Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Текебаев менен Жапаровдун соту жылды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соту 3-майда, «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун соту 30-апрелде өтө турган болду.

11:55 23.4.2019

11:52 23.4.2019

Аида Салянова: Башка адамдар камалбаш үчүн Европага качса, Өмүрбек Текебаев абактан коркпой Европадан келди. Бийик адамдар кайда болбосун бийик бойдон калат экен. Текебаев ушуга чейин өнүгүү жолдорун айтып келет. Туткун болуп турса бийик образ жаратты. Ак жерден күйгүзгөндөргө эл өкүм чыгарып койгон. Элдин өкүмүнөн өткөн эч нерсе жок. Соттор өкүм чыгарбаса да, ошол эле Атамбаев, Жолдубаева элдин ою боюнча кылмышкер. Урматтуу соттор өйдө жактан буйрук күтүп кереги жок. Бүгүнкү чыккан чечимге ылайык Сооронбай Жээнбеков же элди карайт, же жерди карайт.

11:43 23.4.2019

Алмамбет Шыкмаматов: Текебаев, Жапаров, Чотонов бийликке сын айтканы үчүн, бийликтин өзүмбилемдигин токтоткула дегени үчүн, бийликтеги коррупцияны айтканы үчүн, Кумтөрдөгү маселени ачык айтып, президентти сындаганы үчүн камалып отурат. Биздин бүгүнкү талап сот адилеттигин орнотуу. Президенттен сот реформасын аягына чыгууну талап кылабыз. Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаевге окшогон бийликти кыянаттык менен пайдалангандарга президентке каршы чыккандарды, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн сүйлөгөн адамдарды камаганды токтоткула деп талап кылабыз. Мындан ары бийликке сын айткан үчүн эч ким камалбашы керек. Бийликтин кемчилигин айткан үчүн эч ким жоопко тартылбашы зарыл. Айыл өкмөтүнөн баштап район, облустарга чейин ачык айткан, элдик, демократ адамдар эч качан куугунтукталбашы абзел. Эгерде биз ушул бийликте болуп жаткан көйгөйгө көз жумсак, анда биз соз эркиндигин, демократиябызды өлтүрүп алабыз. Авторитардык системага жол беребиз.

11:31 23.4.2019

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG