Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:06

ӨКМ: "Адамдарды атайын чөктүрүп жатышат" деген ушак таратылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "WhatsАpp" тиркемеси аркылуу элге жөнөтүлүп жаткан маалыматтар калп экенин билдирди.

27-июлда мекеменин басма кызматы «Ыссык Көлдө суучулдар адамдарды тартып кетип өлтүрүп, ташка байлап коюшат. Издетип жалдаганда саатына өтө көп акча алышат, муну көлдүктөр өздөрү айтып жүрүшөт. 300 адам чөгүп өлдү, анын 72си балдар» деген маалымат таратылып жатканын билдирди.

Буга байланыштуу министрлик Суучулдар кызматы суудагы издөө иштерин бекер жүргүзөрүн билдирди. Ошону менен катар республика аймагында жай мезгилинде 59 адам сууга чөккөнү кабарланды.

XS
SM
MD
LG