Канат Сыдыков учурда 26 жашта. Ал 14 жашынан бери бильярд ойноп келет. Ушул убакытка чейин бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн беш жолу Кыргызстандын чемпиондугун уткан. Ушул эле түрдөн 2012-жылы Бишкекте болгон дүйнө чемпиондугунда коло байгенин ээси болуп эл аралык даражадагы спорт чебери наамын алган.
Учурда Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында ачыла турган бильярд спорту боюнча адистикте билим алууга даярданууда.
- Ар ким өз тармагын өнүктүрөт эмеспи. Ошондуктан мен да өзүм алектенген спорттун түрүн Кыргызстанда өнүктүрүүгө салым кошсом дейм. Окуу жайын бүтүп, жогорку билимге ээ болсок бул тармакка көбүрөөк салым кошо алабыз деп ойлойм.
Канат Сыдыковго окшоп дүйнө чемпиондуктарында байге ээси болушкан кыргызстандыктар арбын. Алардын ичинен чоңдор арасынан Каныбек Сагынбаевдин үч жолу, жаштар арасында Дастан Лепшаковдун бир жолу дүйнө чемпиону болгону учурдагы жогорку жетишкендик болуп саналып келет.
Кыргызстанда бильярддын ышкыбоздору, спорт чеберлери көп болгону менен көпчүлүгүнүн жогорку билими жок. Адистер спортчулардын сабатсыздыгын жоюу менен ийгиликке жетишсе болорун айтышат.
Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында бильярд спорту боюнча адистикти ачууну демилгелегендердин бири, Бишкектеги балдар өспүрүмдөрдүн адистештирилген бильярд спорту мектебинин машыктыруучусу Ильяс Адамовдун билдиришинче, жогорку билимдүү машыктыруучуларды даярдоо учур талабы болууда.
- Мен бильярд ойнойм. Оюнчулардын арасында жүргөндө сабатсыздыктын айынан көп нерселерден кыйналганын байкайм. Алардын көпчүлүгү мелдеш учурунда ачка жүрө беришет. Күчтү кандай жол менен топтош керек экендигин билишпейт. Дене тарбия жана спорт академиясы окуткан физиология, психология өңдүү жалпы билим берүүчү сабактарды окушканда бильярдчылардын билим деңгээли жогорулап, чеберчилиги артып, дагы бир жогорку тепкичке көтөрүлүшмөк. Билимдүү бильярдчы өтө чоң жеңишке жетет деген ойдо ушул демилгени көтөрдүк.
Ильяс Адамов белгилегендей, бильярд спортчу боюнча адистикке окутуу Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстанда биринчилерден болуп ачылууда. Ал кошумчалагандай КМШ өлкөлөрүндө Орусияда, Беларуста жана Украинада бильярд адистерин жогорку окуу жайда окутушат.
Дипломсуз чемпиондор
Кыргызстандын бильярд спорту федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу бильярд спортунан адистерди даярдоо колго алынганы жакшы саамалык деп белгилейт.
- Менимче бильярд Кыргызстанда футбол сыяктуу эле спорттун эң популярдуу түрүнө кирет. Спорт чеберлерин атайын окутуп чыгарсак, чоң жетишкендик болот эле. Мыкты оюнчулар чыгып, Кыргызстандын желеги эл аралык мелдештерде дагы көп желбиреп турмак. Биздин Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө атактуу, миллионер бильярдчылардын жогорку билимдери жок. Алар бильярдды чебер өздөштүрүүнү максат кылып, бул спорттон өзүн көрсөткөнгө аракет кылып жүрүп окубай калышкан. Диплому жок болсо да дүйнө чемпиондору бул окуу жайда студенттерге тажрыйбалары менен бөлүшсө, алар кийинки муунга үйрөтүшөт.
Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынан бильярд спорту боюнча адистикти ачуу үчүн аталган окуу жайдын жетекчилигинен жана окуу методикалык кеңешинен тиешелүү уруксат берүүчү документтер алынып, студенттерди окутуу үчүн керектүү лекциялар жазылып, иш пландары түзүлгөн.
Бул билим берүү мекемесинин педагогика, психология жана спорттун тарыхы кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Абдыхамит Айбалаев абитуриенттер Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгысыз эле норматив тапшырып окууга өтсө болорун айтат.
- Биздин окуу жай адистештирилген окуу жай болгондуктан ЖРТ жыйынтыгынын кереги жок. Бильярддын атайын ойноо техникаларын чебер ойногонун көрсөтүп, баа алып, окууга өтсө болот. Бизде бильярдды коммерциялык кумар оюну сыяктуу эле көрүшөт. Ошону жалпы билим берүү системасына киргизип, иретке келтирүү зарылдыгы бар. Кыргызстанда бильярддын келечеги кең. Кыргызстанда бильярд боюнча эки жолу чоңдор арасында, бир жолу жаштар арасында дүйнө чемпиондугу өткөн. Эл аралык даражадагы спорт чеберлери да арбын. Андай жетишкендиктерге ээ болгонубуз менен атайын адистердин даярдалбай келгени кемчилик болгон. Эми ал маселенин чечилгени жаңы ачылыш болууда.
Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында күндүзгү бөлүмдө окуу төрт жыл, сырттан окуу бөлүмүндө беш жылга созулат. Абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 25-июнда башталат.
Бильярддан адистерди даярдоо негизинен орус бильярдына багытталат. Орус бильярды эркин пирамида, кураштырма пирамида жана динамикалык пирамида деп аталган үч түргө бөлүнөт. Ал эми дүйнөдө популярдуу болгон снукер, пул ж.б. түрлөрүнөн да кошумча лекциялар болуп, жалпы маалыматтар берилип, ойноо техникалары үйрөтүлөт.
Окуу үчүн бир жылдык төлөм күндүзгү бөлүмгө 20 миң сом, сырттан окуу бөлүмүнө 23 миң сомду түзөт. Окутуу талаптагыдай жүрүшү үчүн аз дегенде 10 студент бир группада окушу керек.