Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Камдуу малчы жазга жетет


Ысык-Көл облусунун малчылары кышка кандай камданды? Тоюту, отун-суусу жетиштүүбү?

Ак-Суунун Курбу айылынын четиндеги Бактыбек Урманбетовдун мал сарайына барган кабарчыбыз бул малчы кышка камбыл келгенине күбө болгон.

- Эртең менен малдын курсагын тойгузуп, анан өзүбүз чай ичебиз. Саат жетилерде турабыз, 1-2 саатта тейлеп бүтөбүз, үч маал тейлейбиз. Жалгыз киши мунун баарына жетише албайт, ошон үчүн бул жерди караш үчүн кошумча дагы эки бала алгам.

Төрт баланын атасы Бактыбек Урманбетов ар бир таңды ушинтип баштайт. Ак-Суу районунун Курбу айылынын четинде союз учурунда салынган сарайды сатып алган Бактыбек акырындык менен мал алып топтогон. Учурда кой менен торпок бордойт экен.

- Бул жерде төрт-беш жылдан бери иштейм. Мындай жүргөн жыйырма чакты коюм бар. Жылда кой байлайбыз. Байлап, тиричиликке керек да, анан сойгонго жемин беребиз, чөбүн, суусун беребиз. Куйруктуу койлор беш-алты айда эт байлайт экен.

Бактыбектин айтымында, малы чоң чыгашага деле учурабайт. Анткени он гектар жери бар, колундагы малга жетерлик тоютту камдап алып турат:

- Буудай сээп, буларды багабыз, баары өзүбүздүкү. Жерим бар, чыгаша болбойбуз, күйүүчү май да алышыбыз керек, пайдасын көрөбүз.

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл ысык жана кургакчыл болуп, тоют азыраак болду. Тоютту да кошумча алууга туура келген экен.

- Кышка даярдык жакшы эле, көмүр-отун бар, малдын тезегин жыйнап койгонбуз. Кышка тоют аз, жылдагыдай эмес. Жылда чөп көп чыкчу эле, быйыл аз. Кургакчылык болбодубу, ошого карата тоют аз, бир жылга эки жарым миң түк чөп кетчү. Быйыл чөп миң эле түк чыгып калды. Үч гектар эгинден да саман жок, жылда жүздөн түк жөн эле чыкчу эле, быйыл бир жыйырма түк араң чыкты.

Бактыбек байлай турган койлору менен торпокторуна бөтөнчө көңүл буруп жатат, анткени алар кирешенин булагы эмеспи. Семиз мал бат да, кымбат да сатылат.

- Эми жакшы семирсе, жакшы эле болот. Чоң кой болсо, ал сегиз миң болот. Эркек букаларын да байлайбыз, жем беребиз, чөп салабыз. Жылуу кармаш керек, таза болуш керек. Бул жерде беш-алты торпок бар, аларды беш-алты ай багыш керек. Кечкисин жети сегиздерде тейлеп бүтөбүз. Алек болуп жатып, күнүнө эки-үч саат бөлүнөт.

Малчынын айтымында, сарайга 200дөн ашуун мал батат. Бирок анын баарына баш-көз болуп, тоютун камдоо бир топ кыйынга турат. Мына, минтип жаңы кирип келген кыштан да, жазгы жуттан да буйруса аман-эсен чыгабыз деп, белин бек бууп турган кези.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG