Алардын биздей, соо адамдардай эле иштегенге, толук кандуу жашаганга укугу бар экенин түшүндүрүү кыйынга турат.
Чындап келсе ВИЧ менен жашаган адамдардын арасында өтө позитивдүү кишилер абдан көп. Дарылануу, алдын алуунун инновациялык жолдору чыгууда. Мына ушунун баарын элге түшүндүрөйүн дегенде бир топ тоскоолдукка учурап калып жатабыз. Ал тургай социалдык медиага деле жыныстык катнашка чейинки профилактикалык дарылар тууралуу маалыматты бөлүшсөм да жеке катка коркуткан, “ВИЧ жугуп калдыбы?” деп сураган адамдар көп. Кокус жубайлардын бирөө ВИЧ менен ооруса, экинчисине вирус жукпаш үчүн катнашка чейинки дары ичүү өтө ыңгайлуу. Буга чейин презерватив эле керек деп келсек, эми мындай жакшы жолдору пайда болуп, бизде бекер берилип жатпайбы".
Профилактикага көңүл бургандар бар. Бирок, аз...
Кыргызстанга профилактикалык дары-дармектер чет элдик донорлордун жардамы менен келүүдө. АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID), Оорулардын алдын алуу жана көзөмөл борбору (CDC) менен бирге “Эпидемияны көзөмөлгө алуу боюнча коюлган максаттарга жетүү” (EpiC) долбоорунун алкагында Кыргызстанда азыр 152 адам катнашка чейинки профилактикалык дарыларды (ДКП) акысыз алып ичүүдө. 2022-жылга чейин бул программага дагы кошумча 250 адамды тартуу каралууда.
EpiC долбоорунун Кыргызстандагы жетекчиси Данияр Салиев Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанда катнашка чейинки ВИЧтин алдын алуучу дары-дармектерди кимдер ичип жатканын айтып берди:
“Жыныстык катнашка чейинки профилактика Борбор Азиядагы өлкөлөрдө көптөн бери эле бар. Аны колдонгондордун көбү бирөөндө ВИЧ инфекциясы бар, экинчиси таза жубайлар, түгөйлөр болуп келген. Маселен, аял-эркек чогуу жашаса, алардын бирөөндө ВИЧ болуп, экинчиси таза болсо анда ал жыныстык катнашка чейинки профилактикалык дары-дармекти ичет. Ошол эле маалда ВИЧ инфекциясы бар экинчи жубайы антивирустук терапиядан өтүп, кандагы вирустун деңгээлин төмөндөтө алат.
Азыркы тапта Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстанда ВИЧтин алдын алуучу, биздин долбоордун алкагында берилген бекер дары-дармектерди иче турган негизги топтор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Негизги топтор дегенибиз – катнашка чейинки профилактикалык дары-дармекти азыр көбүнчө эркек менен эркек жыныстык байланышка барса колдонууда.
Казакстанда азыр оорунун алдын алуунун бул түрүнө кошулган негизги топ улам көбөйүп жатканын билебиз. Кыргызстанда бирөө ВИЧ менен ооруган жубайлар арасында бул дары-дармектерди сунуштап келебиз. Акыркы күндөрү ЛГБТ тобундагы эркектер арасында да бул дары-дармектер тууралуу маалыматтар таркап, аны өз эрки менен колдонгондор болуп жатат”.
ДКП же катнашка чейинки профилактикалык дары-дармектер ВИЧ инфекциясын алдын алуу үчүн оору пайда болгондон бери колдонулуп келген презервативдин ордуна пайдаланылат. Адистер катнашка чейин эки саат калганда дарыны ичүүнү сунушташат. Анын курамында антивирустук тенофовир заты бар. Азыркы тапта бул дары-дармектер өнүккөн өлкөлөрдө кымбат баада сатылганы менен өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге акысыз, эл аралык донорлордун жардамы аркылуу келүүдө. Дарыгерлер анын адам саламаттыгына эч кандай зыяндуу жагы жок экенин белгилешет.
Республикалык ВИЧ-СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморованын айтымында, азыркы тапта Кыргызстандагы бардык инфекцияны алып жүрүүчүлөр жана алардын жубайлары менен өнөктөштөрүнө мындай дарылар сунушталууда.
“ВИЧ инфекциясы кокус аялда же эркекте аныкталып калса, анын жыныстык катнашта болгон өнөктөшү да дароо текшерилет. Азыр текшерүүлөрдүн арты менен энеден балага өтчү ВИЧ инфекциясынын санын кыйла азайттык. Ал эми катнаш болгонго чейинки дарылоого токтолсок, адамдын жашоосунда ар кандай абал болот да. Айрымдар ВИЧ инфекциясын алып жүрсо деле жыныстык катнашка барат да. Ошол убакта таза адам өнөктөшүнүн статусун билсе, бул дарыны ичип алса вирус жукпайт. Бул дарыларды колдонуу боюнча мамлекеттик деңгээлде клиникалык протоколду да иштеп чыкканбыз. Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен 2017-жылы ал протоколду бекиткенбиз. 2018-жылы дарыгерлер, медайымдарга дал ушул жыныстык катнашка чейинки профиликтикалык дарылар боюнча окутууларды жүргүздүк. Бүгүнкү күндө 152 адам мындай дарыларды ичип жатат. Алардын 89у эркектер, 63ү аялдар”.
Үмүткан Чокморованын айтымында, 2020-жылдагы пандемияга чейин Кыргызстан 2030-жылга атайын пландын негизинде ВИЧ-СПИДди жуктуруунун санын бир топ эсеге азайтууну көздөп жаткан. Бирок, коронавирус пандемиясынын айынан бул коюлган максаттар кечеңдеп калды.
Азыркы тапта ВИЧ жугузган 400дөн ашуун кыргызстандык чет өлкөдө, басымдуусу Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Алар ар бир алты ай сайын Кыргызстанга келип, антивирустук дарыларды алып кетишет. Эл аралык донорлордун жардамы менен ВИЧти шилекейден аныктоо, жаңы төрөлгөн баланын канынан дароо анализ алуу сыяктуу иш-чаралар, акысыз дары-дармектер берилүүдө.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан ВИЧ инфекциясы эң эле тез жайылган өлкөлөрдүн сап башында. Ушундан улам адистер эми вирустун алдын алуунун заманбап ыкмасы болгон жыныстык катнашка чейинки дары-дармектерди да жайылтуу зарылдыгын белгилеп жатышат.