Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Спорт: Ошто бильярд, Нарында улак


Кыргызстандын аймактарында спорттун кайсы түрүнө көбүрөөк кызыгышат? Бул суроого "Азаттыктын" апта түрмөгүндө жооп издедик.

Акыркы убакта Нарын облусунун бардык аймагында көкбөрү оюну кеңири кулач жайган. Дээрлик бардык айылда улак тартышат. Оюн кызыгына баткандар намыска жарасын деп жылкынын санын көбөйтүү камында. Теманы кабарчыбыз Мирлан Кадыров улантат.

Баткенде болсо ар бир аш-той, майрамдар күрөшсүз өтпөйт. Таймаштын бул түрүнө билеги күчтүү, шамдагай балбандар гана чыгат. Баткендик балбандар жана алардын ой-мүдөөсүн кабарчыбыз Жеңиш Айдаров тыңдаган.

Манастан калган ордо оюну Талас өрөөнүндө кеңири жайылган. Акыл-ойду өстүрүүгө, ыкчамдыкка, тактыкка үйрөтүүгө багытталган ордо оюнунун өзгөчөлүгү тууралуу Альбина Сулайманова айтып бермекчи.

Ысык-Көл облусунда волейбол оюну кеңири жайылган. Айрыкча элет жеринде топ чапмай салтка айланган. Анткен менен волейбол ышкыбоздору менен машыктыруучулар спорттун бул түрү боюнча атаандаштыкты күчөтө турган мелдештер көп өтпөй, ага кызыгуу азайды деп кабатыр. Көлдүктөрдүн волейболго мамилесин аймактагы кабарчыбыз Асеин Маданбеков байкап көрдү.

Ош шаарындагы бильярд залдарына качан кирбе эл толуп, бир да стол бош эмес экенин көрөсүң. Маал-маалы менен уюштурулган турнирлер бильярд күйөрмандарынын бүйүрүн кызаткан темалардын бири. Жеке ишкерлердин күчү менен өз алдынча өнүгүп жаткан бильярд оюну тууралуу Оштон кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.

Кыргызстандын спорту, массалык спорт жана анын аймактарга мүнөздүү улуттук түрлөрүн өнүктүрүү мамилесине байланышкан “Азаттык” радиосунун суроолоруна Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Алмазбек Касенов жооп берди. Аны кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаева кепке тартты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG