Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Жумгал: райсоттогу ээнбаштык сотко өттү


Нарындын Жумгал райондук сотунда 20-февралда соттолуучуларга өрт койгондугу үчүн камалгандардын жакындарынын ачкачылык акциясы. 17-май, 2014-жыл.
Нарындын Жумгал райондук сотунда 20-февралда соттолуучуларга өрт койгондугу үчүн камалгандардын жакындарынын ачкачылык акциясы. 17-май, 2014-жыл.

2014-жылдын 20-февралында Жумгал райондук сотунун имаратында болгон башаламандык боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү.

Тергөөнүн жыйынтыгына айыпталуучу тарап макул болбой жатат. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысынын өкүлү Алманбет Абдрамановдун билдиргенине караганда, факт боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде 15 кишиге бир топ берене боюнча айып тагылды:

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, териштирүүнүн жыйынтыгында сот залында чыр чыгаргандарга адам өлтүрүү, адам өлтүрүүгө катышуу, бирөөнүн ден соолугуна атайылап залал келтирүү, массалык башаламандык уюштуруу, адам уурдоо, бейбаштык беренелери боюнча айып тагылып, иш сотко өттү.

Айыпталуучулардын көбү маркум Айбек Мамбеталиевдин жакын туугандары. Алардын катарында энеси менен карындашы да бар. Маркумдун жубайы Гүлзаттын айтымында, алар учурда камакта отурушат:

- Aдвокаттардын айтымына караганда, оор беренелерди коюп жатат. Биз ага каршыбыз. Жок дегенде кайын сиңдиме, кайненеме жеңилдик берилсе болмок.

Башаламандыкка катышты деп камакка алынгандардын бири Эраш Кумарбеков. Анын жубайы Дамира Садырбаева тергөөнүн жыйынтыгына нааразы. Анын ишениминде башаламандык милициянын айынан болгон:

- Күнөөсү жок адамдарды күнөөлүү деп жатышат. Ишти карап көрсөң ачык эле көрүнүп турат. Бул жерде кимдер уюштурганы, кимдердин машинасына май салып баргандары баары билинип турат. Бирок тергөө аларды карабай, күнөөсүздөрдү деле күнөөлүү деп кармап жатат.

Садырбаева буга чейин дагы бир нече ирет тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп акция өткөргөн. Камалгандардан төртөө абакта 10 күндөй ачкачылык кармаган эле. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов телефон аркылуу мындай деди:

- Эми териштирген иштин баарына эле милиция күнөөлүү деп жатат. Үй күйүп кетсе деле, башка иш болсо деле бизди күнөөлөгөн адат пайда болду. Эми бул таңкалычтуу деле эмес. Бирок баары мыйзам чегинде тергелди, эми сот болот анан баа берилет.

Аталган иш боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынып, Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилерине тартиптик жаза чарасы колдонулган.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектелген жергиликтүү үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. 20-февралда окуя боюнча сот жүрүп жаткан учурда жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркаган айыпталуучулардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда качып кеткен үчүнчү милиционердин сөөгү 3 айдан кийин табылган. Облустук сот милиционерлерге өрт койгон ондон ашуун кишини Нарын абагына камакка алган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG