Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Байтак жолдон кош келет...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Сөз дайранын» бүгүнкү чыгарылышында байтак, баки, басыр, борч деген сөздөрдүн маанисин талдайбыз.

«Байтак» деген сөз «илгерки, баягы, ыраакы» деген маанини билдире турганын балким билбей калдык. «Баягы байтак кездерде адамдардын пейили абдан таза эле» дейт. «Байтак-байтак-байтак жол, байтак жолдон кош келет, байтал минген кыз келет» деп эл оозунда айтылып келаткан эзелки ыр саптары бар.

«Байтак» же «байтакты» деген сөздүн экинчи бир мааниси «борбор шаар» дегенди да билдирет экен.

«Баки» деген сөз бар. Азыр деле колдонулуп жүрөт. «Баки» деген «баары» деген мааниде. «Баки журт чогулду» дейт. «Журттун баары чогулду» деп түшүнсөк болот. «Баки-жоктун баарын эле айта берет экенсиң» дейт. Эч нерсе калтырбай эле айта берген кишиге айтып жаткандагысы.

Кээде «макини» «баки» деп да коюшат.

«Манаста» «Манасымдан айрылып, башыма балда жеткени» деген саптар бар. Мындагы «балда» деген сөз «кырсык, мүшкүл, азап» дегенди туюнтчу экен. Бүгүн бул сөз айтылбай, колдонулбай калган бойдон унутта калды окшойт.

«Бапта» деп коет. Мисал келтирсек түшүнүктүү болор. «Келин жүктү баптап жыйды» дейт. Жууркан-төшөгүн ыгы менен жакшылап жыйганын айтып жаткандагысы. «Бапталган куш экен» дейт. «Ал атын аябай баптап минер эле» дейт.

«Илим албай мактанба, өнөрлүү болбой баптанба» деген макал айтылат. «"Артисттер келиптир" деп жакшы кийимдерин кийип баптап жатышты» дейт. «Баптап» дегени «жасанып жатышты» дегенди билдирет.

«Бастык» деген сөздүн маанисин да унутуп калдык. «Семетей» эпосунда «Аттиң арман, жаштыгым! Оо, чоролор, бастыгың!» деген саптар бар экен. Маанисин карасак, «бастыгың» деген «пастыгың, коркоктугуң, адам эместигиң» деген маанидеги эле сөз экен.

«Ал бастыга элек жаш бала турбайбы» десе, «акылга толо элек жаш бала турбайбы» дегенди түшүндүрѳт экен.

«Басыр» деген унутулуп бараткан сөз бар. «Басыр киши» дейт. Эч ким киши деп санабаган, эч ким эсептешпеген кишини айткандагысы. «Басыр айыл» десе эч ким каттабай, унутулуп калган айылды айтчу экен.

«Тянь-Шань тарапта «каламанын» дагы бир аты «батте» деп аталат экен. Ал эми «ак чайнекти» «борке» деп коет дешет.

«Борч» деген сөз «карыз» деген мааниде экен. «Дыйкандын түбү - кенч, соодагердин түбү - борч» деп койчу экен. «Бири-бирине саламдан башка борчу жок» дейт, «саламдан башка карызы жок» дегени.

«Бөкө» деген «күчтүү», «балбан» дегенди түшүндүрөт экен. «Сагымбай балбандар чыгардын алдында элге кайрылып: «Күрөшкө чыгаар бөкөңдү, күүлөп чыгар жекеңди» деп ырдап жиберди дейт.

«Бакай Кытай тараптан күрөшкө Жолой чыгыптыр дегенде: «Энесинде нике жок, Кытайда андай бөкө жок» деди дейт.

Куюндап жааган карды «бурганак» деп коет.

«Буркан-шаркан түшүп ыйлап жатты» дейт.

Ушул эле «буркан» сөзүнүн экинчи бир мааниси - эпосто калмактар сыйынган таш кудайын кыргыздар «буркан» деп атаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG