Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Кыялдагы Америка


Нургазы Чикаго шаарында
Нургазы Чикаго шаарында

“Азаттык+” бул чыгарылышында Нургазынын Америкага болгон сапары тууралуу көрсөтөт. Океан ары жагына жетелеген кыял, Интернет-Оскар жана ал жактагы мекендештер жашоосу – баары бир программада.

Тасма 2015-жылдын март айында тартылган. Буга Нургазынын апасынын “Азаттыктан” жардам сурап келиши түрткү болгон.

Нургазы арабасы улам бузула бергендиктен өзү жүргөн квадроциклди кыялданчу. Ошентип 23 жаштагы атын жашыруун калтырууну кааалган кыз квадроцикл сатып берген. Каарманыбыздын кыялына жеткендеги кубанычы миллиондогон көрүүчүнүн жүрөгүн жылытты.

Айтор, тасмабыз дүйнөлүк Webby Awards, башкача айтканда, Интернет-Оскар сыйлыгынын “Элдик добуш” номинациясын жеңди. “Азаттыктын” эмгеги 65 өлкөнүн 13 миң тасмасынын ичинен тандалып, 2 млн 300 миң адамдын миллионго жакынынын добушуна татыды.

Ошентип Нью-Йорктогу сыйлык тапшыруу аземине Нургазы жана “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фондунун жетечкиси Хабиб Арзыкулов болуп чогуу бардык. Бул фонд Нургазынын бардык кыялдарын орундатууга демөөрчүлүк кылып келет. Америка сапары Нургазы үчүн түшкө кирбес жомок болду. Бул анын учакка да алгач ирет отурушу эле.

Нургазы (ортодо), Улан Эгизбаев (оңдо) жана Хабиб Арзыкулов (солдо)
Нургазы (ортодо), Улан Эгизбаев (оңдо) жана Хабиб Арзыкулов (солдо)

Нью-Йорк Нургазынын Бишкектен кийин көргөн шаары болду. 16-майдагы сыйлык тапшыруу аземи дүйнөлүк атактуулардын катышуусунда өттү. Биз алган сыйлык киноактриса Жессика Альбага, реалити-шоулордун жылдызы Ким Кардашьянга, Оскар сыйлыгынын лауреаты Майкл Мур ж.б. белгилүү кинорежиссерлорго да тапшырылды. Нургазы жана тасманы англисче которгон прагалык кесиптешибиз Микола болуп алар менен катар кызыл килемден өтүп, жеңишибиздин ураанын айттык. Эреже боюнча ураан беш сөздөн ашпашы керек. Албетте, ар бир адам кыялданат жана жеңет. Бирок дүйнө атактуулары менен бир аземде болуу Нургазы экөөбүздү кыйла толкундатты.

Нургазы менен "Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаев Вашингтондо.
Нургазы менен "Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаев Вашингтондо.

АКШга болгон 12 күндүк сапарда Нью-Йорк, Вашингтон, Чикаго жана Огайо шаарларында болдук. Ал жактагы журтташтарыбыз бизди жылуу тосуп алып, Нургазыдан керек болсо колундагы телефон, саатын да аяшкан жок.

Кыялдагы Америка Нургазы үчүн жаңы дем, жаңы пландарды берди. Англис тил менен компьютерге болгон кызыгуусун арттырды. Эң башкысы Америкадагы майыптар үчүн чектелбеген мүмкүнчүлүктөр, аларга түзүлгөн артыкчылыктар анын көзүн ачты. Өз алдынчалыкка, тосмолорду жиреп өтүүгө шыкак берди.

Ошентип Америкага болгон сапарыбыз да аяктады. Нургазыны ар тараптан колдогон “Элим барсыңбы” фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкуловго, 23 жаштагы чоң кызга, Нургазынын жол чыгымдарын көтөргөн КСДП депутаты Абдувахаб Нурбаевге жана бизди бөпөлөп сыйлаган АКШдагы мекендештерибизге "Азаттыктын” атынан ыраазычылык билдиребиз. Кыялдар орундалат...

Кыялдагы Америка
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:28:40 0:00

XS
SM
MD
LG