Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Текебаев менен Жапаровдун соту жылды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соту 3-майда, «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун соту 30-апрелде өтө турган болду.

11:30 23.4.2019

11:30 23.4.2019

Парламент депутаты Жанар Акаев: "Урматтуу мекендештер, терезеден шыкаалап турган урматтуу эмес соттор! Азыр 99% сотторду жаңылашыбыз керек. Жакында Британияда чыккан "Экономист" деген журнал "Кыргызстан аймактагы эң жакыр өлкөгө айланды. Казакстандын бир жараны тапкан кирешени Кыргызстандын он жараны таппайт" деп жазды. Биздин саясатчылар ичкен коньягын талашып отурат. Саунада жуунасыңбы же үйүңдө тепшиде жуунасаңбы, бизге айырмасы жок. Украинаны карайлы, согушуп аткан, башкалар кол салып жаткан мамлекеттин саясатчылары жогорку маданияттуулугун көргөзүп, 40тын кырынан эми ашкан жигитти шайлап алды. Бизде соттор саясатчыларга иштеп жатат. Соттор силер бийликтен эмес, ушул жерде турган элден коркушуңар керек!".

11:20 23.4.2019

11:09 23.4.2019

Каныбек Иманалиев: Соту акыйкат болбогон өлкөгө инвестор келбейт. Бүгүнкү күндө жети сот камалып жатат. Жети эмес, жетимиш сот камалышы керек. Булар бийликтин, Маевскийдин соту болуп калды. Садыр Жапаровдун ишинде жабырлануучу жок. Каптагаев доом жок деп какшап жатат. Андай болсо Садыр Жапаров эмнеге абакта жатат? Бүгүнкү күндө кыргыз парламентаризминин символу, Баш мыйзамдын атасы Текебаевдин абакта жатканы - бул чындыктын абакта жатканы. Чындык камалган өлкөдө акыйкаттык болбойт. Дүйшөнкул Чотонов жигиттик үчүн түрмөдө жатат. Ал кылбаганды кылды деген жигит эмес. Биз сотторго талапты күчөтүшүбүз керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG