Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Элчиликтеги теракт: шектүүлөр азайды


Кытайдын Бишкектеги элчилиги
Кытайдын Бишкектеги элчилиги

Кытайдын Бишкектеги элчилигинин имаратын жардырууга шектелген алты адамдын үчөөнүн иши кыскартылды.

Тергөөдө иши кыскарган адамдардын терактка тиешеси жок экендиги аныкталган. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун 4-майдагы кезектеги отурумунда маалымдалды. Эми айыпталып жаткан дагы үч шектүү адамдын жактоочулары да алардын терактка таптакыр тиешеси жок экенин айтып, "түз далилдер жок" деген негиз келтирип жатышат.

Түркиядан келген шектүү акталды

Буга чейин УКМК “Адал Тур” ишканасында эмгектенген 29 жаштагы Мубарак Турганбаевди Кытайдын Бишкектеги элчилигин имаратында болгон терактка тиешеси бар деп келсе, эми бул айыптоолор четке кагылды. Турганбаев өткөн күздө өзүнүн ак экенин далилдөө үчүн атайын Түркиядан келип, тергөө менен ыктыярдуу кызматташкан. УКМКнын тергөө абагында эки ай камалып турган Турганбаевдин иши кыскарып, бүгүнкү күндө ал күбө катары сотто көрсөтмө берүүдө.

Элчиликтеги теракттан кийин. Бишкек. 29-август, 2016-жыл
Элчиликтеги теракттан кийин. Бишкек. 29-август, 2016-жыл

Мубарак Турганбаев менен чогуу “Адал Тур” фирмасынын буга чейин камакка алынган Юлдашев, Мамажанов аттуу кызматкерлеринин иши да кыскарууда. Бул тууралуу 4-майда өткөн сот жараянында Бишкектин Биринчи Май районунун соту Акылбек Субанкулов маалымдады. Ошону менен Кытай элчилигин жардырууга тиешеси бар деп айыпталган адамдардын саны эки эсе азайып, учурда райондук сот Хисмалов, Мансурова жана Абдулажановдун ишин карап жатат.

Айыпталуучулардын адвокаты Курманбек Туйбаев үч адам бошотулгандан кийин, калгандарынын да иши кыскарышы керектигин айтууда.

- Бошоп кеткен үч адам Түркиядан Кыргызстанга 5 миң доллар салган деп, терроризмди каржылаганы үчүн айыпталып жаткан. Бирок алардын иши кандайча кыскарып калганын биз түшүнбөй калдык. Эми болсо азыр соттолуп жаткан үч адамдын экөө Жалал-Абаддан Бишкекке миң доллар алып келгени үчүн терроризмди каржылады деп айтылып жатат. Чындыгында Абдулажанов деген кадимки эле таксист. Ага "акчаны Бишкекке алып барып, Алибек Сатыбаев дегенге берип кой" деген, ошол акчаны жеткиргени үчүн соттолуп жатат.

Теракт уюштуругандар табыла элек

Адвокат Туйбаевдин айтуусунда, акчаны алган Алибек Сатыбаев (Кочкоров) аттуу адам Кытай элчилигин жардырууга түздөн түз күнөөлүү деп саналып жатканы менен, ал Кыргызстандан чыгып кеткен.

УКМК өткөн жылы Кытай элчилигинин имаратында жардыруу болгондон кийин дароо иликтөө иштерин жүргүзүп, жардырууну ишке ашырууга буйрук берген деп саналган кишинин аты-жөнү Сирожиддин Мухтаров (Абу Салох) экендигин маалымдаган. Ал Оштун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынын тургуну экендиги аныкталып, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Жардырууну ишке ашырууга Сузак районунун 45 жаштагы тургуну, Абу Ахмад деген каймана аты бар Бурханидин Жантөрөевдин катышы бар экени айтылган. Ошондой эле Алибек Сатыбаев (Кочкоров) издөөдө жүрөт.

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

Бирок бул адамдар бүгүнкү соттолуп жаткандардын катарында жок. Андыктан түз айыпталуучулар жана тийиштүү далилдер жок болгондон кийин, азыркы учурда жардырууга тиешеси жок адамдар соттолуп кетпеши үчүн тыкыр иликтөө жүрүшү керектигин коопсуздук жаатындагы эксперт Марат Иманкулов айтты:

- Сотто соттолуучулар чындап эле террористтик же экстремисттик уюмга мүчө экендигин тергөө органдары далилдеп бериши керек. Экинчиден, алардын чындап террористтик акт жасоого ниети болгонбу аны да далилдөө зарыл. Ал үчүн соттолуп жаткандардын куралдары болуп, даярдыгы болгонуна далил керек да. Курулай сөз менен соттой берсек, анархия болуп кетет. Бүгүнкү күндө жардыргычты ким даярдады, кантип жеткирди деген суроолор дагы деле ачык болуп, тийиштүү адамдар кармала элек. Ошого байланыштуу жөн адамдын тагдырын талкалабоо үчүн иликтөөнү дыкат жүргүзүү зарыл деп айтам.

Кытай элчилигиндеги жардыруу боюнча сот отурумунда ушул күнгө чейин 23 күбө суралып, алтынчы жолу сот отуруму өтүүдө.

17-майда уланчу сот отурумунда калган күбөлөр келип, көрсөтмө берет. Иш сотто каралып жатканына байланыштуу Башкы прокуратура жана УКМК кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.

Өткөн жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Окуя боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгогон.

УКМК жардырууга буйрутма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөн “Жабхад-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин маалымдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG