Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Абазов: Бийликке билимдүү жаштар аралашсын


Рафис Абазов
Рафис Абазов

Борбор Азияда билим берүү жана мамлекеттик башкарууну демократиялаштыруу долбоорлорунун жетекчиси, Нью-Йорктогу профессор Рафис Абазовго жанырган жылы аймактык жана глобалдык процесстердин Кыргызстанга таасири кандай болот деген суроону узаттык.

Рафис Абазов: Бул жылы Кыргызстан кандай болот деген суроого жооп издөөдөн мурун бир салыштыруу жасагым келет. Кыргызстан тоо арасындагы көп кырлуу бриллиант. Кыргызстандын өнүгүшүнө көптөгөн факторлор таасир этет, ошол эле маалда кызыктуу позитивдүү иштерди жасоого дагы мүмкүнчүлүктөр арбын.
Баарынан мурда, албетте, глобалдык экономикалык кырдаал Кыргызстанга түздөн-түз таасир этет.

Дүйнөлүк банктын эксперттеринин айткандарына таянсак, быйыл дүйнөдө жагымдуу жыл болот. Айрыкча Кыргызстандын коңшулары Кытайдын экономикасында, кара май жана башка табигый ресурстардын баасы кымбаттагандыктан Орусиянын, Казакстандын экономикасында өнүгүү болот деп болжолдонууда.

Экинчиден, Кыргызстанга глобалдык мамиле кандай болот? Ооба, бир кезде Кыргызстан – демократия аралы, андан соң Кыргызстан – туруктуулуктун борбору сыяктуу дүйнө назарына илинген эле. Эми болсо туризм, экономика өнүгүп, меймандостук арткан арал болот деп ишенип туралы.

Өзбекстан Кыргызстанга кучагын жайды

Өзбекстан Кыргызстанга кучагын жайды
Өзбекстан Кыргызстанга кучагын жайды

Көп жылдык салкын мамиледен кийин Өзбекстан биринчи жолу Кыргызстанга эшигин ачты.

Үчүнчүдөн, саясий кырдаал аздыр-көптүр турукташат. Албетте, регионалдык алкактан карасак, Ооганстан, коңшу Өзбекстан кайсы багытка бет аларынан көз каранды. Эксперттердин баамында, бул жаатта дагы жагымдуу жагдай түзүлөт.

Мына ушул айтылгандардын баары ырааттуу жолго коюлса, 2016-жылга караганда Кыргызстанда экономикалык илгерилөө болот. Менин баамымда, бул жылы белгиленген президенттик шайлоодон кийин өлкөдө туруктуу турмуш өкүм сүрүп, Кыргызстандын бюджетине киреше түшүргөн туристтер көбүрөөк келип, бул жалпы элдин жашоосун жакшыртат.

"Азаттык": Мына сиз жогоруда айткан позитивдүү иштерди жүзөгө ашыруу учун кыргыз өкмөтү, коомчулук эмне иштерди аткарышы керек? Кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн?

Рафис Абазов: Мен декабрдын башында Бишкекте жүрүп президент Атамбаевдин узак сөзүн уктум. Анда президент өзү аткарган иштер, өлкөнүн жетишкендиктери, өкмөттүн милдеттери тууралуу айтты. Ошол айтылгандардын ичинен өтө көңүл бура турган нерсе - Кыргызстандагы инвестициялык климат көңүл жылытарлык эмес. Чакан, кооз, өзгөчө республикага инвестиция тартуу үчүн жаңы технологиялар керек. Абдан позитивдүү ыргактагы ишкердикти жүргүзүү зарыл. Мына учурда бардык коңшу өлкөлөр - Казакстанды караңыздар, Өзбекстан инвестицияга өлкөнү ачууга аракеттенип атат, Тажикстан бул жаатта абдан көп иштерди аткарууда. Кытай Шиңжанды инвестиция тарткан аймакка айлантуу үчүн көп иштерди жасоодо. Кыргыз өкмөтү жагымдуу инвестициялык климатты пайда кылууга өтө алгылыктуу иштерди жасашы керек. Кыргызстанга технология, бизнестин башка түрлөрү боюнча келген инвесторлорду колдоп, коррупциялык бюрократияны жок кылуу абзел.

"Азаттык": Сиз Кыргызстанга алыстан такай көз салып турасыз. Быйыл Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Президенттин дарегине айтылып жаткан сын-пикирлерди, кадр саясатындагы өзгөрүүлөрдү эске алганда шайлоо канчалык таза жана адилет өтөт?

Чет жакта билим алган кыргызстандыктар анын ичинде АКШда окугандарга мамлекет кам көрүп, кайра Кыргызстанга кайтып келүүгө кызыктырып, кандайдыр бир кошумча жеңилдиктерди берип көңүл бурушу керек.

Рафис Абазов: Борбор Азиядагы жана башка өнүгүп бараткан өлкөлөрдөгү саясий процесстер жана мамлекеттик башкаруу системасын изилдеген адис катары белгилей кетсем, саясат бул аска-тоо же таш сыяктуу туруктуу нерсе эмес. Саясат өзгөрүп турчу кубулуш. Менин көз карашымда, бул багытта Казакстандын, Грузиянын, Эстониянын тажрыйбасына кылдат көңүл бурулса. Анткени бул үч өлкөдө жаш кадрларга өтө чоң көңүл бурулат. Мен Кыргызстандын мурунку президенти менен жолугушканда казактардын “Болашак” деген программасы сыяктуу программа зарыл экенин айткам.

Чет жакта билим алган кыргызстандыктар анын ичинде АКШда окугандарга мамлекет кам көрүп, кайра Кыргызстанга кайтып келүүгө кызыктырып, кандайдыр бир кошумча жеңилдиктерди берип көңүл бурушу керек. Ооба, мамлекеттик кызматта иштегендердин айлык акысы төмөн бирок, аларды кандайдыр бир материалдык эмес жол менен кызыктырып, мамлекеттик кызматка тартуу керек. Мындай кадрлар эл аралык саясаттагы тенденцияларды билип, мамлекеттик башкаруунун, экономиканы башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатууда жаңы технологияларды, жаңы ыкмаларды колдонууну билет, эл аралык жакшы тажрыйбасы бар жаш кадрларды аралаштырып, мамлекеттик системага жаңы кан куйгандай, ошону менен катар эле системанын табиятын билген кадрлар менен баланстоо керек. Мына Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусуна ушул жетишпейт. Шайлоого чейин мамлекеттик башкаруунун ар кыл баскычына эл аралык тажрыйбасы бар кадрларды аралаштырса алар мамлекеттик башкаруунун мыйзамдуулугуна, системанын ачыктыгына барандуу салым кошмок.

"Азаттык": Борбор Азияны түйшөлткөн дагы бир маселе коопсуздук. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, "Ислам мамлекети" сыяктуу экстремист топтордун аракетин эске алганда бул жылы коопсуздук маселеси канчалык курч болот?

Кыргызстан үчүн ички ресурс деген жаштар, жакшы билим берүү, инновациялык, экономикалык, социалдык технологияларды колдонуп экономикалык өнүгүүгө жетишүү.

Рафис Абазов: Бул маселенин түйүнүн караганда дагы эле мамлекеттер аралык башкаруунун эффективдүүлүгүнө, тактап айтканда, кызматташуу, координациялоо жана чогуу-чаран аракет көрүүгө барып такалат. Азыр 21-кылым, жагдай башка. 21-кылымда мурдагыдай Корея, Вьетнам согушундагыдай фронт болуп эч ким согушпайт. Азыр Жакынкы Чыгышта Түштүк Азияда башка жерлерде партизандык согуш жүрүүдө. Бул жерде биринчи маселе - өлкөлөрдүн ортосунда интиутивдик координация, мындай көрүнүштөргө кылдат байкоо салган эффективдүү иш жана алдын алуу чаралары жүрүшү керек.

Экинчиден, ар бир мамлекет өз ичинде потенциалдуу кооптуу жерлерди аныктай алса, анда бул маселени чечсе болот. Эгер мурдагыдай бир нерсе болгондон кийин аракет кылган эски ыкма колдонула берсе, алдыда бир топ маселелер жаралышы ыктымал. Эми мен оптимистмин, дүйнөдөгү өлкөлөр бул мага тийбейт деген обочолонгон көз караштан алыс болуп, бири-бири менен кызматташат деп ишенем. Кыргызстан болсо андай кызматташуу аркылуу маселени чечүүгө көмөктөшөт.

"Азаттык": Борбор Азияга анын ичинде Кыргызстанга карата Америка, Орусия, Кытайдын саясаты кандай болот?

Рафиз Абасов: АКШда 20-январда Ак үйгө жаңы администрация келет. Келе турган команда түп-тамырынан бери жаңы ыкманы убада кылууда. Мен кечээ эле америкалык каналдардын биринен бул жылда Кошмо Штаттар Орусия, Кытай менен кандай мамиледе болушу керек деген маселелерди козгогон талкууну көрдүм. Талкууга катышкан келе турган администрациянын өкүлү 2015-2016 жылдагы айрым өнөктөштөр менен болгон конфронтацияны чечүүнүн жолун табуу тууралуу ойлонуу зарылдыгын айтты.

Кыргызстанга таасир эткен үч чоң держава АКШ-Орусия, АКШ-Кытайдын өз ара алакасы жакшырып, атаандашуу эмес кызматташууга өтсө Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн туруктуу жана алдыга илгерилеши үчүн ички ресурсун колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Кыргызстан үчүн ички ресурс деген жаштар, жакшы билим берүү, инновациялык, экономикалык, социалдык технологияларды колдонуп экономикалык өнүгүүгө жетишүү. Алар аркылуу Кыргызстан туруктуулукту кармап, өнүгүүсү илгерилеп, ал болсо жөнөкөй адамдардын, айрыкча жаштардын турмушуна позитивдүү таасир этет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG