Экс-депутат Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылды. Мындай чечимди Жогорку соттун соттук коллегиясы өздөрүнө карата адвокаттар ишеним көрсөтпөгөндөн кийин кабыл алды.
Алар ишти башка судья алгандан кийин аны изилдөөгө убакыт керек боло турганын айтты.
Отурумдун башталышында саясатчынын адвокаты Шарабадин Токтосунов соттун курамына, төрагалык кылган судьяга ишеним көрсөткөн эмес. Мурдагы ишти да ушул курам караган. Отурумга Садыр Жапаров өзү алынып келген жок.
«Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кызыл кол чатыр кармаган тарапкерлери Жогорку соттун алдында өтүп жаткан Текебаевди жана Жапаровду колдоо митингине келип кошулду.
Алар Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов бир кишинин буйругу менен камакка алынганы үчүн бошотулушу керектигин айтышууда.
Эски аянтта экс-депутат Садыр Жапаровдун 300-400дөй тарапкерлери аны абактан бошотууну талап кылып жатышкан. Митингди уюштуруучулары чогулгандардын саны жалпы миңден ашканын билдирип жатышат.
Аянттагы митинг