Премьер-министрдин басма сөз катчысы Бакыт Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче, коңшу өлкө 26-марттын таңынан баштап Чаласарттан өз аскерлерин чыгара баштаган. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшембиев президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчы Темир Сариевге маалымат берди.
25-март күнү түштөн кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин деңгээлинде сүйлөшүү башталган. Өзбек тараптын демилгеси менен уюштурулган жолугушуу Баткендеги “Кызыл-Кыя автожолу” чек ара өткөрмө бекетинде болгон. Сүйлөшүү бир күн кечке созулуп, кечки саат онго жуук аяктаган.
Мунаса табууга кадам
“Кызыл-Кыя автожол” чек ара өткөрмө бекетинде болгон жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу чараларын талкуулашкан. Чек ара коопсуздугу боюнча эксперттер бул сүйлөшүүлөрдө кырдаалды жөнгө салууга багытталган эки тараптуу мунаса табуунун шарттары караларын белгилешкен.
Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев менен Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлигинин кол башчысы Рустам Эминжанов “Кызыл-Кыя автожол” чек ара өткөрмө бекетинде жолуккан. Бул тууралуу таратылган Кыргызстандын чек ара кызматынын учкай маалыматында, Аксы - Ала-Бука багытындагы кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр өзбек тараптын демилгеси менен болгону кабарланган.
Өкмөт “Орто-Токойду” кайтарып ала коём деп, мына ушундай көйгөй жаралды. Азыр Өзбекстан бул ирет коё туралы дегендей, эл аралык коомчулуктун сынына кабылбаш үчүн убактылуу чегингендей болду окшойт.Талант Раззаков
Кыргызстандын чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып, анын жыйынтыгы кечирээк чыгарын белгилеген:
- Азырынча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу айтууга эрте. Бул жолугушуунун күн тартибинде бир гана маселе – мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде түзүлгөн кырдаал каралууда. Бул жолугушуу өзбек тараптын демилгеси менен уюштурулду. Учурда ага эки жактын чек ара кызматтарынын жетекчилери Раимберди Дүйшөнбиев менен Рустам Эминжанов катышып, чек арадагы түзүлгөн кырдаалды талкуулашууда.
Суунун айынан “суурулган” чек ара көйгөйү
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 18-мартта Ташкентке жөнөтүлгөн нааразылык нотасына Өзбекстан ынанымдуу жооп бербегенин жарыялаган. Буга байланыштуу кыргыз тарап Ташкентке экинчи ирет нота жөнөтүп, Өзбекстандан “Чаласарт” чек ара тилкесинен тосмолорду алып, куралдуу күчтөрүн жана аскер техникасын чыгарууну талап кылган. Өзбек тарап 22-марттагы жооп иретинде жиберген нотасында Өзбекстандын чек ара аскерлери бөтөн аймакка кирбегени жана Нооруз майрамына карата чек араны кайтаруу күчөтүлгөнү туурасында түшүндүрмө берген. Кыргыз өкмөтү чек арадагы соңку окуяны Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычына байланыштуу өзбек тараптын талабы менен байланыштырган. Анда өкмөт өзбек тараптын суу сактагычты оңдойбуз деген сунушуна макул болбой койгону көрсөтүлгөн болчу. Коопсуздук боюнча эксперт Талант Раззаков эки тараптуу сүйлөшүүгө кадам таштоону мындайча мүнөздөдү:
- Эми бул чек ара жетекчилеринин жолугушуусу мына ошол тирешүүнү азайтып, чыңалууну жөнгө салууну гана көздөйт. Бирок эки ортодогу көйгөй азыр эле чечиле койбойт го. “Орто-Токой”, “Кемпир-Абад” сыяктуу суу сактагычтардын суусун Өзбекстан пайдаланууда. Өкмөт “Орто-Токойду” кайтарып ала коём деп, мына ушундай көйгөй жаралды. Азыр Өзбекстан бул ирет коё туралы дегендей, эл аралык коомчулуктун сынына кабылбаш үчүн убактылуу чегингендей болду окшойт. Бирок чек ара көйгөйүн күч менен чечүүгө байланышкан ал маселе баары бир күн тартибинен түшкөн жок.
Бишкектин талабы, Ташкенттин шарты
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чаласарт тактала элек тилкесине Өзбекстандын чек арачылары кирип, ал жерде 18-марттан бери турат. Бул тилкенин аянты 38 гектарды түзүп, анын 1 миң 800 метри аркылуу Кербен - Ала-Бука жолу өтөт. Кийин кыргыз тарап буга жооп катары аталган тилкеге аскер техникасын жана чек ара аскерлерин жайгаштырган. Өзбекстан Чаласарт тилкесин өз аймагы катары бөгөп алуу менен Ала-Букадагы “Орто-Токой” суу сактагычына жана Аксыдагы телемунара жайгашкан Үңкүр-Тоонун чокусуна ээлик кылуу дооматы туурасында “Подробно.уз” сайтына жарыяланган. Талдоочулар чек арадагы абалды жөнгө салууну көздөгөн жолугушууда тараптар мына ошол үч маселенин айланасында сүйлөшүү жүргүзүшү мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков чек арадагы соңку кырдаалды жумшартуу боюнча мунасага табуудагы жагдайды төмөндөгүчө белгиледи:
- Сүйлөшүүлөрдө сөзсүз соодалашуу болуп, эки тараптан тең шарттар коюлат. Мында маселе ага карата биздин чек ара кызматынын жана өкмөттүн канчалык даяр экенинде. Себеп дегенде, эми мында соодалашуусуз иш бүтпөйт. Кээ бир маселеде биз кээ бир жеринен уттурсак, айрым жагынан утуп алышы мүмкүн. Бирок канткен менен ал тарап аталган чек ара тилкесин ээлеп алгандыктан алардын алдын ала даярдаган пландары жана ага карата коё турган кызыкчылыктары болгон. Демек, алар учурда бизди чек ара саясатындагы өзүнүн “талаасына” киргизип алып, анын ичинде “оюнун” жүргүзүп жатышы мүмкүн. Азыр эми негизги шартты Ташкент коёт. Анан биз тарап жанагы жолду бөгөп алган аскерлерди чыгарууну талап кылат. Менимче, мына ошолордун ортосунда соодалашуу болот.
Кыргызстандын чек ара кызматы учурда кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу экенин жана кыргызстандык аскерлер Чаласарт тактала элек тилкесинде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатканын билдирди. Буга чейин Кербен-Ала-Бука жолунун эки тарабына коюлган эки жактын чек арачыларынын саны кыскартылып, сегизден чек арачы калганы кабарланган болчу.