“Азаттык”: Парвиз мырза, 27-январь күнү Тажикстандан Бишкекке учуп келген айрым кишилерди чек арачылар Кыргызстанга киргизбей, 4 саатка жакын “Манас” аэропортунда кармап турганы жөнүндө маалымат чыкты эле. Алардын арасында сиз да болгон экенсиз...
Мулложонов: Дүйшөмбү шаарынан учуп келгендердин арасынан тогуз кишини чек ара көзөмөл пунктундагылар бир топко кармап турушту. Учактан түшүп, паспорт текшерүүчү жерге барганыбызда, алар дароо эле тажик жарандары өзүнчө катарга турушу керектигин айтышты. Паспортторубузду топтоп алып, ар бирибизди бирден чакырып текшеришти. Студенттерди тез эле коё беришти. Эл аралык уюмда иштегендерди, саясатка жакын мен сыяктууларды өткөрүшкөн жок. Биз кечки саат жетилерде келгенбиз, бир нече саат кармалып турдук.
“Азаттык”: Өткөрүү-көзөмөл пунктундагылардын силерге карата мамилеси кандай болду?
Мулложонов: Жанымдагы шеригим экөөбүз Бишкекке чыр-чатакты жөнгөрүү боюнча жыйынга катышуу үчүн келгенибизди айтып, тийиштүү документтерди көрсөттүк. Алар бизге "чыр-чатакты эл аралык уюмда иштегендер уюштурат” деп жылмая жооп узатышты. Кармалып жатканыбыздын негизги себебин толук түшүндүрүшпөдү. “Өткөрбөйбүз, биз буга толук укуктуубуз”,- деген гана жооп уктук. Бирок орой мамиле кылышкан жок.
“Азаттык”: Кыргызстанга буга чейин келдиңиз беле? Эгер келсеңиз, мындай жагдайга мурда туш болгонсузбу?
Мулложонов: Кыргызстанга бир нече жолу келгем. Мындай маселеге биринчи жолу тушугуп отурам.
“Азаттык”: Бул 11-январда кыргыз-тажик чек арасында болгон чатак менен байланыштуубу?
Мулложонов: Менимче, ошондой. Анткени, бизге эч кандай расмий түшүндүрмө беришкен жок. Жанымдагы шеригим маселенин чоо-жайын сураганда, жогору жактан ушундай буйрук болгонун айтышыптыр. Студенттерге жана чакыруу аркылуу расмий жолугушууга келгендерге гана өтүүгө уруксат берилерин белгилеп жатышты.
“Азаттык”: Эки апта мурда болгон окуяга байланыштуу кыргыз-тажик чек арасы жабык турат. Маселе азырынча чечиле элек. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сиз саясий серепчи катары кырдаалды жөнгө салуунун кандай жолдорун сунуштайсыз?
Мулложонов: Азыр эки мамлекет тең бир кадамдан артка таштап, терең талдоо жүргүзүшү керек. Бири-бири менен экономикалык-социалдык карым-катышы бар элдин ортосун бууп, чек араны белгисиз мөөнөткө жабуу акылга сыйбайт.
Чек араны бир тараптуу жаап коюу - Кыргызстандын эл аралык коомчулуктагы аброюна доо кетирет. Ооба, Баткендеги чатактан улап өткөрүү пункттарын жаап коюшту. Бирок мында кандай максат бар? Ушул жагы түшүнүксүз.
P.S. 27-январь күнү Дүйшөмбү-Бишкек каттамында учуп келген тажикстандык жарандар “Манас” аба майданында атайын кармалбаганын, документтерди текшерүү жараяны бир азга гана созулганын, мында эч кандай саясий маселе жоктугун мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкан.