Бишкек съездине 400дөн ашык агартуучу катышып жатса, алардын жетимиши КМШ аймагынан келди.
Кыргызстан, Казакстан, Беларус, Орусия, Армения, Түркмөнстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн келген делегаттардын катышуусунда башталган эки күндүк бул жыйында КМШ аймагындагы билим берүү системасын өнүктүрүү багыттары талкууланууда.
Курултайды ачып жатып Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков постсоветтик өлкөлөрдө билим берүүнүн сыналган тажрыйбаларын өркүндөтүп, жалпы билим берүү мейкиндигин түзүү керек экенин белгиледи:
- Бир союздук республикада сыноодон өткөн мыкты методикалар башка республикаларда да таркатылчу. Биз, КМШ өлкөлөрү, дагы да болсо планетада жашаган элдердин эң билимдүү бөлүгүн түзөбүз деп ойлойм.
Сооронбай Жээнбеков курултайда Кыргызстанда билим берүүнүн жаңы стратегиясы кабыл алынып жатканын билдирди:
- Кыргызстанда билимдүү коомдун болушу — айрым адамдардын эле каалоосу эмес, бул мамлекеттик мааниси бар иш. Биздин Конституция боюнча негизги жалпы билим милдеттүү жана акысыз. Мен "Билим берүү системасынын алдына мектеп буга чейин топтолгон билимдерди берүүчү гана жер болбостон, биздин жаш муундар каалаган убакта, каалаган жеринде, өмүр бою жаңы билимдерди ала алгыдай жайга айландырыш үчүн аны кандайча реформалаш керек?" деген маселе койдум.
Жыйында билимди жаңы илимий технологиялар менен айкалыштырып, сапатка умтулуу зарылдыгы тууралуу сөз болду. Жамаатташ жашаган өлкөлөрдүн билим берүү жаатындагы маселелерди чогуу-чаран талкуулап туруу пайдалуу экенин мугалим Бектай Бейсенбаев белгиледи:
- Эгер сиздин кошунаңыздын жашоосу жакшы эмес болсо, ал сизге да терс таасир этет. Демек биз, КМШ өлкөлөрү, коңшу тургандыктан билим берүү тармагы да бири-бирине байланыштуу. Биз бул жолку жыйында КМШ мамлекеттеринин билим берүү системасын чогуу талкуулоо кажет экенин түшүнүп, маселени чечүүнүн жолун карап жатабыз.
Казакстан жакын арада орто билим берүүнү 12 жылга чейин көтөргөнү турат. Курултайда сүйлөгөндөр бул өлкөдө акыркы жылдары билим берүү тармагына каражатты көп бөлүп, окуучуларга англис тилин үйрөтүүгө басым жасап жатканын айтышты.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева КМШ мамлекеттери окутуунун жаңы үлгүсүнө муктаж экенин белгиледи:
- Азыр абал күндөн-күнгө өзгөрүп жатат. Ошондуктан билим берүү системасында да жаңы талаптар пайда болду. Бүгүн башка өлкөдөн келген делегация жетекчилери дагы мезгилге жараша билим берүү багыты дагы сөзсүз өзгөрүшү керек экенин айтты.
Кыргызстандын мурдагы билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова КМШ мамлекеттердин билим берүү жаатындагы кызматташтыкта көңүл бура турган маселелерге токтолду:
- Биздеги билим берүүнүн сапаты чаржайыт болуп жатат. Эгер КМШдагы билим берүүнү карап көрсөк, ал «кардиограммадай» ылдый, өйдө болуп турат. Бирөө алдыга кеткен, бирөө артта калган. Бирдей билим берүү системасын кандай түзө алабыз? Дүйнөлөшүү болуп жатканда өзүбүздүн тарыхты сактап калуу менен кантип өнүгө алабыз - ушуну караш керек болуп турат.
КМШ алкагындагы билим берүү маселелерин талкуулаган Бишкек курултайы 12-октябрда жыйынтыкталып, атайын резолюция кабыл алынат.
Кыргызстан билим берүү тармагына бюджеттен жылына 28 млрд. сомдун тегерегинде каражат бөлөт.