Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Текебаев менен Жапаровдун соту жылды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соту 3-майда, «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун соту 30-апрелде өтө турган болду.

10:58 23.4.2019

Митингде Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камалсын, УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев камалсын, мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаева камалсын деген талаптар жаңыра баштады.

11:03 23.4.2019

"Калыстыгын айта албаган президенттен эмнени күтсө болот? Ушул киши шайланып жатканда камалгандарды актап берет деп күткөнбүз. Сооронбай Жээнбеков ойлонсо болмок. Элдин кыжырына тийбесин. Атамбаевдин уяты жок, бүт былыкты баштады. Камалсын Атамбаев!", - деди митингдин катышуучусу Аятхан Абдыкапырова.

11:09 23.4.2019

Каныбек Иманалиев: Соту акыйкат болбогон өлкөгө инвестор келбейт. Бүгүнкү күндө жети сот камалып жатат. Жети эмес, жетимиш сот камалышы керек. Булар бийликтин, Маевскийдин соту болуп калды. Садыр Жапаровдун ишинде жабырлануучу жок. Каптагаев доом жок деп какшап жатат. Андай болсо Садыр Жапаров эмнеге абакта жатат? Бүгүнкү күндө кыргыз парламентаризминин символу, Баш мыйзамдын атасы Текебаевдин абакта жатканы - бул чындыктын абакта жатканы. Чындык камалган өлкөдө акыйкаттык болбойт. Дүйшөнкул Чотонов жигиттик үчүн түрмөдө жатат. Ал кылбаганды кылды деген жигит эмес. Биз сотторго талапты күчөтүшүбүз керек.

11:20 23.4.2019

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG