Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:21

Текебаевдин сотунда экс-президент суралды


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун имаратынан чыгып келе жатышат. 21-август, 2019-жыл.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун имаратынан чыгып келе жатышат. 21-август, 2019-жыл.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда экс-президент Роза Отунбаева, Убактылуу Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Эмилбек Каптагаев суралды.

Алар 2010-жылдын 13-май күнү Текебаев менен Чотонов Убактылуу Өкмөттүн жыйынына катышканын, түштүктө абал курчуп кеткенине байланыштуу Чотонов Ошко учуп кеткенин ырасташты. Андан тышкары 2010-жылы Текебаевди кайтарып жүргөн жансакчысы жана «ошол күнү Текеабаевдин жанында болгонбуз» деген адамдар суралды.

26-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда эки саясатчынын иши боюнча соттук отурум уланды. Жараянда Убактылуу Өкмөттүн төрайымы, экс-президент Роза Отунбаева 2010-жылдын май айында өлкөдө саясий абал курч болуп турганын эстеди.

Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлери алгач Бишкекте митинг уюштуруп, аны басууга мүмкүн болгонун айтты. Ал эми 13-майда Бакиевди колдогондор реванш жасап, Ош облустук администрациясын басып алып, Убактылуу Өкмөттүн өкүлү Сооронбай Жээнбековдон бийликти тартып алганын билдирди. Ушундай эле аракеттер Жалал-Абад облусунда да болуп, Убактылуу Өкмөт 13-майда чукул жыйынга чогулганын, ага Текебаев менен Чотонов да катышканын кошумчалады.

Отунбаеванын көрсөтмөсүн Убактылуу Өкмөттүн аппаратын жетектеген саясатчы Эмилбек Каптагаев да ырастады:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

- Ош менен Жалал-Абаддагы кырдаалга байланыштуу 13-май саат 14:00гө Убактылуу Өкмөттүн шашылыш жыйыны дайындалган. Ага Өмүрбек Чиркешович, Дүйшөнкул Чотонов да катышкан. Өмүрбек Чиркешович Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары ал эми Дүйшөнкул Чотонов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу катары жыйында болгон. Ошол чогулушта өтө орчундуу маселелер каралган.

Каптагаевдин сотто берген көрсөтмөсүнө караганда, ал чогулушта мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго түштүктөгү кырдаалды жөнгө салыш үчүн кеңири ыйгарым укук берилип, Убактылуу Өкмөттүн тапшырмасы менен ал Ошко тик учак менен учуп кеткен.

1-октябрдагы соттук отурумда Исмаил Исаков 13-майда Курманакун Матенов, Дүйшөнкул Чотонов, Бакыт Алымбеков жана башка бир топ адамдар менен чогуу кетишкенин, Ошко саат жетилерге жакын барышканын тастыктаган.

Бул көрсөтмөлөрдө түштөн кийинки убакыт тууралуу сөз болуп жатат. Сотто 13-майда Текебаев кайда эмне иш менен алектенип жүргөнү тууралуу суроолор берилди. Бул суроолорго 2010-жылы Өмүрбек Текебаевдин жансакчысы болуп иштеген Нурбек Абдрахманов мындай жооп берди.

- 2010-жылдын 13-майында биз саат 07:30 Өмүрбек Чиркешовичке барганбыз. Саат 08:00дө өкмөткө келдик. Өмүрбек Чиркешович Роза Исаковнанын иш бөлмөсүнө кирди. Андан чыгып саат 10:00лөрдө «Хаят» мейманканасына бардык. Ал жакта 12:00дөргө чейин болуп, кайра өкмөткө келдик. Саат 14:00дөрдө мага Роза Исаковнанын балдары чалып «чукул жыйын болгону жатат, Өмүрбек Чиркешович келсин» дешти. Роза Исаковнанын иш бөлмөсүндө 1 же 1:30 саатай болуп, саат 17:00дө кайра «Хаятка» бардык. Ал жакта 21:00гө чейин болуп, кайра өкмөткө келдик. Ал жакта «түштүктө басып алуу аракеттери болуп жатат» деген сөздөрдөн улам киши көп экен. «Ушундай кырдаалга байланыштуу Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн атып кетет» деген маалымат бар болчу. Биз ал күнү Өкмөт Үйүндө калганбыз.

Өмүрбек Текебаевдин (ортодо) жана Дүйшөнкул Чотоновдун (оңдо) соту. Адвокат Таалайгүл Токтакунова четте.
Өмүрбек Текебаевдин (ортодо) жана Дүйшөнкул Чотоновдун (оңдо) соту. Адвокат Таалайгүл Токтакунова четте.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишинде алар так ушул кеп болуп жаткан 2010-жылдын 13-май күнү орусиялык ишкерлер Леонид Маевский жана Алексей Модин менен жолугушканы белгиленген. Тагыраагы, алар алгач Өкмөт Үйүнүн №306 кабинетинде жолугушуп, сүйлөшүү ошол эле күнү түштөн кийин «Супара» ресторанында уланганы айтылган. Айыпталуучулар болсо алар менен жолукканын төгүндөп келет. Текебаев жана анын жактоочулары №306 кабинет Убактылуу Өкмөттүн башка мүчөсү Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсү болгонун ырастап келатышат.

Эмилбек Каптагаев эки саятсатчыга кылмыш ишин козгоого негиз болгон «Мегаком» компаниясынын айланасындагы иштерге да токтолду. Анын маалыматы боюнча, «Мегакомду» мамлекеттештирүүдө бир топ талаш-тартыш болгон. Ишкананын 49% акциясы Бакиевдерге тиешелүү болгондуктан ал мамлекетке алынган. Ал эми 51% бөлүгүнө башка адамдар ээлик кылгандыктан аны мамлекеттештирүүдө маселе келип чыккан.

Дал ушул мүлк маселеси боюнча экс-президент Роза Отунбаева сотто буларга токтолду:

Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

- Мүлккө тиешелүү иштерге Текебаев кирешкен эмес. Дагы бир эске ала турчу нерсе - Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү мени төрайым кылып коюшуп, бири-бири менен тирешип турушкан. Ар биринде «мен президент болом» деген ой бар экен. Ушинтип бири-бирине карышкырдай карап турушса Текебаев кантип эле баарынан акылдуу болуп, «Мегакомду» алууга күчү жетет эле?

Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөткөн жана эки саясатчыны үй камагына чыгарган.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон. 12-сентябрда ишти кайра кароо башталган.

Маалымат боюнча, ушул күнгө чейин 25ке жакын күбө суралып бүттү. Айыпталуучу тарап дагы 15ке жакын күбөлөрү бар экенин билдирди. Кийинки соттук отурум болсо 11-декабрга жана 20-декабрга дайындалды. Өмүрбек Текебаев сот мындай жүрүш менен кийинки жылга чейин созуларын айтууда:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

- Сот эгерде ушул тейде уланса 2020-жылдын февраль айында бүтүп калышы мүмкүн. Мындан тезирээк болсо болмок. Бирок сот «убактым жок» деп койгонун көрдүңөр. Сотко «биз үчүн убакыт табыңыз» деп айта да албайт экенбиз. Анткени биздин өзгөчө укугубуз жок. Бирок биз камалып жатканда өзгөчө укук болгон. Жумасына беш жолу эртеден кечке чейин сот болчу. Айыптоо тараптын күбөлөрү келген жок. Чамасы алар келбейт окшойт. Биздин сот ишибиз баш-аягы алты айда каралып бүтүшү мүмкүн. Эгерде бул иш экинчи инстанцияда да ушундай эле убакытта каралса - шайлоого чейин менин ишим чечилбейт.

Өмүрбек Текебаев менен анын саясий пикирлеши Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлери «сот ишти атайын создуктуруп жатат» деп, муну аларды 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катыштырбоо аракети катары баалашууда. Ишти карап жаткан судья Айнура Сатарова бул боюнча соттук жараяндын аягында мындай деди:

- Күмөн санап «ишти атайын созуп жатат» деген сөздөрдөн алыс бололу. Бизде өндүрүштө 5-6 чоң кылмыш иштери бар. Ал иштер боюнча 10-15 киши камакта отурат жана иштер жылдап каралып келатат. Ошол себептен туура түшүнгүлө. Ал иштерди кароо тартиби бир жыл мурун эле түзүлгөн.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Жогорку сот 21-августта аларга карата мурда чыккан сот чечимдерин жокко чыгарган. Саясатчылар өздөрү аларга козголгон кылмыш ишин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу болгон деп баалашат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG