Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Уйчумандын өлүмү: милициянын ишине сын


Тоң районундагы милиция бөлүмү.
Тоң районундагы милиция бөлүмү.

Тоң райондук милициясынын имаратында кылмышка шектүү адамдын асынып өлгөнү боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы козгогон кылмыш ишти Коопсуздук кызматынын облустук бөлүмү тергей баштады.

Маркумдун өлөр алдында калтырган тил катына таянган туугандары өлүмдүн себептерин териштирүүнү каалабай турушат.

8-сентябрда Тоң райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында Тоңдун Ала-Баш айылынын 64 жаштагы тургуну Уйчуман Томоев өз жанын кыйган.

Маркумдун Кара-Коо айылында жашаган карындашы Курман Томоева агасы өлгөндөн кийинки жагдай тууралуу буларды айтты:

Курман Томоева.
Курман Томоева.

- Мирбек деген милиция кабинетине алып кирип ушундай болуп калган экен деди. "Анан караган эмес белеңер?" деп сурадым. "Силерде күзөтчү болот да" десем, "эртең менен балдар кыдырып карайт, ошол учурда ушундай болуп калыптыр" деди. Эмне деп айтарыбызды билбей отуруп калдык.

Ошол эле кезде Курман Томоева агасынын асынып өлөр алдында калтырып кеткен катына таянып, ал жердеги өтүнүч боюнча ишти териштирбей турганын билдирди:

- Үй-бүлөгө, бир туугандарга эч кандай таарынычы болгон эмес. Катта "эми сөөгүмдү жашырып койгула, арбагым ыраазы болсун, менин жакшы жактарымды эстей жүргүлө" деп менден улуу эжеме, мага кайрылып жазыптыр. Байкеме "жылкы союп, куран окутуп койгула" дептир. Каттын этегине "милицияларды күнөөлөбөгүлө алардын жакшылыгынан башка жаманын көргөнүм жок" деп кошуптур. Баарыбыз эле милицияларды күнөөлөп жатабыз. Териштиргенге деле барбайбыз. Сөөктү кайра казуу кыргыз баласына туура келбеген иш. Маркум тынч жатсын.

Томоеванын айтымында, агасы Уйчуман жалгыз бой жашачу. Үч жолу үйлөнүп, ажырашкан. Балалуу болгон эмес. Буга чейин да мал уурулук боюнча бир нече жолу кылмыш жообуна тартылган.

Уйчуман Томоев мал уурулук фактысы боюнча шектүү катары 5-сентябрда кармалган. 7-сентябрда соттун чечими менен эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эртеси күнү өзү отурган камерада муунуп өлгөн.

Бул боюнча Тоң райондук милициясынын жетекчи орун басары Мирбек Таабалдиев буларды айтты:

Мирбек Таабалдиев.
Мирбек Таабалдиев.

- Ошол күнү эртең менен жети чамасында абактагы №2 бөлмөдө муунуп өлгөн жеринен табылды. Ал боюнча азыркы учурда Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы текшерип жатат. Жыйынтыгы текшерүү бүткөндөн кийин белгилүү болот.

Таабалдиевдин айтымында, өзүнө кол салган адамды камакка киргизип жатканда денеге зыян келтирчү каражаттар табылган эмес. "Ал эми жазылган кат жана калем кайдан чыкканы белгисиз" дейт ал:

- Тамакка киргизилген учурда бардыгы текшерилген. Ага чейин эреженин баары айтылган. Текшерүү учурунда мыйзамга туура келбеген буюм-тайымдар табылган эмес. Маркум кийип жүргөн көйнөгүн тытып, ошого муунуп алган деген божомол бар.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы учурда "шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ишти Улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгына өткөрүп бергенин облустук прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Молдобаев билдирди:

Азамат Молдобаев.
Азамат Молдобаев.

- Бул факты боюнча 2018-жылдын 11-сентябрында Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “шалаакылык" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

Укук коргоочу Рита Карасартова Бурулайдын чуулгандуу окуясынан жыйынтык чыга электе минтип кайрадан милициянын имаратында кылмыштын катталышы бул тармак чоң реформага муктаж болуп жатканын көрсөткөнүн айтты:

Милициялар көп учурда адамдардын укугун тебелеп, эркиндиктерин чектеп жатканын көрүп турабыз.
Рита Карасартова.

- Бүгүнкү күндө милицияда алгылыктуу реформа жүрбөй жатат. Милиция кызматкерлеринин укугу тебеленип жатканына күбөбүз. Өз укугун тебелетип койгон милиция кантип башка бирөөлөрдүн укугун коргоп же жакшы иштемек эле? Ошондой абалда турган милициялар эч качан адамдардын укугуна аяр мамиле жасабайт. Тескерисинче, азыркы иштердин аягы тыйылбай улана берет.

Мындай окуя былтыр Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук милициясынын имаратында да катталган. Анда кылмышка шектүү делген жаш жигит бут кийиминин боосуна асынып өлгөн. Ал боюнча Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнөн үч кызматкер жумуштан айдалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG