Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Бирназаров: Дайынсыз жоголуп кет дешкен


Бишкектеги Кино үйүндө кинорежиссер Темир Бирназаровдун “Кумар” аттуу жаңы тасмасы жабык көрсөтүлдү.

Акылдуу, бийлиги менен байлыгына ишенген, жашы өйдөлөп калган, миң түрдүү ойго баткан мамлекеттик кызматкер. Мөлтүрөгөн сулуу, көп сүйлөбөй табышмактуу сырын ичине каткан жапжаш студент кыз. Экөөнүн ортосундагы бирде ысык, бирде муздак мамиле негедир терең жана бекем.

Коомдо адеп-ахлак төмөндөп, ыйман качканда адамдар ички аңгыраган боштуктан, жалгыздыктан жабыр тартаарын сүрөттөгөн психологиялык драма залда отургандарды терең ойго салды. Бул тасманы аягына чейин чыдап көрүү да, андагы каармандардын ой-санаасын алар менен кошо мээңден өткөрүп, “ушул чын эле бизбизби” деп кабыл алуу да аябай татаал болду. Чыдабай чыгып кеткендер чубалжыган ойдон качкандай. Аягында залдан кетпей, бул тасманын маанисин элге кантип жеткиребиз деген эки сааттык кызуу талкууга катышкандар арбын болду.

Кеңири коомчулукка жарыялана элек жаңы кино тууралуу сөз кийинчерээк болсун, азыр режиссер менен маекти сунуш кылабыз.


- Темир, азыр Кыргызстанда көп эле кино тартылып жатат, кино тарткысы келген жаштар андан көп. Сиз кандайча режиссер болуп калдыңыз? Режиссерлук кесипке кандайча келип калдыңыз?

- Биздин убакта режиссер болуу үчүн окуш керек болчу, тагыраак айтканда, режиссер болуу эмес, камерага жетүү азап эле, ошон үчүн окуш керек эле. Анткени Союздун маалында өзүңөр билгендей, кино тартуу “Кыргызфильмде” гана ишке ашырылчу, ошол жердеги кол жеткис камерага көз карандысың, ал кезде бардыгы пленкага тартылчу. Азыркы убактагыдай фотоаппарат, же жайнаган видеокамералар жок болчу. Бир гана пленкага тарткан киноаппараттар бар болчу. Ошол аппараттарга жетиш үчүн 5 жыл окучубуз. Ал убакта ВГИК (Бүткүл союздук кинематографисттер институту) Москвада гана болчу. Ошол жерге барып окуганга аракет кылчубуз. Ал жерде көбүнчө “идеологиялык жоокерлер” даярдалчу. Ал убакта коммунисттик идеологияны таратууга абдан такшалтып туруп жөнөтчү.

- Сиз ошондой “идеологиялык жоокер” болгуңуз келди беле?

- Жок. Режиссер – акын, сүрөтчү сыяктуу чыгармачыл адам. Акын-жазуучунун окуусу жок, таланттуу болуп туулушу керек. Режиссер болуу дагы ошондой. Режиссерлук бул карандаш, же калем сап сыяктуу эле курал да. Камера - бул ички ой-толгоосун, дүйнөгө, сүйүүгө же өлүмгө болгон жеке көз карашын экранга чагылдыруунун эле формасы.

Художник болсо ал үчүн сүрөт тартат. Мисалы, Актан Арым Кубат кесиби боюнча сүрөтчү. Көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Эрнист Абдыжапаров болсо музыкант. Мен болсо алгач жазып жүрдүм, сүрөт тарттым. Айтор бир форма издедим. Адамдын ичиндеги талант бир форманы издейт.

- Сиз дагы изденип жүрүп, атайын спорт мектебинде, анан сүрөтчүлөр окуу жайында билим алдыңыз. Режиссерлукту кайдан окудуңуз?

- Мен дагы Союздагы болгон режиссерлук курстарга тапшырып жүрүп, акыр аягында Алматыда эксперименталдык курс ачылып, ошол жакка өтүп, жолдуу болдум. Ошол курста окугандардын эң кичүүсү мен болдум. Курска бардыгы жогорку билим менен кабыл алынган.

- Окууну бүтүрүп, дипломго ээ болуу өзүнчө иш. Ал эми кино тартып баштоо аябай машакаттуу иштей сезилет. Кино дүйнөсүнө кирип, өз ордуңду табуу абдан оор болсо керек?

- Албетте, мына биз алты жыл окудук. Станиславскийдин эң бир жакшы “не верю” деген сөзү бар, мисалы сахнада бирөө ойноп жатса ал “ишенбейм” дечү экен. Анын чечмелениши мындай – режиссурада адамдын кыймыл-аракетинен, колунун жаңсоосу аркылуу анын ичинде эмне сезим ойноп жатканын беребиз. Биз анатомияны - адамдын денесинин түзүлүшүн, булчуңдарын окудук, психологияны окудук. Анткени сахнада отуруп, кээде “физика врет” деп айтабыз. Мисалы актер оозу менен “бирөөнү жек көрөм” деп атса, турган турпаты жек көрүүнү көрсөткөн жок. Ошол маалда “физика врет” деп айтылат, бул болсо “ишенбейм” дегенди билдирет. Азыр эми көп кино тартылып жатпайбы. Кино тартуу абдан жеңил болуп калды. Дүкөнгө барып камераны сатып алат. Баягы Союздун маалындагыдай 5-6 жылдап окубайт. Мүмкүнчүлүк абдан көп, болгону талантың болсо тарта бер.

- Мен түшүнгөндөн силердин толкун – Темир Бирназаров, Актан Арым Кубат, Эрнист Абдыжапаров - бизге социалдык-психологиялык кинону тааныштыра баштадыңар. Силердин тарткан тасмалардан мен өзүмдүн замандаштарымдын портреттерин көрөм. Мени менен ишке автобуста чогуу бараткан, же болбосо менин айылымда жашаган, биз өзүбүз көп элес албаган замандаштардын кызыктуу портреттерин табам. Ошондой каармандарды таап, психологиялык кино тартууга кантип келдиңер?

- Эрнист, Актан, мен, Марат Сарулу эң кызыктуу учурда жашап калдык. Сүрөтчү, чыгармачыл адам катары эң кызыктуу учурду башыбыздан өткөрдүк. Бир системадан экинчи системага өтүү, адамдардын псхилогиясы өзгөрүлүп турган эң кызыктуу доорду өттүк. Адамдын ички дүйнөсүндө астын-үстүн болуп, багытыбызды жоготуп койдук да. Мурун коммунизмди курабыз дегендер эми дендароо болуп калышты да. Мурдагы коммунизм курчулар эми эмнени курабыз деп багыты жок эле кызыктай абалда калды.

Кайда баруу керек, эмне кылып жашоо керек, эмнеге ишенүү керек - багыт жоголуп, карайлап калдык да. Мен дагы ошолордун ичинде болчумун. Болгону чыгармачыл адам катары замандаштырымдын баскан-турганы, психологиясынын өзгөргөнүн кармап калууга аракеттендим. Сюжет, окуя эмес, анын ичинде жүргөн адамдардын көз карашы кызык болду. Адам абдан татаал организм го, адамдын акылына дагы, акмактыгында дагы чек жок.

- Айрыкча “Белгисиз маршрутту” көргөндө бул баланча, тиги түкүнчө саясатчы экен деп ажыратып тааныдык. Көзүбүзгө жаш алдык. Туман басып турганда автобустун жарга келип такалганын көргөндө биздин мамлекетибиз жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнүп турдук. Кино Бакиевдин бийлиги тушунда чыкты, кандай кабыл алынды?

- “Ала-Тоо” кинотеатрында кинонун премьерасы болду, бир топ депутаттар келди. Кино “Ала-Тоодо” дагы он беш күн көрсөтүлмөк. Бирок ошол премьерадан кийин эле жаап коюшту. Тагыраак айтканда, кино бир эле жолу көргөзүлдү. Жогортодон басым болдубу, же коркуштубу – ошону менен көргөзүлбөй калды. Бир аздан кийин биз “Манас” кинотеатрында көргөзүүгө аракет жасадык. Бир аз көргөзүлгөндөн кийин эле пираттардын колуна тийип, тасма эл арасына тарап кетти.

- Тасмадагы каарман Бакиев экен, автобустун биринчи айдоочусу Акаев экен дегендер болду. Алар тараптан кандайдыр кысым болгон жокпу?

- Кинонун тегерегинде ар кандай талкуулар көбөйүп кетти, тасма көрсөтүлгөндөн 10 күндөн кийин Асылбек Өзүбеков чалып, “Темир, абайла! Сенин аркаңдан түшүшөт. Интервьюну абайлап бер”, деди. Мен көп деле журналисттерге эч нерсе деген жокмун, эл өзү түшүнгөндөй эле чечмелей беришти. Асылбек байке чалгандан кийин жарым саатка жетпей эле бир жигит келип, “жаңы гезиттен келдим эле” деп диктофонун коюп, суроо бере баштады. “Мен ушул сиздин кино жөнүндө оюңузду билейин дедим эле. Эмне үчүн экинчи айдоочуну ууру кылып койдуңуз?”- деген суроолорду берип калды. Мен ал биздин айылдагы Карыпбай деген байке десем, журналист жигит күлүп койот. Бардык каармандарды сурай берди.

Кийин Жусуп Бакиев атындагы фонддон “Жаныш Салиевичтин жардамчысымын, эртең саат 3кө келиңиз” деп бирөө чалды. Биз болсо өзүбүзчө отуруп алып, талкуулай баштадык. “Кийинки долбоорго акчаны көп сура”, деп тамашалагандар дагы болду. Ошол күнү бирөө гезит алып келип калды, аны окусак, өзүбүздүн эле улуу коллегаларабыз башка ат менен жазып, мени өтө “туздаптыр”. “Мамлекеттин акчасын алып, мамлекет башчыны мындай кылып көрсөткөнү үчүн бул акмакты жоготуу керек” деп жазылыптыр. Гезитти алып келген өзүмдүн теңтушум, ошол кезде Жаныш Бакиевде сүрөтчү болуп иштеп жүргөн. Ал дагы “Акырын, абайла! Бул гезит ошол фонддо жатат, ал жердегилер окуп жатат”, деп акырын эскертти. Ал ортодо “Жаныш Бакиев эки күнгө башка жакка кетип жатат. Сиз болсо эч жакка кетпеңиз”- деген кабар алдым. Ага удаа эле ошолорго өтө жакын бир адам келип калды. Ал иштин чоо-жайын билгенден кийин “телефонуңду өчүр дагы, дайыныңды билгизбей жогол. Алар менен байланышпа!”- деди. Мен болсо көп маани берген жокмун.

Кийин революция болуп, алты-жети ай өткөндөн кийин баягы жигитти көрдүм. Ал болсо мага интервьюга эмнеге келгенинин жандырмагын айтып берди. Көрсө диктофонго жаздырган үндүн баарын Жаныш Бакиевге жеткириптир.

- Тасма негизи бир чоң бейбаштык, тентектиктей кабыл алынган. Ошондой чындыкты издөө позициясы чыгармачыл адамдарда күчтүү болгондо коом үчүн пайдалуу да. Актан Арым өзүңүз билгендей, канчалаган жеме угуп, коомчулуктун сынына кабылды. Ошентсе дагы, аллегориялык-психологиялык портреттер аркылуу коомдогу көрүнүштөрдү көрсөткөнгө аракет кылып жатасыңар. Чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз, кызыктуу тасмаларды күтөбүз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG